Баткен шаарындагы үйлөрдүн биринен 16-ноябрда шаардык ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жардам суроо иретинде коңгуроо келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бычакталып, кансыраган 61 жаштагы үй ээсин, ошондой эле жаракат алган үй ээсинин 56 жаштагы аялын көрүшкөн.
«КАРАКЧЫЛАР ТАБЫЛА ЭЛЕК»
Бул боюнча ИИМдин маалымат кызматы төмөнкүчө маалымдады:
– Окуя 16-ноябрда таңга маал саат 05:30 чамасында болгон. Бет капчан, бычак менен куралданган белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип барышкан. Алар үй ээсин коркутуп, алгач эсин оодара уруп, андан соң аялына кол салышкан. Эсине келген үй ээси тоноочулар 3 киши экенин көргөн. Аны байкап калган шылуундар жабырлануучуга бир нече ирет бычак сайган. Ал учурда жабырлануучунун аялы уктап жаткан 8 жашар небересин жууркан менен жашырып жаба койгонго жетишкен. Ошол себептен балага зыян келтиришкен эмес. Үйдөн алчусун алып, кылмышка шектүүлөр из жашырып кетишкен. Жаракат алган үй ээлери саат 07:00 чамасында ооруканага жеткирилген.
Учурда бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, Шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы шектүүлөрдү издөө амалдарын жүргүзүп жатышат. Жабырлануучу жеке ишкер болгон. Болжол боюнча анын үйүндө акчалай каражат бар экенин билген адамдар киришкен. Үйдөн канча суммадагы акча уурдалгандыгы азырынча белгисиз. Сумманы аныкташ үчүн үй ээси суроолорго жооп бергидей абалга келип, ден соолугу турукташуусун күтүү керек болууда.
«БЕЙТАПТАР ООР АБАЛДА КЕЛДИ»
Жабырланган ишкердин абалын билүү үчүн Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси ТУРГУНБАЙ АЙЖИГИТОВГО байланышканыбызда, бейтаптын абалы турукташып калганын билдирди:
– Бейтап Адыкутус Шүкүров 16-ноябрда таңкы саат 07:40та облустук оорукананын травматология бөлүмүнө оор жаракат менен келип түштү. Ал эми жубайы Асылкан Шүкүрова да бир нече жеринен учтуу нерседен жаракат алган, моюнуна бычак сайылган. А.Шүкүровго шашылыш операция жасалып, жарааттары тигилди. Анын көкүрөгүнө, баш сөөгүнө бычак урулуп, мурдун да тилип кеткен. Денесинде уруп-сабоонун дагы издери бар, мээси чайкалган. Учурда комадан чыгып, абалы турукташа баштады. Жубайынын жарааты жеңилирээк, ошондуктан палатага которулду. Эми А.Шүкүровду да жубайынын жанына которолу деп турабыз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg