Жеңиш Майрамбек уулу, «тамашоучу»: «СҮЙҮКТҮҮҢӨ КЫЗЫГЫҢ ТАРАГАНЧА ҮЙЛӨНҮҮ КЕРЕК ЭКЕН»

«Тамашоу» көптөгөн таланттуу окуучуларды таптап, туурунан учурганын билебиз. Аталган мектепте тарбияланган оюнчуларды азыр көп тасмалардан кезиктирүүгө болот. Ошолордун арасында дайыма жүдөө, арык баланын образын келиштире аткарган бир жигит бар. Ал – Жеңиш Майрамбек уулу.

– Кандайсың, Жеңиш? Сен ойногон «Моника Беллуччи» командасы «Тамашоунун» 5-сезонун жеңип, долбоордон кеттиңер эле, андан аркы чыгармачылык жолуңар кандай уланды?
– Саламатсыздарбы? Ооба, эки жыл мурун 5-сезонду жеңип, максатыбызга жеткенбиз. Бирок командадагы балдар андан ары эмне кыларыбызды билбей калдык. Бири жеке иш, экинчиси окуусу менен алек болуп, үчүнчүсү үйлөнүп, айтор, четинен чачырап кеттик. Арасынан чыгармачылыкты улантабыз деп тырышкан Бакыт Осмонканов экөөбүз эле калдык окшойт. Майда-чүйдө долбоорлорго сунуштар түшүп жатты, ошолор менен алек болдук. Кинолорго сценарий жаздык, кыскасы, бекер отурган жокпуз, дайыма чыгармачылык изденүүнүн үстүндө жүрдүк. Москва деле бир күндө курулган эмес, «кыбыраган кыр ашат» дейт го, акырындан кыймылдап жатабыз, шашып кайда бармак элек.

– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын жаратуучусу Руслан Акундун «Герой моей девушки» тасмасына тартылыпсың...
– Ооба, ушул жылдын башында Эрмек байке (ред. Нурбаев) Бакыт экөөбүздү чакырып, «киного сценарий жазбайсыңарбы?» деп калды. Сүйүнүп эле макул болгонбуз, сценарийди бир айда жазып бүтүп көрсөтсөк, Эрмек байке жаратты. Тартыла турган фильмге да өзүбүз тартылып калабыз деп ойлогон эмеспиз. Капысынан эле Эрмек байке өзүңөр ойноп көрбөйсүңөрбү деп калды. Ошентип эле тартылып калдык.
Кинодогу өнөктөшүм казак актрисасы Алия Телебарисова «Жаужурек мың бала» тасмасына тартылган. Башында бой көтөргөн, өзүн кыйын сезген кыз болуш керек деп ойлогом. Жок, абдан жөнөкөй экен, бат эле тил табышып кеттик. Ал эми Руслан Акун башында сүрдүү көрүнүп жаткан, кийин ага бат эле жагалданып эркелеп алдым. Мен жүдөө, багы жок, далдактаган, жашоодо баарына оңой жетүүнү көздөгөн Тилек деген башкы каармандын ролун аткардым.

– Сен «Тамашоудо» да арык, жүдөө баланын образын аткарып элге таанылгансың, ушул образ сага байланып калат деп коркпойсуңбу?
– Жок, образга байланып калам деп коркпойм. Анткени мени тааныгандар, жакындарым менин кандай экенимди билишет. Бул нерсе юмордун бир теориясы да. Кийинчерээк бул образды унуткарыш үчүн мындан да күчтүү, мени такыр башка өңүттө ачып бере турганын издеп табабыз. Бирок өзүм элди күлдүрүп жүргөнгөбү, мени көпчүлүк комедия жанрындагы кинолордон көрүүнү каалашат.

– Олуттуу драма же мелодрама жанрындагы кинолорго тартылгың келеби?
– Жашоодо өзүм ошондой адаммын. Эгер олуттуу каармандын ролун аткарсам, өзүмдү-өзүм ойногон болот элем.

– «Тамашоунун» жарым чейрек финалдык оюндарында калыстык кылып отурдуң, калыс болгон кандай экен?
– Башында Эрмек байке «калыс болуп отурасың» дегенде чынында жакшы элестете албай койдум эле. Өзүң сахнада ойноп жүрүп эле калыс болуп калсаң, кызыктай болот экенсиң. Толкундандым, кабатыр болдум, сахнадагы оюнчулардын абалынан өзүмдү көрдүм, ошон үчүн бардык командаларга жогору баа койдум.

– «Тамашоунун» жаңы курамындагы оюнчуларына кандай баа бересиң?
– Учурда «Тамашоудо» «кан алмашып жаткан» убак. Жаңы курамдагы оюнчуларга өзүн көрсөткөнгө убакыт беришибиз керек. Анткени аларда үлгү ала турган мектеп түптөлгөн. Ал эми биздин курам ойноп жүргөндө үлгү ала турган эч ким жок болчу. Бирибиз орус КВНинен, экинчибиз өзү ойлоп тапкан тамашаларды чаптап, жамап отуруп ойночубуз. Жаңы идея, сергек мээ менен келген жаштар «Тамашоунун» популярдуулугун мындан да арттырат деген тилек бар.

– Көпчүлүккө таанылып калдың, атактуулуктун пайдасын көрүп, даамын татып жатасыңбы?
– Мага атактуулук жагат же жакпайт деп айта албайм. Көчөдө эл катары кенен-кесир жүргөн эле жагат. Кээ бир кесиптештеримдин өзгөргөнүн көрүп аябай таң калам. Миң атактуу болсом да антип өзгөрө албасам керек, анткени жөнөкөйлүк каныма сиңип калган.
Бир жолу МАИчиге кармалып калып, эл катары эле «кечирип коюңузчу, байке, шашып жаттым эле» деп калптарды жаадырып жаткам. МАИчи «уялбайсыңбы, иним, өзүң белгилүү эле адам болсоң» деп уяткарып койбодубу. Мени таанып калат деп ойлобоптурмун деле.

– Жеке фронтто иштер кандай, бирөө-жарым барбы?
– Жеке фронт азырынча тынч. Менден улуу байкем «үйлөнө бер» деп жол ачып берген. Буюрса, 25 жашымда үйлөнсөм керек. Анан да үйдө жалаң эркектербиз. Үч эркек, атам менен төртөөбүз. Кээде «апамдын гареминдеги эркектербиз» деп тамашалап калам. Апам келиндүү болсо өз кызындай эле жакын көрмөк.

– Мурунку берген интервьюңда сүйлөшкөн кызым бар дедиң эле...
– Аны менен жылдызыбыз келишпей калды. Кыз-жигит болуп көп жыл сүйлөшүп жүрсөң ал нерсе кээде мамилени бекемдебей эле, бузуп баштайт тура. Ошон үчүн созуп жүрө бербей, мамиле гүлдөп, толкуп-ташкан убакта, сүйүктүүңө кызыгың тарай электе үйлөнүп алыш керек экен.

– Сага кызыккан кыздар көп эле болуш керек?
– Кыздардын көңүл борборундагы жигитмин деп айта албайм. Тийишип же таанышкысы келген кыздарды деле байкаган жокмун. Адамдар ар кандайбыз. Кыздар «Тамашоудогу» байке, биз менен сүрөткө түшүп коюңузчу?» деп суранышат. Сүрөткө түшүп жатсаң өтүп бараткан бирөө «ким бул өзү? Өзүн жылдыз сезип алдыбы?» деп кайра маанайды түшүрөт. Кадимкидей ыңгайсыз болосуң.

– Калтыра албай жүргөн кандай адаттарың бар?
– Абдан уйкучумун. Мени үйдө иним эле ойгото алат. Анда да аябай дүрбөлөңгө салып, суук кабар айткандай ойготот. Көзүмдү ушалаган бойдон кантип турганымды билбей калам. Кээде съёмкада болуп күнүнө 3 саат уктап калсам, үйдөгүлөргө кадимкидей милдет кылам.

– Чыгармачылыктын артынан кандай материалдык байлык арттырдың?
– 2006-жылы орус КВНинде ойноп жүрүп күлкү ааламы менен таанышкам. Андан бери 8 жыл болуптур. Эң башкысы, өзүм сүйгөн кесипти таптым. Жакшы көргөн ишиңди кылып, ал үчүн акча да төлөсө, мындан өткөн бакыт жок экен.

– Маегиңе рахмат. Мындан ары да ийгиликтерди жарата бер.

"Моника Беллуччи" командасы тарагандан кийин балдар мындан ары эмне кыларыбызды билбей калдык".

"Руслан Акун башында аябай сүрдүү көрүнүп жаткан, кийин ага бат эле эркелеп алдым".

"Герой моей девушки" тасмасындагы актёрлор менен жакшы достордон болуп калдык".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоучу" Жеңиш: "Жок дей албаган мүнөзүмдөн жапа чегем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Zamknutaya92
2014-11-24 09:21:25
Жонокой жигит экен. Онорун оркундой берсин.
0
restreppo
2014-11-24 14:00:28
тамашоучу деген жаны кесип чыкты окшойт бизде да
+3
Jamalym
2014-11-24 15:21:11
Чыгармачылык ийгилик!
0
paradise1191
2014-11-24 18:30:57
чыгармачылык ийгилик! бир гана ушул оюнчу жагат тамашоудон.
0
Nuraiym.marasilova
2014-11-25 04:09:12
jonokoi,jakshinakai bala eken =) chigarmachil iygilik kaalaym!
0
Diana92kg
2014-11-25 15:21:08
ааайй жаман жагат да ушул бала! ийгилик!!!))))
0
Patrik
2014-11-25 16:15:06
Менин кумирим го Жениш мырза. Бар болунуз!
0
admin_superstan
2014-11-25 16:49:07
Kiyalka, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
koiluev-m
2014-11-25 17:53:26
ммм жскшы бада
0
gulmira.kamchybekova
2014-11-28 04:12:08
Чыгармачылык ийгилик, аябай жакшы бала экен.
0
belka
2014-11-29 02:32:38
Эрмек Нурбаев менен эле Азамат Исмаиловду тааныйт экем.
0
Kumush_94
2014-11-30 15:17:23
Жениш байке абббдан жагат да, актердук чеберчилиги эн сонун!!! бир гана ИЙГИЛИК!!!
0
Gulya141091
2014-11-30 19:25:36
Азаматсын жениш ийгилик кудайым жылмайтканга да убакыт берген элди кулдуруп журо бер бар бол ооруба кулгонго жеткирсин азаматсын
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан