САРИЕВ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫН КАЙРА ИЛИКТӨӨНҮ СУРАНДЫ

Экономика министри Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, банк уячалары боюнча ишти текшертип чыгууну өтүндү.
Министр мамлекет башчыга кайрылуусуна анын жана Бекназаровдун сүйлөшүүсү катары 2010-жылы жарыяланган маалыматтар кайрадан көтөрүлүп жатканы себеп болгондугун айтат. Анда телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан Бекназаров менен Сариевдин үндөрүнө окшош адамдардын экс-президент Бакиевдин жакындарына таандык банкта сакталган акчаны өздөрүнө ыйгарып алуу тууралуу акылдашуусу жазылган.
Сариев бул боюнча Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында өзү тараптан банктагы акчаны менчиктештирип алуу же башка бир мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталганын айтат. Буга катар “мен бул акчаларды өзүмө ыйгарып ала алмак эмесмин. Мындай максатым да жок эле” деп кошумчалайт да, аягында президенттен компетенттүү органдарга банк уячалары боюнча ишти дагы бир ирет текшертип чыгууну өтүнгөн.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Looks
2014-11-24 11:35:52
4 жылда жакшылап тазаладынызда э артынызды.
0
restreppo
2014-11-24 13:52:20
сариев президенттин ХХХ,экинчи матуибраимов акаевдин убагындагы айырмасы жок
0
admin_superstan
2014-11-24 14:39:14
restreppo, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
tairbek.
2014-11-25 16:19:43
ундору окшош эмей эле сариев менен бекназаровдун эле уну тойгончо жеп олгончо карганат деген ушуда
0
aza.bek
2014-11-26 10:34:45
uwul sariev mn tekebaev ka4yp ketse jakwy bolmok. ekoo jok bolso tez ele onugobuz biz
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан