14-ноябрда Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкерине ок атылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери кылмышкер чыгарган октон жаракат алып, ошол жерден мерт кеткен кесиптешинин жансыз денесин табышкан.
КЫЛМЫШКЕР ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРГӨН
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Мырзабек Токтосуновдун берген маалыматы боюнча, кылмышкер Александр Сояпин мурда Кылмыш жана жаза кодексинин 241-беренеси (ок атылуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жасалгаларды мыйзамсыз сатуу, сатып алуу, берүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен соттолуп, жатак-абагына киргизилген. Акыркы эки айдан бери дарегин билдирбей жүргөн ага 6-ноябрда издөө жарыяланып, милиция кызматкерлери анын үйүнө барышат. 3 баласы менен жашаган кылмышкердин аялы аны менен ажырашып кеткенин айтып, бирок анда-санда балдарына келип турарын билдирген. Укук коргоо кызматкерлери келип калса кабарлап коюшун өтүнүп кетишет.
14-ноябрь күнү Сояпиндин аялы милицияга чалып, «Күйөөм келди, мас экен. Терезелерди тарсылдатып, тынчымды алып жатат» деген. Эки милиция кызматкери дарек боюнча барганда, кылмышкер кошунасынын дубалын ашып өтүп, Шорин туюк көчөсүн көздөй качып кетет. Каза тапкан Бакай Сыдыгалиев дубалдан ашып өтүп, аркасынан барган. Кошунасынын дарбазасы бек болуп, короодон чыга албай калган Сояпин милиция кызматкерин көздөй ок чыгарган.
«СЕНИ ДА АТЫП ТАШТАЙМ ДЕСЕМ КАЧЫП КЕТКЕН»
Мындан кийинки окуянын кандай болгонун кылмышкердин көрсөтмөсү менен берүүнү туура көрдүк. Александр Сояпин «өлгөн милиция кызматкеринин шеригин өзүмдүн короомо келгенде жолуктурдум» деп жатат. Ал эми кошо барган Бакай Сыдыгалиевдин шериги Сояпиндин аялынын жанында калып, балдары коркуп кетпесин деп ок чыгарган эместигин айткан: – Окуя болгон күнү үйгө барып, балдарды көрөйүн дегем. Аялым милиция чакырып коюптур. Мен үйдүн артындагы кошунанын дубалын ашып качтым. Артымдан бир милиция кызматкери кубалап келди. Мени бутка атып жаракат келтирген соң мен да аны аттым. Ал жыгылып калганда жанына келип дагы бир ирет башка аттым. Кошунанын дарбазасы бек болгондуктан кайра өзүмдүн короомо секирип өттүм. Келсем дагы бир милиция кызматкери бар экен. Мен ага «сени да атып таштайм, тынч эле жолуңа түшүп кете бер» дедим. Ал качып кетип калган соң кошунамдыкына дубалынан ашып кирип бардым.
Учурда Александр Сояпиндин кошунасы, 64 жаштагы Мезина Наталья дагы тергөө абагында. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 339-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча иш козголгон:
– Александр ошол күнү оң бутунан ылдый кан агып, аксап кирип келди. «Аялым менен уруша кетсем, милиция чакырып коюптур. Мени бир жерге жашыра тур» деди. Колундагы куралын «катып кой» деп берди. Мен аны сүлгүгө ороп сарайга катып койдум. Өзү болсо үйдүн жер төлөсүнө кирип, жашынып алды. Көп өтпөй он чакты милиция кызматкерлери келди да, жер төлөгө түтүн чыгуучу заттарды ыргытып, анан кармап чыгышты.
"Кылмышкер мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү, сатуу же колдонуу кылмышы менен соттолсо, эмнеге эркиндикте жүргөн?" деген суроо баарыбызда жаралса керек. Буга жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Элеонора Сабатаровага кайрылдык.
«ЖАТАК-АБАГЫ ЖАБЫК ЭМЕС МЕКЕМЕ»
– №32-жатак-абагы жабык эмес мекеме. Бул жакка алгачкы жолу соттолуп жаткан кылмышкерлер абак режимине адаптация болгуча камакка алынат. Жатак-абакта жазасын өтөп жаткандар иштеп, кадимкидей эле эркиндикте жашап жүрө беришет. Бирок көзөмөлдө болуусу шарт. Сояпин октябрь айына чейин кайсы жакта эмне тиричилик кылып жүргөнүн, дарегин белгилетип кетүүдөн баш тартып жүргөн. Мындай жагдайда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ИИМге кылмышкерди издөөгө алуусун айтып кайрылуу жасайт.
"МАРКУМДУН АРТЫНДА ЭКИ УУЛУ КАЛДЫ"
Сөөк коюлгандын эртеси Бакай Сыдыгалиевдин үйүнө барып куран түшүрдүк. Эки небересин жетелеп, уулунан калган туяктарды жаштуу көзү менен тиктеген маркумдун атасы Нурлан Сыдыгалиев күйүтүн сөз менен айтып жеткизе алгыс абалда эле. Ал ортодо маркумдун агасы МЕДЕРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ күйүтүн айтып өттү:– Бакай балдардын эң улуусу болгондуктан, 19 жашында эле үйлөнүп алган. Ошенткени жакшы болуптур. Кеч үйлөнсө, балким, бул эки чүрпөсүнүн жытын да жыттабай калат беле? Артында 2-класс жана 4 жаштагы эки уулу калды.
Кырсыкты интернеттен окудук. Ар бир эле ата-эне «сөөгүмдү сыртта калтырбай, жерге жашыра турган уул болсун» деп уулду жаратат экен. Анан, тескерисинче, жаш баланы жерге берип калыш ата-эне үчүн кандай азап экени айтпаса да белгилүү.
Кылмышкердин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 340-беренесинин (Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул окуядан улам дагы бир жолу судьялар корпусунун короосуна таш ыргытууга себеп болуп, соттордун шектүү өкүм чыгаруусу боюнча коңгуроо кагылды. Ички иштер министри Мелис Турганбаев милиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоодо куралчан болсо, аны түз эле атууга уруксат берүүгө чейин жетти. Эске салсак, Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында дарыланышы керек болгон, кылмышкерлер Боом капчыгайында эки милиция кызматкерин атып салып, качып кетишкен болчу. Анын бири алган жараатынан улам көз жумган.
Абакта же психиатриялык ооруканада дарыланууда жатышы керек болгон кылмышкерлердин эркиндикте жүрүшү, кайрадан коркунучтуу кылмыштарга барышы Кыргызстанда акыркы жылдары көп катталууда.
Укук коргоо органдары, прокуратура, судьялардын корпусу, Жаза аткаруу кызматы, дегеле кылмыш ишинин тегерегинде жүргөн мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батканынын айынан да жогорудагыдай окуялар келип чыгып жатат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg