Концерттин датасы – 16-ноябрь
Концерттин аталышы – «Күн нурунан күмүш кайрык»
Өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 18:20 (20 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучулар – Элмара Турсуналиева, Алмаз Касымалиев
Мыкты номер – Гүлнур Асанова менен Аскат Мусабековдун дуэти
Билет баасы – 500 сомдон 700 сомго чейин
Гүлнур алгачкы жеке концерти болгон үчүнбү, конокторго чү дегенде эле бала кезинде чыгармачылыктын казанында кайнап, тың чыкмалардын алды болгонун баяндаган видеобаянын көрсөттү. Мындай баяндар бир нече бөлүккө бөлүнүп, кино тармагындагы, сахнадагы жетишкендиктери, басып өткөн жолу чагылдырылган экен.
Министри, министрдин кеңешчиси, аппараттын өкүлү, депутаты болуп, айтор, ырчыны колдоп келген чиновниктер көп болду. Куттуктоо үчүн чыккан маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов «кагаз карап отурамбы» деген окшойт, сөзүн кагазы жок баштап, айтайын деген оюн талаалатып ийип, кайра чогулта албай бир топ убара тартты. Андан соң микрофонду депутат Ыргал Кадыралиева алганда «ии, элдин чыдамын сынабай, эми мунусу кыска-нуска сүйлөп түшүп кетет го» деп карап калдык. Ыргал айым «кечирип койгула, кесиптешимди чакырып албасам уят» деп концерт көргөнү келген депутат Ажыбай Калмаматовду сахнага чакырды. Сөз сүйлөйм деген оюнда жок үй-бүлөсүн, куда-сөөгүн алып ыр укканы келген экен, Ажыбай Калмаматов кыска сүйлөп ырчыны куттуктап, четке чыга берди. Куудулдар «саясатчыларга микрофон бере көрбө» деп бекеринен тамашалашпайт окшобойбу. Депутат айым, оо, көпкө чейин сүйлөдү. Өктөм үнүнөн улам алгач «бул айым элди урушканы келгенби?» деп ойлоп, сөзүн тыңдап калдым. «Эмнени айтканы жатат?» деп көпкө күттүк. Көрсө, куттуктап, ийгилик каалап, анан «өзүңдөй сулуу, таланттуу уул-кыздуу бол» деп эне болуусун каалап өтмөкчү экен. Ошентип Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып кетти. Мындан сырткары Гүлнурга өкмөттүн жана президенттин иш башкармалыгынын Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле «Түрксой» эл аралык уюму Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып чыгарылган медалды, «Түрксой» эл аралык уюмунун 20 жылдык алтын медалын да ыйгарды.
Ырчы жандуу үн менен да, фонограмма менен да ыр куржунундагы бир топ жакшы ырларын аткарып берди. Арасында элге жарыялана элеги да бар экен. Мисалы, Аскат Мусабеков менен дуэти. Экөө жетелеше басып, «сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын» деп үн созуп жатышканда образга ушунчалык кирип кетишти дейсиз. Эгер Аскаттын үй-бүлөлүү экенин билбегенимде «аа, экөө чын эле бактылуу түгөйлөр тура» демекмин. Сүйүшкөндөрдүн жүрөгүнөн орун алып хит боло турган ыр экен.
Бул күнү Бишкекте гүл саткандардын базары укмуш жүрүптүр. Анткени Гүлнур сыйлыктарга эле эмес, гүлдөргө да көмүлүп кала жаздады.
Акыркы күндөрү ырчыларга сыйлык тапшыруу модага айланып бараткандай. Албетте, муну менен «Гүлнур сыйлыкка татыктуу эмес» дебейм. Таланттуу, демек, сыйлыктарга да татыктуу кыз.
Толик сынчы