5 СААТКА СОЗУЛГАН НУРЛАН НАСИПТИН КОНЦЕРТИ

Концерттин датасы – 16-17-ноябрь
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (1 саат 10 мүнөткө кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 101 пайызы
Алып баруучулар – Азамат Исмаилов жана Асел Кадырбекова
Мыкты номерлер – Нурлан Насиптин «Көпөлөгүм», «Токтогулга кетесиңби?» аттуу ырлары

БИЛЕТ БААСЫ – 300-700 СОМ
Бул апта концертке бай болду. Ошентип Нурлан Насиптин Студенттер күнүнө карата өткөргөн концертине бет алдым. Залга толгон элди көрүп, «Кимдин, кимдин заманы, Нурлан Насиптин заманы» болуп жатыптыр деп койдум. Концерт башталып, бети-башы кара плащ менен жабылган Нурлан Насип элди аралап «Эркелетсемби?» аттуу ыры менен катуу бийлеп чыга келсе болобу. Көрсө, ал Нурлан эмес, кеченин алып баруучусу Азамат Исмаилов экен.
Концерттин эки тизгин бир чылбырын Асел Кадырбекованын колунан көргөндө таң калганымдан оозум жыйылбай калды. Асел тыпылдаган Азаматтан сөз тийгенде араң үн катпаса, калган учурда кооз балатыдай жылмайып гана туруп берди.
Концерт жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Сахнанын жасалгасынан тартып Нурландын кийимдерине чейин кылдаттык менен иштелип чыкканы билинип турду.
Спорт Ордосунун чоң залы 101 пайызга толгонун көргөндө эле Нурландын «фирменный» жылмаюусу жүзүнөн кетпей калды. Алып баруучулар «кыздарга сюрприз» дешип, бир кызды тандоого залга жумшак оюнчук ыргытышты. Кудай сакта, кыздар оюнчукка жулунуп, бири-бирин тебелеп кете жаздашса болобу. Эптүүрөөгү илип кетти окшойт, сахнага бир сулуу чыкты. Нурлан кызды ого бетер сүрдөтүп, тизелеп ырдап кирди. 
Баса, конокко Казакстандан «Арай» тобу, Димаш Кудайбергенов, Алтынбек аттуу ырчылар келди. Байкасам, казак туугандар кыргыздын ырларын которуп жан багышат окшойт. Нурландын «Эки жаш», «Туулган күн» аттуу ырларынын казакча вариантын ырдаган соң «эми өзүбүздүн репертуардан бир ырды аткаралы» дешсе, «ии, эми казактардын ырын ырдайт окшойт» деп кулак төшөп калыптырмын. Баурдастар кайра эле Ильяз Абдыразаковдун «Эргүү» аттуу ырынын казакчасын ырдап жатпайбы.
Ошентип кезек дуэттерге келди. Бали, дуэт жаздырганыңар жакшы дегилечи, бирок сөздөрүн жаттап алсаңар андан да жакшы болмок. Динара Акулова менен ырдап жатып Нурлан сөзүн таппай калганы менден башкаларга деле билинип калды.
Ырчы мырза Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктүсүн» өзгөчө төгүп жиберди эле, эл кайра-кайра суранып жатып калышты. Ошентип Нурлан жамгырды кайра-кайра төктүрдү. 5 саатка жакын созулган концерттен эл башталышында кандай шаңдуу отурса, ошондой маанайда үйлөрүнө тарашты.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Нурлан концертинде Аселди жүгүнттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
DNurgiza
2014-11-26 01:54:36
мага Нурлан абдан жагат да.
0
musapyr
2014-11-26 12:11:56
Кандай болсо да,жакшыны жакшы деш кк го. Оз эмгеги мн элге таанылып жургону абдан эле сезилет. Нурланга окшогон таланттар да бар,акыры барып барып оз эмгеги мн таанылып келгендер гана калат элдин журогундо,акчалуулар эмес!
0
alisherchik
2014-11-26 13:10:15
ото жонокой жигит!!!
мен жылдызмын деп бааланбайт.
азаматсын! коз тийбесин тфу тфу
0
AMAH-2
2014-11-26 19:19:22
Концерт жакшы болуптур.Нурлан маладец! Жандуу үн менен ырдап бергенге духу жетиптир.Азыр көпчүлүк жаш ырчылар чоң сахнада жандуу үн менен ырдай албайт..
0
NurlanS-89
2014-11-26 21:52:28
Ийгилик чыгармачылык!
0
meerim95
2014-11-27 13:34:14
Толик сынчынын сындаганы жагат да мага :-D)). Нурлан Насип да жакшы жигит жонокой, бой которбогон. Чыгармачыл ийгилик каалайм.
0
periw92
2014-11-27 20:23:24
супер
0
4ok4oloi
2014-11-28 15:15:42
жакшы сонун болуптур жакты
0
belka
2014-11-29 02:10:29
Толик сынчы сынды катырат да, Толиктин сынын кутуп окуйм.
0
papanstan
2014-12-22 04:08:37
belka, менда кошулам азамат Толик
0
zoro21
2014-11-29 14:07:05
Молодец нурлан
0
Kumush_94
2014-11-30 15:15:02
иииий менин байкем гоо!!Ар дайым 2 тишинди корсотуп кулуп жур!!
0
orxidea10
2014-11-30 19:09:24
эн сонун концерт болгону корунуп турат.аккардион менен ырдаган барам сага ырын сонун ырдаптыр мага аябай жакты.костюмдары да жакшы экен
0
aika_87_2007
2014-12-06 22:40:05
Bul jigittin chygarmachylyktagy igilikterine koz tiybesin azamatsyn nurlan jagymduu ukuluktuu yrlaryndyn baary
0
papanstan
2014-12-22 04:05:51
Билеттин баасы 700 болсо тойлорго андан да кымбатка барса керек.Элди ырчылар эле чонтокту жукартмай болушту го
0
zuura15
2015-03-31 15:12:22
Чыгармачылык ийгилик!
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан