17-ноябрь күнү Спорт Ордосунун артында Анжеликанын машинасынын айнегин сындырып, буюмдарын уурдап кетишкен. Анжелика машинасын токтотуп, Нурлан Насипти концерти менен куттуктап чыккычакты эле ушул окуяга туш болгонун айтат. Ырчы дароо милиция кызматкерлерине чалган.
“Менин 3 жылдан бери алмаштырбай айдап жүргөн машинамдын терезесин талкалашыптыр. Ичинде сумкада телефон, косметика, майда-чүйдөлөрүм бар болчу. Ошондой эле чет жактан алып келген чач жасалгалоочу шаймандарымды да көтөрүп кетишиптир. Жакындарым “душманыӊ жасады” деп жатышат. Менимче, муну душмандар эмес, уурулар жасаган. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери эч кандай илинчек таба алышкан жок. Атүгүл бармак издери да калбаптыр. Ошондуктан арыз деле жазбадым,- дейт кейиген ырчы.