ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Күндөр өтүп жатты, муздай тонгон биздин өмүрлөр ошол күндөрдүн кайрымсыз бүктөмүндө кетип жатты. Дастан Аманатты кабыл алгандан кийин мени да кабыл алат деген ой менен жашап жүрдү. Аманатты энелик жүрөгүм кабыл алса да, баары бир бурчу сыздап жатканын билген жок. Эми Дастанга болгон сезимим өчкөнүн сезбеди. Ким билет, балким, моюнуна алгысы келбегендир.
Колумда төрт балам бар, аларды бутуна тургузушум керек болчу. Бул жашоодон өз ордумду таап, кайра башка Баян болушум керек эле. Бул ойдун кучагында жүргөндө апам биротоло менин колума келип туруп калды. Анткени атамдын көзү өтүп кеткен эле, бир туугандарым өзү менен өзү. Акыры балдар торолуп калганда апама таштап, иш баштаганга белсендим. Бул учурда Эмир Орусиядан биротоло келип, тигүү бизнеси менен алектенип жүргөн. Мени дагы ушул бизнеске кызыктыра баштады. «Экөөбүз иш баштайлы» деген идеяны ал айтып калды.
– Баян, мен сага башталышында жардам берем, кийин өзүң эле алып кетесиң,- деди ал.
– Аның го жакшы,- дедим өзүмчө ойлонуп.
– Башка эмнеси жаман? Мага ишенбейсиңби?- деди Эмир.
– Эмир, мурун да эчен жолу айткам. Мен сенин жардамыңды айылдаш, дос катары кабыл алам. Бирок өткөн нерсени кайра баштабайлы. Эгерде ошондой ой болсо, менден азыртадан алыс бол. Билесиң, өзүм араң жүрөм. Мага азыр эч нерсенин кереги жок.
Эмир оор үшкүрө берди.
– Билесиңби, эгерде мен сени билбесем, башка нерсени күтүшүм мүмкүн эле. Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө бүлбүлдөгөн үмүт бар, аны жашырбайм. Бирок ал үмүт меники гана, сага эч
кандай залалын тийгизбейт. Болгону мага жылуулук берип турат. Убагы келгенде кандай чечим кабыл алсаң да, сени колдойм.
– Эх, Эмир, эмнеге элдин баары сендей ак, таза, кең пейил, чыдамдуу болуп жаралбады экен? Мен сага кыпындай үмүт бере алсам гана. Андай үмүт, сезим сага бермек тургай өзүмдө жок. Билесиңби, азыр өзүм да бул дүйнөдө жокмун. Дастан мени катуу сындырып кетти. Болгону балдар... Алар мени алдыга жетелеп, жашоого үмүт берип келишет. Алар болбосо...
– Бардыгы жакшы болот,- деди ал ишенимдүү.
Ошентип ишти баштадык. Биринчи имарат алышыбыз керек эле. Эски бала бакчаны таап, аны ижарага алдык. Кызыгы, мен ал жактан эски пианино көрүп калдым. Чаңын аарчып жатсам, артымдан Эмир келип калды.
– Ойнойсуңбу?- деди ал.
– Отурбаганыма көп жыл болду.
– Кел, отур, мектепте укмуш ойночусуң, билесиңби?
Колдорум аспапка тиери менен ал муңкана берди. Ойноп жаттым, тумандаган көз жашымдын арасында өткөн күнүмдү көз алдымдан өткөрүп жаттым. Мына, мен, Назик, Жанара... Мен аспапта отуруп ойноп, алар үн кошуп ырдашар эле. Ишенчээк, качан болсо аларга боордош боло турган Баян, байкуш Баян...
Токтобой ойноп жаттым, жүрөгүмдөгү арманды, сүйүүмдү ыргак менен шилеп жаттым. Ошондо дагы бир нерсеге көзүм ачылды. Мен өзүмдү эң жакшы кесипке, музыканы үйрөтө турган мугалимдикке даярдап жүргөнүмдү унутуп калган экем. Деги эле Баян экенимди унутуп бара жатыптырмын. Катары менен төрөп, балдардын түйшүгү менен болуп жүрүп, инсан катары жоголуп бара жатыптырмын. Андан да жаманы, мен Дастанга сиңип кеткен экем. Дүйнөнү анын көзү менен карап калган экем. Азыр деле өзүмдү ал үчүн күнөөлөбөйм, анткени менин дүйнө таанымымдагы сүйүү ошондой эле. Мындан башкача сүйө албайт элем.
«Чала мага,- дедим өзүмдү өзүм табалап. – Сүйүүнү да ченеп берүү керек эле. Кана, ошол сүйүүңдү, өзүңдү бүтүндөй арнаган адамың? Бааладыбы сени?»
Ийиниме бирөө колун койгондо гана селт чочудум. Эмир тиктеп турган экен, экөөбүз бири-бирибизди үн катпай түшүндүк. Эмир менен иштешип жатканымды ким кандай ойлоду билбейм. Мага баары бир болчу, ал менин бир тууганымдай эле. Ыплас ойлорду ким ойлоп, ким элге жаманатты кылып жүргөнүн билсем да, теңелгим келбеди. Теримди төгүп иштей бердим. Жаңы тармак эле, көп эмгек талап кылды. Бирок ак эмгек кылсаң ийгиликке жетишет экенсиң. Жумушка болгон күчүмдү арнап жүрүп, убакыт кандай өткөнүн да билбей калчу болдум. Болгону кечке маал үйгө баргандан ичиркенип кетер элем. Дастан менен бир үйгө жашоо мүмкүн болбой бара жатканынан ажырашууну сунуштадым. Ошондо гана ал менин ниетимден кайтпашымды билди. Эми ал уясына жылан кирген чабалекейдей чырылдай баштады. Өрттөнө кызганып, жанын коёрго жер таппай жүрдү. Эчен ирет артымдан аңдып жатканын да байкадым.
Бир күнү түн ортосунда менин бөлмөмө кирип келди. Бир аз кызуу экен.
– Сен эмне, эмнеге келдиң?- дедим калтырай, жука халатымды кие сала.
– Баян,- колдору арбайып мага сунулуп келе жатты, чочуп кыйкырып жибердим.
– Чык бөлмөмдөн!
– Баян, сени сагындым. Мен сени... Жаным, кечирчи мени, кандай жаза колдонсоң да, баарына даярмын. Болгону мени минтип тирүүлөй азапка салбачы. Сен кыйналгандан миң эсе кыйналып жүрөм. Аячы мени!
– Кет, эртең сүйлөшөбүз. Мас экенсиң,- дедим халатымды кымтылай.
– Ооба, атайын ичтим. Антпесем алдыңа келе алчудай эмесмин. Канча убакыт болду, же уктай албайм, же балдарыма жакшы сөз сүйлөй албайм. Өзүмдөн өзүм бул үйгө батпай, чоочун болуп бара жатам. Менин бактым силер экенсиңер, аны убагында билбедим, түшүнбөдүм. Баян, келчи мага...
Дастан бутума жыгылып, тиземди кучактап шолоктоп ыйлап жатты, арманын төгүп жатты. Мен кудум муздатып катырып койгондой тура бердим. Тек көзүмдү жумуп алып бир керемет
иш болуп кетишин, жүрөгүм селт ойгонуп мурункудай Дастан үчүн согуп башташын кааладым. Кучагында балкып, бир адам болуп биригип кетүүнү самап жаттым. Бирок керемет болуп кетпеди. Сезгеним анын олдоксон кыймылы, иренжите турган жыты болду. Кудум көчөдөгү чоочун адам мени өпкүлөп жаткандай жат сезим болчу. Ал эми ушул колдор Назикти кучактап өпкүлөгөнүн эстегенимде окшуп жибердим. Дастан муну күтпөсө керек, шалдая түштү.
– Мен сага ушунчалык жийиркеничтүүмүнбү?
– Кетчи, Дастан, суранам, жайыма койчу.
– Мени ушунчалык жек көрөсүңбү? Менин эч кандай мүмкүнчүлүгүм жокпу? Менде үмүт калбадыбы?
Кыйкырып-өкүрүп жулкулдатып жатты. Мен Дастандын суроосуна жооп бере албадым. Анткени өзүм ал жоопту али билбейт элем.
Мен киммин? Мендей аялдар миллиондоп саналат. Меникиндей окуялар, аялынын көзүнө анын бир туугандай курбусу менен чөп салгандар жок эмес эле. Демек, мен да унутуп жашап кетишим керек эле. Бирок шорума көрүнүп анте албай койдум. Анын бирден бир себеби Аманат болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kgul
2014-11-24 09:10:44
Эхххх... Дастаан, Дастааан...
0
Kairoon.
2014-11-24 09:12:28
ааай байкуш Баян, жүрөгүң эзилет:-(
0
Ainura_kg85
2014-11-24 09:44:57
Дастан озун ушул жолду тандадын. Эгерде Назик тируу болгондо Баянга карабай коет элен. Баян туура кыласын, эгерде кечирсен, дагы бир кун башка бироону таап алышы мумкун эле.
0
egiz-jigit
2014-11-24 10:01:43
Баян кечирсе болмок балдары учун
0
kuba_76
2014-11-24 10:21:42
кобуроок эле жазсанар жакшы болот эле! Полный версиясын кайдан тапса болт?
0
bema_bema
2014-11-24 11:54:28
Уф иий дагы кутмой
0
sekelek96
2014-11-24 12:04:12
1 жума кутуп анан 3 минутда окуп салганым жамааан да((....эми дагы бир жумаааа.....
Урматтуу АВТОР:-бул баштан откон ,чыныгы окуябы же жон гана коркомдолуп ойдон чыгарылган чыгармабы????жооп кутом минут сайын .....(
+2
Peri76
2014-11-24 15:27:50
Сага бул да Дастан
0
belka
2014-11-25 01:51:46
Уффффф....деп эле кайрадан кутуу.
0
Ayperi94
2014-11-25 19:12:50
Эх сонун чыгарма
0
sardarbek84
2014-11-27 01:10:35
Супер чыгарма, аягына качан чыгат, журогум эзилип буттуго
0
shukran
2014-11-27 01:18:34
Bayan tuura kylyptyr, Dastan jok degende Bayanga kylgan jamandygy uchun bul duinodo jazalansyn, al emi kylgan yplas ishteri m.n tapkan kunoosuno tigil duinodo joop beret buirusa. Myndai adamdardy tiruuloi orttoso da azdyk kylat.
+1
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан