КАНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ИЗИН ЖАШЫРЫП КЕТТИБИ?

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды. 18-ноябрь күнү Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган.
Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен акча талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.
Эске салсак, Өзгөн районунда жашаган Сактан Келдибаев аттуу ишкердин туугандары Канжар Кадыралиев ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан. Анын артынан Абдиматалип Бекташев аттуу адам К.Кадыралиев коркутуу жолу менен анын ижарага алып жүргөн жер тилкесин тартып алганы жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Буга катар 2010-жылы каза тапкан “Чёрный Айбек” лакап аты бар криминалдык авторитет Айбек Мирсидиковдун апасы да милицияга кайрылып, Канжар Кадыралиев анын уулунун 25 жылкысын айдап кетип, акысын бербей койгону боюнча арызданган. Прокуратура кызматкеринин дарегине түшүп жаткан мындай арыздар “Ошто кримчөйрө менен бийлик аралашып кетти” деген сөздө чындык бар экенин айгинелейт.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kenje7777777
2014-11-24 15:00:10
Чон соройлор айласы кетсе черныйга айланышат
+1
monchok
2014-11-24 15:13:52
Шиши толуп жарылайын деп калыптыр
+1
arzumat
2014-11-24 19:27:09
карга карганын козун чукбайт да.буга тан калбайбыз. кылмышкерди атайлап эле качырып атышпайбы. бийликтегилер баары эле канжар кыдралиевке окшой да.пай пай кыргыз момун элим озунорду озунор бек болгула.мен да силердин катарынарда тынч болойун
+1
mani
2014-11-24 20:13:31
Анан эмне болуптур? Или эмне болот экен?
0
Lega_kg
2014-11-24 22:21:16
Эмне болот эле ошончо элдин мал мулкун тоноп кетиптир чет олкодо эс алып журот да
+1
belka
2014-11-25 01:38:41
Тропиктик олкодо эстонский алып жаткандыр.
-1
belka
2014-11-25 01:39:38
Тропиктик олкодо эс алып жаткандыр.
+1
aza.bek
2014-11-26 10:37:43
myna saga SDPK nyn kadrlary
0
Ainura_kg85
2014-11-28 10:51:26
Элдерди алдап эле издоо салабыз деп калп эле издебей, колго тушурдук деп маалымат беришсе болот. Ошондо да эч ким ишенбейт анткени чиновниктердин оозун эки жылкынын майы менен майлап коет. Суттон ак журо берет. Же жалганбы...
0
Ainura_kg85
2014-11-28 10:52:35
Элдерди алдап эле издоо салабыз деп калп эле издебей, колго тушурдук деп маалымат беришсе болот. Ошондо да эч ким ишенбейт анткени чиновниктердин оозун эки жылкынын майы менен майлап коет. Суттон ак журо берет. Же жалганбы...
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан