Бир жерде көпкө отуруп иштеген кыз-келиндер, төрөттөн кийин ичи чыгып калган айымдар, жадакалса мырзалар да чыгып калган курсагынан кантип арылам деп баш оорутат эмеспи. Ырчы Анжелика бардык айымдар жана мырзалар үчүн үй шартында кантип ичти киргизүү керектигин көргөзүп бермекчи. Кошумчалай кетсек, бул көнүгүү тулку бойду түздөгөнгө да жардамы чоң.
КУРСАКТЫ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КҮНҮГӨ БЕШ МҮНӨТ ГАНА КЕРЕК
Албетте, тез арада ойдогудай арыктоо көпчүлүк айымдар үчүн жомоктой сезилет. Япон дарыгери Фукуцудзи 10 жыл мурун ашыкча салмактан жабыркагандар үчүн атайын көнүгүү ойлоп тапкан. Бул көнүгүүнү үзбөй жасаган адамдар арыктап гана тим болбостон, сөөктөрдүн туура калыптануусуна жардам берерин белгилешкен. Эртели-кеч бир жерде отуруп иштегендерге, кара жумуш жасагандарга, айдоочуларга бул көнүгүү сөөктөрдүн түз, туура калыптануусу үчүн керек болсо, ашыкча салмактан жабыркап, ичти киргизем дегендерге да мыкты жардамчы болмокчу. Көнүгүү эң оңой, көп убакытты да талап кылбайт. Ал үчүн бизге сүлгү, жип жана күнүгө 5 мүнөт гана убакыт керектелет.
БЛИЦ-МАЕК
– Анжелика, эки кыздын энеси экениңди баарыбыз билебиз. Ошого карабай мыкты келбетке ээсиң. Келбеттүү болуунун сырлары менен бөлүшө кетсең.
– Ар бир айым өзүнүн аял экенин унутпашы керек. Төрөгөндөн кийин бала менен убара болуп, өзүбүзгө көңүл бөлө албай калабыз. Кээ бир айымдар «толуп кеттим, кийимиме батпай калдым» деп депрессияга түшүп калышат. Мен эки кызымды тең бир жашка чейин эмиздим. Бала эмизип жүргөндө канча болсо жей берчүмүн, анткени балага сүт аркылуу витаминдерди берип турушубуз керек. Эмчектен чыгаргандан баштап аял өзүнө кам көрүүнү башташ керек.
– Эл арасында кесарево жолу менен төрөгөн аялзатынын ичи кирбей калат деп айтылып жүрөт...
– Ал болбогон эле шылтоо. Мен эки кызымды тең кесарево жолу менен төрөгөм. Төрт айга чейин ичимди байлаган да эмесмин. Анткени аллергия болуп, кесилген жердин бүтүшү көпкө созулган. Качан гана кызым экөөбүз тыңып калганда ичти тартууну ойлоп, ар кандай көнүгүүлөрдү жасай баштагам. Албетте, адамдын генинен да болушу мүмкүн. Бирок ар бир аял скульптор сыяктуу өзүнүн ашыкча жерлерин коррекциялап турушу зарыл.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg