Beeline: «НОМУРЛАРЫҢЫЗДАРДЫ КАТТАТЫП, БАЙЛАНЫШТА БОЛУҢУЗДАР»

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline эске салат: абоненттер уюлдук байланышы өчүрүлүп калбашы үчүн өз номурларын 2015-жылдын мартына чейин каттоодон өткөрүүсү зарыл.
Эске сала кетсек, мыйзам демилгесине ылайык ар бир уюлдук байланыштын абоненти номурун каттоодон өткөрүүсү зарыл. Бул үчүн байланыш оператору менен келишим түзүү керек. КРнын Өкмөтүнүн «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык өз номурун убагында персонификациядан өткөрбөгөн абоненттердин байланышы өчүрүлөт.
Бүгүнкү күнгө Beeline операторунун абоненттик базасынын дээрлик 50 пайызы номурларды каттоодон өткөрүүнүн эң жогорку деңгээлин көрсөттү.
«Биздин абоненттерибиздин мамлекеттик демилгеге – номурду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүгө жоопкерчилик менен карагандарына ыраазычылык билдирем. 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар – биздин абоненттерибиз өз номурларын каттоодон өткөрүштү. Калгандарды да биздин сатуу жана тейлөө кеңселерибизге же расмий соода түйүндөрүнө жакынкы убакта келүүгө чакырам. Каттоо сиздерге бир катар артыкчылыктарды берет – алдамчылык аракеттерден коргоо, телефонду жоготуп жибергенде номурун оңой эле калыбына келтирип алуу, чалуулардын детализациясын алуу. Өз номуруңузду жакынкы убакта каттоодон өткөрүп, ар дайым байланышта болуңуз!»- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
Персонификация – бул уюлдук оператор менен келишим түзүү аркылуу номурду каттатуу. Өкмөттүн токтомуна ылайык бул бардык операторлор үчүн милдеттүү процедура, ар бир абонент өз номурун каттатышы керек. Каттоодон уюлдук байланышты мурдатан пайдаланып жүргөн кыргызстандыктар дагы, жаңыдан SIM-карта сатып алып жаткандар дагы өтүшү абзел. Номурларды персонификациялоо мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү маселелерин жөндөө үчүн зарыл.
Каттоодон өтүү тез жана жөнөкөй эле: Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине же расмий соода түйүндөрүнө келип, оператор менен келишимге кол коюу керек. Өзү менен кошо өздүгүн ырастаган документтеринин бири болушу шарт, мисалы, паспорт, аскердик билети же айдоочулук күбөлүгү. Эгер абонент 16 жашка толо элек жана паспорт ала элек болсо, ал үчүн SIM-картаны ата-энеси же жакын туугандарынын бири сатып бере алат. Чет өлкөлүк жарандар SIM-картаны кыргызстандыктар үчүн зарыл болгон шарттарда эле ала алышат.
Beeline`дын www.beeline.kg расмий сайтында зарыл малымат жана номурду каттатуу мүмкүн болгон жерлердин тизмеси жайгаштырылган. Персонификация жөнүндө суроолоруңузга жоопторду 0711 номуруна чалып ала аласыз. Чалуу акысыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан