ЭНЕ 8 АЙЛЫК БАЛАСЫНЫН ӨЛҮГҮН КӨЧӨГӨ ТАШТАП САЛГАН

3-ноябрь күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан чиркөөнүн жанынан ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери чоңоюп эле калган, уул баланын жансыз денесин спорттук сумканын ичинен көрүшкөн.

«БАЛАМДЫ КӨМГӨНГӨ ШАРТ ЖОК»
Маалыматтар боюнча наристе европа түспөлүндө экени жана төрөлгөнүнө 8 ай болгонун соттук-биологиялык экспертиза аныктаган. Көп узабай 29 жаштагы «күкүк эне» Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринен табылып, ал тергөө учурунда кылганын мындайча түшүндүргөн:
– Жашоо шартым начар. Диманы (каза болгон 8 айлык баласы) 3-мартта Сокулук райондук төрөт үйүнөн төрөгөм. Атасы кайда экенин билбейм. Угушумча, соттолуп кетиптир. Балам ооруп каза болуп калды. Адамча ырымдап жерге бергенге шартым жок болгондуктан сумкага салып Бишкекке жөнөдүм. Көпчүлүк жүргөн жерге алып барып, алысыраак таштасам изим билинбей калабы дегем. Өкүнүп жатам, 8 айына чейин жакшы эле аракет кылып чоңойтком.

«6 ЖАШАР КЫЗЫН МАМЛЕКЕТ КАМКОРДУККА АЛАТ»
Окуя боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ баласын таштап кеткен аялдын үйүндө шарт өтө начар экенин айтат:
– Милиция кызматкерлери Сокулукка, 8 айлык баланын энесинин үйүнө барганда өтө начар шартты көрүшкөн. Анын 6 жаштагы дагы бир кызы болгон. Аял өзү селсаяк катары эле күн кечирип келген. Ичкиликке берилип, балдарын жакшы караган эмес. Анын каралашкан эч кимиси жок экен. Кызы Кароосуз калган балдарды кабыл алуучу жайга жеткирилди.
Эки баласына тең туулгандыгы тууралуу же башка документтерди эч жерден албагандыктан, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен аны сот энелик укуктан ажыратышы мүмкүн. Ал эми 8 айлык баланын эмне себептен чарчап калганы соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен аныкталат. Эгер баланы тирүү боюнча таштап кетсе, же төрөлгөн соң дароо кароосуз калтырып кетсе, анда кылмыш иши козголот. Учурда шектүү аял үй камагына чыгарылып, тергөө иштери уланып жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Wave.
2014-11-24 10:21:57
Байкуш бала. Бироого кор бала, бироого зар бала.
+3
JANTUMARYM345
2014-11-24 10:38:51
zar zaman zeyinduugo tar zaman.adamga kundo adam bolup turuw kiyin toobo...
+2
suiuktuujar
2014-11-24 18:45:55
тообо дешкерек
0
Aksy-13
2014-11-24 19:02:34
Тооба дей турган заманга келип калдык окшойт
0
tokio1991
2014-11-25 12:50:43
полияга чыгып жарым метр болсода казып комсо болмок байкуш баланы кочого таштабай.
0
nur1975
2014-11-26 13:31:43
Тообаа,жакаңды кармап тфу тфу дейтурган окуя.Кудай сактайгөр,жараткан өзүң Аллахым.

0
Feijipiao
2014-11-26 15:40:38
Аттиин....
0
kubzero
2014-11-29 14:39:55
Мен бала жытына зар болуп журсом муну кара;-(
0
Karina.97
2014-11-30 07:52:28
Баланы жашырганга шарты жок,ал эми ичкиликке тузулот экен ошол шарт...
0
nurlan_82
2014-11-30 12:41:11
ачкадан олсо керек бала деле
0
Elnuram090
2014-11-30 21:16:15
байкуш наристе журогум эзилип кетет ушундай окуяларды окусам окубай эле койушум керек болуп калды
0
Gukuw
2014-11-30 22:15:08
Аллахым ушундай энелерден сактаган болсун!
0
Gukuw
2014-11-30 22:19:06
Аллахым ушундай мээримдуу экен биз эркек баланы кааласак да бербейт. Ал эми арак ичип жургондордо бала жон гана кор ....
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан