ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-ноябрдан 30-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын алгачкы жарымы ишке жык толуп, эс алууга зар болосуз. Мунун айынан сөз көтөрө албай, жакындарыңыз менен пикир келишпестикке кабыласыз. Бирок өзүңүздү колго алып, сабырдуу болуу менен өз ишиңизди соңуна чыгарууга тырышыңыз. Жумадан тарта төккөн териңиздин акыбети кайтат. Анын деми менен эс алуу күндөрү жашооңузга жаңылык киргизүүгө аракет жасаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумшаган эмгегиңиздин жемишин ушул аптада татасыз. Бирок жайылып кетпей, алдыга белгиленген иштериңизди аягына чыгарыңыз. Ага улай жаңы адамдар менен таанышасыз. Алар менен тил табышууга бел байлаңыз, себеби келечектеги пландарыңызды ишке ашырууга жардамы тийип калат. Жума күнү сизди өз кызыкчылыгына пайдаланган адамдын бети ачылат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чагылгандай тездикте өөрчүгөн окуялардын кай бирине жетишип, кайсынысын өзгөртө алам деп башыңыз таштай катат. Ал ортодо бийлик органдары ишиңизге тоскоолдук жаратышы да күтүлөт. Андыктан «жалгыз таруу ботко болбойт» дегендей, жакындарды жардамга чакырыңыз. Апта соңун утурлай бардык кыйынчылыктар артта калат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын алгачкы күнү ишиңизде тоскоолдуктар жаралат. Бирок шашылыш чечим кабыл албай күтүңүз, кийинки күнү иш өз нугуна түшөт. Бейшембиде күтүүсүз окуянын күбөсү болсоңуз, жумада сапарга аттанууңуз күтүлүүдө. Ишемби жана жекшембиде айланаңыздагыларга этият мамиле жасабасаңыз, тамаша чырга айланып кетиши мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бир катар суроолорду адистер менен биргеликте карап, зыян тартып калбагыдай шартта болгон соң макулдук бериңиз. Аптада бойдоктор көз ымдагандан тартынбаса, түгөйүн таап калуулары мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында карызы бардын доочусу тынч койбойт. Апта соңунда тагдырыңызга байланыштуу эки жолдун бирин тандоого аргасыз болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Каржылык жактан кыйынчылык жаралып, мүмкүнчүлүгүңүз чектелүү болот. Андыктан көзүңүз жетпеген ишти бүтүрүүгө милдеттенме алуудан баш тартканыңыз оң. Ачууга алдырып жибербей, жакын тааныш, достор менен сый мамилени сактаңыз. Ал эми бирөөгө убада берип, бирок аны аткарууну создуктуруп келсеңиз, бул аптада ал киши сизден кол үзөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы жарымы ийгиликсиз башталат. Бирок кандай гана кыйынчылыктар болбосун, пландарыңызды өзгөртүүгө шашылбаңыз. Эмоцияга алдырып чечим кабыл алуудан оолак болуп, колдо бар мүмкүнчүлүктү жумшаңыз. Жыйынтыгы өз жемишин берет. Апта соңуна жакын баары калыбына келип, эс алууңуз тынч өтөт. Ошондой эле жаңы буюм сатып алууңуз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул апта сизге сыноо. Кетирген кемчилигиңиз таштак жолдо таманыңызды жоорутат. Дареметиңиз түгөнүп, жакындардан жардам күтөсүз жана ким душман, ким дос экени ачыкталат. Бирок мыйыгынан күлгөндөргө сынып калбай, баарына чыдаңыз. Анткени аптанын экинчи жарымында ийгиликтин алтын ачкычы колуңузга тиет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө электр приборлорун колдонууда этият болуңуз, денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу чоң. Бейшембиде пландалган жолугушуулар ишке ашпай, убактыңыз текке кетерин унутпаңыз. Иш жаатына келсек, өзүмчүлдүктү алдыңкы планга чыгарбасаңыз, баары жайында болот. Айтылган убадаларды аткарууга убакыт келгенин унутпаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, иштериңиз тез бүтөт. Жумушта жана жеке жашооңузга байланышкан маселени чечүүдө артыкчылык кыласыз. Тартипти орнотууга сиздин сөзүңүз чоң мааниге ээ болот. Бирок такталбаган маалымат, белгисиз адамдар менен байланыш каржылык чыгымга алып келет, сак болуңуз. Эс алуу күндөрү үйдө отурбай, жакындарыңыздын суранычын аткарууга туура келет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көздөгөн максатыңызга жетүүдө кыйынчылыктар орун албайт. Бирок жамааттык иштерде өзүм гана дебестен, башкалардын да кызыкчылыктары бар экенин унутпаңыз. Айрымдардын таланты ачылып жакындарын таң калтырса, айрымдар түгөйүнүн көңүлүн таба албай, сезимдин отуна куйкаланат. Ал эми эс алуу күндөрү кээ бири гардеробун жаңыртуу менен алек болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тоону томкоруп салдым деп кылычыңызды кынга салууга шашылбай, кадамыңызды алдыга улаңыз. Сиз бүтүрчү иштер бул аптада жетиштүү. Бирок ишти жалгыз кыйраттым деп жакындарга доомат артпай, кичик болуңуз. Болбосо ырынан чыры көп күндөргө тушугасыз. Аптанын акыркы күндөрүндө жаңы буюмдуу болууга, алыскы-жакынкы туугандарга каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан