КҮЙӨӨ БАЛАСЫ КАЙЫН ЭЖЕСИН ЗОРДУКТАГАНЫН МОЮНУНА АЛДЫ

Эркектер арасында "эпчил болсоң эжесинин да эбин табасың" деген тамашалуу сөз бар. Арабызда бул сөздү "чын" ойлоп алгандар да бар экен. Буга жакындаэле болуп өткөн окуя далил болду.

Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Чүй обулусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу айылынын 33 жаштагы Калипа (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызында ал 6-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында бир тууган сиңдисинин күйөөсү, тагыраак айтканда, күйөө баласы күч колдонуп зордуктап койгондугун айткан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип 34 жаштагы Алтынбек аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Ал кайын эжесин зордуктаганын моюнуна алып, учурда тергөө абагында.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Айбек Арзиматовдун айтымында шектүүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (адамды күч колдонуп зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал мурда соттолгон эмес.

«КАЙЫН ЭЖЕМ ЭКӨӨБҮЗ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ КОШУЛУП ЖҮРГӨНБҮЗ»
Кылмышка шектүү тергөө учурунда төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү берген:
– Келинчегим Москвада иштейт. Экөөбүздүн ортобузда 2 бала бар. 6-ноябрь күнү кайын эжемди үйгө алып келдим. Жаман оюм жок болчу, конок болуп кетсин дегем. Отуруп арак ичтим, ал болсо ичкен жок. Аягында мастыгымдын айынан ушул окуя болуп кетти. Негизи кайын эжем экөөбүз 10 жылдан бери эле кошулуп жүргөнбүз. Ал күнү деле күчкө салып зордуктаган эмесмин, эки тараптын каалоосу менен болгон. Эртеси эле милицияга арызданып коюптур. Азыр кылган ишиме аябай өкүнүп жатам. Бардыгынан кечирим сурайм.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Akmatov1990
2014-11-28 13:46:53
кунажын козун сузбосо бука жибин узмок беле деген соз барго элибизде. эжеси да созатып коз кысса керек да. баштагы жатышка окшобой ойу ордунан чыкпай калып арыз жазса керек да.
0
bopos
2014-11-28 14:07:48
кайнэжесинде да бар окшойт го.куноо эки жакта тен болуш керек.ыймандуу бололу баарыбыз.
0
Elmira86
2014-11-28 15:27:14
Azyr tan kalyynyn keregi jok
0
begim12
2014-11-28 16:07:06
Лолунун эркеги болуп аялынды Москвага жонотуп озун жыргап журупсунда бети жок уялбай дагы 10 жылдан бери кошулуп жургонбуз деп ариет намыс деген олгон экен сенде кайнежеси да бир акылы жок жинди синдисинин эри менен кошулуп жургон
0
Lenovo.A325
2014-11-28 20:21:54
begim12, созундун аягында озуно келип калгансын! begim 12
0
supe.rjigit1
2014-11-28 22:10:28
Кара жорго сатып алып ичсенер озунор кайын эженерге кара жорго тушуп бересинер ха ха
0
umka87
2014-11-28 23:28:21
кудай ыйман берсин баарына
0
kubzero
2014-11-29 14:33:09
Кунажын козун сузбосо, бука жибин кантип жибин узбосун дегендей да.
0
Mir94
2014-11-29 15:42:17
Ошондой эле олуп баратсан тее кочодогу кыздарга барбайсынбы,кайнежене секирбей ынсап берсин.
0
maks1508
2014-11-30 17:59:11
Кызык экенго
0
asiia03
2014-11-30 18:10:20
Emnege barbait kaineje sindisinin uiuno? Sindisi jok bolso jeenderine dele barat da, anyn dele oiuna kelbese kerek kuioo balasu sekireerin. Baikush sindisi emene boldu ai ui-biloo bagam dep jyrso kuioosu mintip. Degi ele uiman bersin.
0
Gulya141091
2014-11-30 19:57:04
Тообо кылдым оо Аалахым эй эмне деген маскарапоздук эмнелерди угуп жатабыз туугандар кыргыздар жалпы эле элдер эмне деген шумдук тообо
0
STARS-BOYS88
2014-11-30 20:55:34
болуп турат мындай нерселер.))) мен деле балдызым менен суйуу кумарына батып эле журом го
+1
nurgiz91
2014-11-30 22:36:05
ен туура емес такыр еле уят сыйтты билбеген ХХХ.
0
admin_media
2014-12-01 09:24:43
nurgiz91,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
Nur45
2015-01-22 18:39:07
Шамал болбосо- теректин башы кыймылдабайт
0
i_see_you
2015-04-21 00:23:20
Жаман ишти кылган турбайбы
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан