«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

НУРБАНУ БОЛБОСО, СЕЛИМ СУЛТАН БОЛМОК ЭМЕС...
Селим менен Нурбанунун тарыхтагы орду кандай болгон? Аталган тарыхый каармандардын ролун аткарган актёр менен актриса тууралуу эмне билесиз?

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
136-137-сериялар:

РҮСТЕМ ПАША ЖАН БЕРЕТ
Баязид атасы буюрган Амасьяга барбай турган болуп, Күтахьяда кол чогулта баштайт. Бул кабар бат эле султандын кулагына жетет. Сулейман уулуна акыркы жолу эскертүү берген катын жазып, Михримах иниси менен көзмө-көз сүйлөшүү үчүн жолго чыгат. Баязид Михримахка козголоңду атасына каршы эмес, бир тууган агасы Селимге каршы уюштуруп жатканын айтат. Эжеси Баязидди колдомой болуп, Стамбулга кайтып келген соң атасына айтпай, Күтахьяга алтын толо сандык жөнөтөт. Согуш күнү да жетип келип, Баязид менен Селимдин аскерлери бетме-бет келишет. Ал эми султан жөнөткөн кошуун Селимге кошулат. Салгылашуунун жүрүшүндө Селимдин уулу Мурат Баязидге ок чыгарып, жарадар кылат. Артка чегинүүгө аргасыз болгон кичүү ханзаада Күтахьяга кайтат.
Баязид оор жаракат алганына карабай бутуна турат. Сулейман султан муфтий Эбуссууд эфендиге уулунун жоругун баяндаган кат жөнөтөт. Паргалык Ибрагим паша менен башкы мураскер Мустафаны өлтүрүүгө уруксат берген казы «козголоң жолуна түшкөн ханзааданы мыйзамга ылайык, өлүм жазасына тартуу керек» деп жооп берет.
Селим кошууну менен Баязиддин дубанына жол тартат. Андыктан кичүү ханзаада төрт уулун алып, Осмон империясынын аймагынан чыгып, перстердин жерине келет. Шах Тахмасп душман экенине карабай, качып жүргөн Баязидди баш калкалоого алат. Касынын көзүн карап калган Баязид оң колу Атмажага берген убадасын аткарып, аны өзүнө кызмат кылуудан бошотот. Кезинде Мустафанын жардамчысы болуп жүргөн Атмажа Стамбулга келип, жылдар бою ичинде катып жүргөн кегин алуу үчүн Рүстем пашаны өлтүрөт, бирок кармашууда өзү да мерт болот. Михримах Атмажаны баатыр сыяктуу жерге берүүнү, ал эми Рүстемди «оорудан кайтыш болду» деп айттырууну буюрат. Ал эми Персияда Баязиддин башы үчүн соодалашуу башталат.

МЕРВЕ БОЛУГУР ТҮНКҮ ЖАШООНУ СҮЙӨТ
Тарых барактарында султан Селим IIнин жубайы Нурбану он жашында Венециядан Стамбулга алынып келингендиги жана акылдуулугу менен Хүрремди кызыктырып калгандыгы айтылат. Ата-энеси Венециянын таасирдүү адамдарынан болгон. Хүррем «Аялдар султанатынын» түптөөчүсү деп атыкса, Нурбану султан айымдар бийликке кийлигишкен алгачкы валиде катары белгилүү. Күйөөсү Селим аракеч, андан кийин такка отурган уулу Мураттын башы гаремден чыкпас болгон.
Нурбанунун ролун жараткан 1987-жылкы Мерве Болугур актрисалыкка чейин модель катары бир топ жарнамаларга тартылган. «Кузей Гүней» сериалында Зейнептин ролун жаратып, «Даңазалуу кылымга» чейин «Боз торгой» сериалында Фериденин ролуна бекитилген болчу. Бирок бул сериалга да жетекчилик кылган продюсер Тимур Савжы чечимин өзгөртүп, Болугурга Нурбанунун ролун сунуштаган. Актриса султан айымды аткарууга макул болуп, Феридени Фахрийе Эвжен ойномок болуп калган. Продюсердин кийин өкүнгөн жайы да бар, себеби жаш актрисанын түн кирди дегиче клубдарга жөнөп, таң аткыча бир канча көңүл ачуучу жайларга кирип чыгууга жетишкен адатын билет. Савжы: «Мындай жүрүм-турумун «Даңазалуу кылымга» тартылып жаткан учурда токтотпосо, актрисаны алмаштырам» деп чыккан. «Даңазалуу кылымга» тартылган ар бир сериясы үчүн Болугур 6 миң доллардай гонорар алган.
Актриса тартуу иштери тууралуу мындай дейт: «Нурбану тарыхта өз изин калтырган аял. Өтө акылдуу. Менимче, Селимди Селим кылган – бул Нурбану. Нурбану болбосо, Селим такка келмек эмес. Султанатты эркек башкарат, а эркекти аял бийлейт. Ал жолдошунан күчтүүрөөк болгон деп ойлойм. Каарманымдын ролун жаратып, чоң ырахат алдым».


ИМПЕРИЯНЫ КУЛООГО АЛЫП КЕЛГЕН СЕЛИМ
Султан Селим II тарыхта «аракеч Селим» жана «сары Селим» деп атыккан. Дал ушул падыша башкарууга келгенден кийин алсыз султандардын доору башталып, улуу вазир менен султан айымдардын бийликке кийлигишүүсү болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Аракеч деп атыгуусуна келсек, Селим ханзаадалыгында Иосиф Наси деген колунда бар еврей менен дос болот. Наси ханзаадага белек-бечкек, анын ичинде шараптарды тынбай жеткирип турган. Селим султан болгондон кийин Наси империяда шарап саткан жалгыз адамга айланган. 50 жыл өмүр сүрүп, анын 8 жылында такта отурган Селим II тарыхта согуш жүрүштөрүнө катышпаган биринчи падыша катары да таанымал.
Аталган ролдун аткаруучусу 1986-жылы туулган Энгин Өзтүрк театр бөлүмүн аяктаган. Актёр болгонго чейин сегиз жыл волейбол ойногон. Атактуулукту «Фатмагүлдүн күнөөсү эмнеде?» деген сериал алып келген.
Энгин Өзтүрк тартуу иштери тууралуу мындай дейт: «Даңазалуу кылымга» келип калышыма сценарист Мерал Окайдын салымы чоң. Ал тирүү кезинде мени көрүп, «ушул бала Селимдин чоңойгон мезгилин ойносо болмок» деген экен. Селим султанды кыйратып деле билчү эмесмин. Дегеле тарыхтан алысмын. Селимди Селим кылган Нурбану деп эсептебейм, ал болгону чөйрөсүндөгү көп кишинин бири. Нурбану Селимди түшүнө алган жана дайыма жанында болгон. Мүнөзүмө келсек, начар жигитмин дебейм, бирок периште да эмесмин. Бул кыялым десем да болот, келечекте акылы кем же киши өлтүргүчтүн ролун ойногум келет».


(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Oceana
2014-11-24 11:37:06
Maga Xuurrem olgondon kiyin kino jakpai kaldy. ;)
0
altynaiB
2014-11-24 13:19:15
Мага Мерием Узерли кеткенде эле кызыксыз болуп калган
0
aika2013
2014-11-24 17:22:00
Ваще супер сериал да!!!
0
Faina
2014-11-24 17:58:08
Баязид олгондон кийин коргум келбей калды
0
never-cry
2014-11-24 20:46:26
2015жылдан жаны Косем султан деп уландысы чыгат экен го
0
belka
2014-11-25 02:45:07
Селимди оло жаман кором да.
0
asmat6
2014-11-25 15:52:41
ушу кинону тартканга канча чыгым кетти экен биз 2 саат 10 минуттук эле киного 70 млн сом короттук эле
+2
Bermet_Kasymova
2014-11-30 11:50:07
asmat6, Ошол ЭЛЕ деген кино 3 жыл бою тартылды. Эмгегин бааласаныз
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан