ЖААЧЫЛАР ИШТЕРМАН, БИРОК ЧЫДАМСЫЗ ЖАНДАР

23-НОЯБРЬ-21-ДЕКАБРЬ АРАЛЫГЫНДА ТӨРӨЛГӨНДӨР
Стихиясы – От
Планетасы – Юпитер
Ташы – Аметист, топаз, хризолит
Кимдер менен тил табышат?
Мыкты шайкеш келе турган жылдыз белгилер – суу куяр, эгиздер, тараза, бөйөн, чаян
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – кой, арстан, жаачы
Такыр тил табыша албагандар – букачар, бийкеч, текечер, балык

ДЕН СООЛУК
Тоотпостук жана жеңил ойлуулук кылып ден соолугун бузуп алышпаса эле узак жашашат. Акыл-эси менен эс-тутуму да жакшы сакталган бойдон калат. Ооруга жакын дене бөлүктөрү болуп жамбашы, өпкөсү, боору, кол-буттары жана ичегиси эсептелет. Тери менен бел ооруларына, ошондой эле майда жаракаттар менен кырсыктарга жакын келишет. Бирок организми тез калыпка келүүсү менен таң калтырат.

ИШИ, ТЕМПЕРАМЕНТИ ЖАНА МҮНӨЗҮ
Жаачылар акылдуу, тең салмактуу, кызыл тилдүү, эркиндикти баалаган, чечкиндүү, эл барктап сөзүн уга турган адам болушу мүмкүн. Ошондой эле белгилүү, кайраттуу же жөн эле өзүн сүйгөн, сезимдеринин жетегиндеги адам да болуп чыга келишет. Жаачылардын ичинен ийгилигин жарыя салууну сүйгөн мыкты ишкерлер чыгат. Кээ бирлери саякаттоону сүйүшсө, айрымдары коллекция топтоого кызыгышат.
Коомдогу орду үчүн санааркап, элге таасир калтыргылары келишет. Артынан из калтырып кетүү тилектери да жүрөктөрүндө жашайт.

ЖААЧЫ – МЫРЗАЛАР
Cпортко жакын келип, сапаттуу свитер жана моюн орогучтарды сатып алып турушат. Мамлекеттик кызматкер болсо сындуу кийинип, өзүн дипломат катары алып жүрө алат. Жайлуулукту сүйүп, жакшы буюмдардын курчап туруусун каалашат. Булар өзү жокто да чарбаны мыкты алып кете ала турган тың айымдарга үйлөнүүнү самашат. Мыкты ата, бирок кээде эркектерге таандык жагымсыз кылык-жоруктарды жасап коюуну күнөө деп эсептешпейт. Кызганчаак, кекчил, ошол эле учурда чырдан алыс жүрүүнү самаган жандар.

ЖААЧЫ – АЙЫМДАР
Булар менменсинген, фантазияга бай, шайыр жана керек жерде буйрук бере билгендер. Жашоону баалай билишет. Жакшы чач жасалгасы менен жүрүүнү, жарашыктуу кийинүүнү баалашат. Иш, спорт же искусство болобу, майын чыгарып иштеп, андан ырахат алгылары келишет. Өздөрүн сатып кеткендерди кечирбейт, күйөөлөрү көзүнө чөп салса, булар да ошондой жооп кайтарып коюулары мүмкүн.

Мыкты сапаттары – активдүү, чынчыл, эр жүрөк, мыкты кеңешчи, максатка умтулуучу жана достукка бекем.
Начар сапаттары – чыдам­сыз, өзүмчүл, башкарууну сүйөт, орой, кекчил.

ЖААЧЫ – БАЛДАР
Активдүү, баарын билүүгө кызыгышат, олдоксон келишип, көпчүлүктү сүйүшөт жана лидерликке умтулушат. Андыктан бир жерин кокустатып алышпасы үчүн көзөмөл керек. Жасаган катасын моюнуна ала билишет, калпты кечире алышпайт. Ызы-чууну жакшы көрүшкөндүктөн оюнчук барабан же сурнай сатып берсеңиз туура. Жаныбарларга жана спортко жакын чоңоюшат. Иттерди үйрөтүү, ат оюндарын үйрөнүү хоббиси болушу мүмкүн.
Жандары тынчыбагандыктан буларды тазалыкка, тактыкка, тартипке көндүрүү, үйрөтүү үчүн ата-энелери чыдамдуу болушу керек. Бирок айтылгандарга башынан көндүрсөңүз, бала сизге анчалык оордук келтирбейт. Акыл-эсин өстүрүүчү оюндарды сунуштап, окуусу менен эс алуусун туура уюштуруп турсаңыз, сабакты мыкты окуй алат. Стихиясы от болгондуктан үшүп калбоосуна көз салууңуз кажет.
Чоңойгондо саясатка кызыгуулары мүмкүн, андай болсо саясат тууралуу гезит-журналдарды окуганга бериңиз, документалдуу фильмдерди сунуштаңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
melek1
2014-11-24 11:38:51
ooooo ollo maktaptyr
0
killer-star
2014-11-25 12:44:29
Туптуура жазылыптыр атак мен да жаачымын
0
Gensek
2014-11-25 17:56:12
бул менмин го туура чыкты баардыгы
0
altynaiB
2014-11-25 21:13:35
Хе хе баары туура.
0
umar92
2014-11-26 21:55:24
маага да туура келди
0
bayas.07
2014-11-26 23:31:32
Эркектерге жагымсыз кылык-жоруктарды жасап коюшат дейби? Мен андай эмесминго...
0
gulperi92
2014-12-29 09:50:15
Менин балам жаачы чынында аттарды коп корот мультиктерди да ат жонундо болсо дейт,игрушкалары да ат.кылык-жоруктарыда да дал келди
0
4inarbek
2015-02-17 02:14:29
эн туура жазыптыр жаачылар мужик
+1
Gulshan_kf
2015-07-28 20:48:21
жаачы)
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан