Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн номур биринчи маселе энергетикалык каатчылыкты чечүү болуп турган чагы. Андыктан өлкө башчы Алмазбек Атамбаев акыркы апталардагы иш сапарларын дал ушул маселелерди чечүүгө арнады.
Алгач Казакстанга жол алган ажо эки маселени чечип кайтты. Биринчиси: Казакстан 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын бизге экспорттой турган болду. Экинчиси: жарым жылдай убакыттан бери өткөрүлбөй турган күйүүчү май куюлган вагондорду Кыргызстанга өткөрүүгө казак туугандар макул болуп, анын биринчи партиясы 11-ноябрь күнү Кыргызстанга келди.
Ажонун экинчи расмий иш сапары Түркмөнстанга болду. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга 700 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттоо маселесин карап көрмөй болду. Түркмөнстандын электр энергиясы Кыргызстанга кандай жол менен жеткирилет, же чектеш жайгашкан өлкөлөр менен алмашуу жүрөбү, анысы азырынча айтылбады.
Ажонун Казакстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыктарына токтолгон Нурсултан Назарбаев "Быйыл Кыргызстанга 400 миллион киловатт-саат, кийинки жылы 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын бөлүп берүү боюнча келишимге келдик. Ал эми кыргыз тарап ортобузда болгон макулдашууларга ылайык, 400 миллион киловатт-саат электр энергиясы боюнча сугат суу менен камсыздоого ишендирди",- деди.“Супер-Инфо” өзүнүн иликтөөлөрүндө Кыргызстанда суу тартыштыгы 4-5 жылда бир кайталанып турарын, сууну үнөмдөө азыр эмес, мындан 2 жыл илгери башталса, бүгүнкүдөй каатчылык жаралмак эместигин жазган.
Кыргызстан мындай маселеге биринчи жолу туш болуп отурган жок. Адатта Токтогул суу сактагычындагы сууну электр энергиясын өчүрүү менен үнөмдөчүбүз. Осмонбек Артыкбаев башында турган Энергетика жана өнөр жай министрлиги абалдан чыгуунун башка жолун таппай, балким, издештирбей, кайрадан электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү башталган эле. Атүгүл 3 фазалуу абоненттерди 1 фазага өткөрүү, үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга атайын уруксаты барларды чектөө, айтор, быйылкы кыш кыргызстандыктар үчүн “чектөөлөрдүн маалы” болгону калган. Өлкө башчысы мындай чечимдерди кескин сынга алып, “чектөөлөр, өчүрүүлөр менен биз Кыргызстанды таш дооруна сүйрөйбүз, башка жолун табуу керек” деп чыкты. Ошол эле күнү аталган министрлик башчысы өз арызы менен жумуштан кетти. Парламенттик башкаруу деген менен парламент, ал кураган өкмөт минтип чабал болуп, чечилбей жаткан маселелер боюнча сындар түз эле президентке тийүүдө. Ажо энергетиктердин ордуна минтип чарбалык иштерди өзү аралашып чечүүгө аргасыз. Андыктан сындап эле тим болбой, абалдан чыгуунун жолун да тапты. Кыргызстан сырттан электр энергиясын сатып алмай болду. Буга чейин дипломатиялык иштешүүлөр жолго коюла элек Түркмөнстан менен алака түзүү башталды. Белгилеп өтчү жагдай, кадимки колдонуучуларга, демек, карапайым калкка сырттан кымбат баада сатылып келинип жатканына карабай, электр энергиясы азыркы баада калмакчы. Өкмөт сунуштап жаткан айына 700 киловатт-саат электр энергиясы кадимки күнүмдүк тиричилик үчүн жетет. Эгер абоненттер айына 700 киловатт-саатка чейин колдонсо, ар бир киловатт үчүн 70 тыйындан төлөйт. Ал эми электр энергиясын айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонуп жаткандар болсо хан сарайлардын же өндүрүш ээлери. Калктын бул катмарында электр энергиясына акча төлөөгө мүмкүнчүлүк жетиштүү.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg