Сулуулук. Бул сөз ичине кереметти да, касиетти да, улуулукту да камтыйт. Кыргызды кымча бел сулуулары, келишимдүү жигиттери аркылуу ааламга таанытам деген уул-кыздардан да куру эмеспиз. Алардын бири сулуулар сынактарынын уюштуруучусу Рыскуля Намазбекова «Аалам периси» сынагы 10-15 жылда Кыргызстанда өтөрүнө ишенем» дейт. Анда конокко сөз берели.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 16-январь
Билими – КМКТАУнун менеджмент жана башкаруу факультетин аяктаган
Ийгиликтери – «Жети-Өгүз периси», «Ысык-Көл периси» сынактарынын жеңүүчүсү
Учурда – «Кыргызстан сулуусу», «Кыргызстан мырзасы», «Кыргызстандын сулуу айымы», «Бишкек сулуусу», «Мисс бикини-КМШ» сынактарынын уюштуруучусу
– Рыскуля, сулуулар сынагын уюштурууну качан, кантип баштап калдың?
– 2007-жылы өзүм окуган КМКТАУда биринчи жолу окуу жайдын ичинде сулуулар сынагын уюштурган элем. Бутум-бутума тийбей чуркадым, нервим короду, бирок уюштуруу жагып калды. Анан бир гана өзүмдүн университетимде эмес, Бишкектеги жогорку окуу жайлар арасында өткөрсөм кандай болот деген ойго жетелендим. Уюштуруу жагынан жөндөмдүү экенимди байкашса керек, продюсер, режиссёр Нурлан Мамакеев, стилист Замира Молдошева, телеалпаруучу Алексей Филатов «жардам бере аласыңбы?» деп ар кандай долбоорлоруна чакыра башташты. Сынактарда калыс катары баасын берип, кеп-кеңешин айтып колдогон Замира эже «компания ачып, өзүңдүн атыңдан чыкпайсыңбы?» деп айтып жүрдү. Ошондон кийин «R style Beauty Company Kyrgyzstan» деген компания ачып, олуттуу түрдө ишке киришип, «Кыргызстан мырзасы-2013» деп жигиттер арасында сынак уюштурдум.
– «Кыргызстан мырзасы» сынагы жигиттердин кыздардай кийинип чыкканы менен көпчүлүктүн эсинде калды. Идея сеники беле?
– Орусиянын Биринчи каналындагы «Один в один» көрсөтүүсүндөгү атактуу жигиттердин айымдарды туурап чыгышканын көрүп, идея жагып калган. Ошондой кылалы десем катышуучу жигиттер да каршы болушкан жок. Бирок андай көрүнүш биздин элге жакпайт экен, катуу сындашты. Үстүбүздөгү жылы өткөн жигиттер арасындагы сынакта ал тапшырманы кошкон жокпуз.
– Өзүң уюштурган сынакка катышкан жигитке турмушка чыгыптырсың. Ошондо жолдошуң «Кыргызстан мырзасы» наамын алган жигитпи?
– Бул жагын жашырып коёюн десе, ал да чыгып кеткен турбайбы. Ооба, жолдошум ушул жылы өткөн сынакка катышкан. Аты – Ильяс. Бирок баш байгени алган эмес. Сынакка даярдык көрүп жүргөнүбүздө баары эле «ушул жигит алса сонун болмок» деп жатышкан. Мен анда деле көңүл бурган жокмун. 2-орунду алып калганда жанына барып «капа болгон жоксуңбу, баары жакшыбы?» десем, «мен утмакмын» деп калды. Ошондон тарта экөөбүз тез-тез телефон чалышып, СМС жазыша баштадык. Үйлөнүп калабыз деп ойлогон эмеспиз. Маңдайга жазганы экен, минтип баш кошуп калдык. Башында жолдошумду менин акчама кызыгып жатат деп чыгышкан, чынында, ал менден өткөн бай.
– Жеңүүчү дүйнөлүк сынакка катышуу үчүн кандайдыр бир сумманы төлөш керек, жол киреси да бар дегендей, бул жагын ким көтөрөт?
– Сынакка катышкандыгы үчүн төлөнчү сумма биздин компаниянын атынан кетет. Ал эми жол кире талапкердин чөнтөгүнөн. Мисалы, «Кыргызстандын сулуу айымы» сынагынын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова эсиңиздерде болсо керек. АКШда өткөн «Дүйнө жүзүндөгү эң сулуу үй-бүлөлүү айым» сынагына катышып, 2-орунду алып келди. Анын катышуусу үчүн биздин компания 2000 доллар төлөп берген. Мен жеңүүчүгө айтылган акчаны да, жолдомону да берем, убадамды аткарам.
– Демөөрчүлөрүң көппү?
– Менде ушундай талант бар экен, суранып барган адамдарымдын көпчүлүгүнөн колдоо табам, ишеничине кирем. Барганда аны сүйлөтпөй эле быдылдап жасаган иштеримди айтып кирем. Алардын айрымдары жадакалса жарнама да талап кылышпайт. Эгер биздин компания жаман болсо, бир жыл иштешкенден кийин, экинчисинде «рахмат, кереги жок» дешмек. Ишти баштагандан бери жыл сайын колдоп келе жаткан компаниялар бар.
– Дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарды да өткөрсөм дейсиң. Бул иш биздин, тагыраагы, сенин колуңдан келеби?
– «Мисс бикини КМШ-2014» эл аралык сынагын августта Ысык-Көлдө уюштурдук. Эл аралык деңгээлде уюштурулган алгачкы сынагыбыз жаман болгон жок. Жакынкы күндөрү «Мисс Евразиянын» лицензиясын алып, Кыргызстанда өткөрөм деп жатам. Эң башкы максатым – престиждүү делген «Аалам периси» сынагын мекенибизде өткөрүү.
– Сынактан жакшы эле акча түшөбү?
– Укмуш деле түшпөйт. Эң башкысы, кеткен чыгымды жабат. Акча жасагым келсе «баланча миң доллар берем, уткан кыз мени менен эс алып келсин» дегендерге дароо макул болмокмун. Бизде орундар да сатылбайт, сатылышы да мүмкүн эмес. Кээде айрымдар «мен баланча акча берем, мага мындай кыз таап бер» деп келишет. «Мен кыздарды сата албайм, таанышкыңыз келсе башка жолдорун издеңиз» дейм. Ал гана эмес, «сен кыз сатып иштейсиңби?» деп сурагандар да бар.
Бир жолу Астанага эл аралык сынакка барганымда уюштуруучулары «жүрсөң, өзүнчө сүйлөшөбүз» деп калышты. Барсам «кыздарыңды сатасыңбы?» дешет. Мен таң калып «кандайча?» десем, «бизде кыргыз кыздарын жактырган олигархтар болот» деп жатышпайбы. «Жок, сатпайм» десем, «азыр жашсың, сен деле кийин биздин даражага жетесиң» деп коюшту. Мен үчүн акча эмес, карьера бийик. 24 жашымда ишимдин артынан бир топ чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык сынактарга калыс болуп келдим. Бул мен үчүн чоң жетишкендик.
– Жакшы, маек соңунда бала чагың туурасында айта кетсең.
– Мектепти төрөлүп-өскөн Кызыл-Суу айылынан аяктадым. Окуучу кезде бош убактым такыр жок эле, музыкалык мектепте окуйм, кошумча англис тилин, бий үйрөнчүмүн. Үйгө беш мүнөт кечигип келсем уруш угат элем. Кичинемден эле ата-энемди сүйүнтө турган иш кылам дечүмүн. Борборго келгени окуу жайды эмне болсо да кызыл диплом менен аяктайм деп максат койдум. Президенттик стипендияга жетиштим. Роза Отунбаеванын колунан убагында «Мыкты студент» деген наам алдым. Кичинемден эле коомдук иштерге активдүү катышып келем.
– Маегиңе рахмат, ой-тилектериң ишке ашсын.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg