“Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Жогорку Кеўештин депутаты Урмат Аманбаеванын үй-мүлкүнө арест коюлду. Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Маалыматка ылайык, “Республика” партиясынын катарында шайланып келген депутаттын үйү, жер тилкеси, мейманканасы, мини-маркети, кафеси жана ичинде үстү жабык бассейни, муз аянтчасы орун алган 2 ден соолукту чыўдоочу комплекси бар.
Аманбаеванын өзү тергөөчүлөргө сурак бере элек, анткени анын ичегисине операция жасалып, учурда Бишкектеги бейтапканалардын биринде дарыланууда. Ага чейин Ош шаарында кардиологиялык борборго жүрөгү ооруп жатканы маалымдалган болчу. Аткаминерлерге, депутаттарга карата кылмыш ишинин козголушу менен алардын капилеттен дартка кабылышы коомчулук үчүн кадыресе көрүнүш, белгилүү сценарий болуп калды.
Эске салсак, Башкы прокуратура депутатка “коррупциялык схема түзүү менен мамлекетке 17 миллион сомдон ашык зыян алып келген” деген айып коюуда.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg