“KG club” командасында ойногон КВНчи Акимжан Карасаев Орусиянын ТНТ телеканалындагы “Comedy Баттл” юмордук долбооруна көптөн бери катышып келет. Анан да сүйүндүргөнү, мекендешибиз белгилүү долбоордун калыстары Сергей Светлаков, Гарик Мартиросян, Семён Слепаковдорго жагып, долбоордун финалына чыкты. Бул тууралуу Акимжан: “Аталган долбоордо күчтүү катышуучулар болду. Финалга жолдомо алганда таӊ калдым десем калп айткан болом, мен нес болуп, эмне болуп жатканын түшүнө албай калдым. Съёмка бүткөндөн кийин гана өзүмө келип кубандым. Аталган долбоорду жеӊген адам Москвадан батирге ээ болуп, эӊ башкысы, “Comedy club” долбоорунун резиденти болууга мүмкүнчүлүк алат. Финал жаӊы жылга жакын болот, ошондуктан татыктуу оюн көрсөтүүгө даярдык көрүп жатам”,- дейт.
Орусиянын белгилүү күлкү жаратуучуларынын көӊүлүнөн түнөк алып келаткан Акимжан менен болгон кызыктуу баянды кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.