«Центерра» жана «Кумтөр Голд Компани» 2014-жылдын 3 кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында «Кумтөр» кенинде 8586,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Компания казынага 4 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төктү.
ПРОДУКЦИЯ ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ
Акыркы 3 кварталда «Кумтөр» кен ишканасында 2963 килограмм алтын өндүрүлгөн, аны сатып өткөрүүдөн 117 миллион доллар түшкөн. Белгилей кетсек, былтыр ушундай мезгил аралыгында баалуу металл өндүрүүнүн көлөмү 2808 килограммды түзгөн. «Биз ушул жылдын 3 кварталында ишканабыз үзгүлтүксүз режимде ишин улантканына кубанычтабыз. Жетишкен натыйжалар бизге 2014-жылдын пландык көрсөткүчтөрүн ийгиликтүү аткарууга бекем ишеним берет»,- деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» президенти Майкл Фишер 2014-жылдын 3 кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып.
ӨНДҮРҮШТҮК ЖАНА КАПИТАЛДЫК ЧЫГЫМДАР
Өндүрүштү колдоп турууга жалпы чыгымдар (ага дүң киреше салыгы кирбейт) 3 кварталда унциясына 1110 долларды түздү, 2013-жылдын ушундай мезгилинде бул көрсөткүч 1264 долларды түзгөн. Бул төмөндөө өндүрүштүн жана алтын сатуунун көлөмдөрүнүн өсүшү жана товардык-материалдык көрөңгөлөрдү көбөйтүүгө байланышкан чоң чыгымдар менен түшүндүрүлөт.
Сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына, салыктарды эске албаганда, бардык жумшоолор 2014-жылдын 3 кварталында 1274 долларды түздү, ошол эле учурда 2013-жылдын ушундай мезгилинде алар 1366 долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтүн төмөндөөсү алтын сатып өткөрүүнү 7 пайызга көбөйүп, бирок 2014-жылдын үчүнчү чейрегинде инфраструктура объектилерин көчүрүү долбоорунун чыгымдарынан улам азайышы менен түшүндүрүлөт.
Капиталдык жумшоолор 2014-жылдын 9 айында 82,9 миллион долларды түздү, анын ичинен:
- 14,2 миллион доллар негизги фондуларды колдоп турууга жумшалды;
- 15,2 миллион долларын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар түздү;
- 53,5 миллион доллар кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга керектелди.
ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨӨ
«Центерранын» Директорлор кеңеши бир жөнөкөй акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивиденд эсептөөнү буйруду. Жогоруда көрсөтүлгөн дивиденддер быйылкы жылдын 27-ноябрында Торонтодогу биржада 2014-жылдын 13-ноябрына карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.
2014-ЖЫЛДЫН АКЫРКЫ КВАРТАЛЫНА БОЛГОН БОЖОМОЛ
Алдын ала эсептөөлөр боюнча «Кумтөр» кенинде 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү башында каралгандай эле 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Мында өткөн жылдагыдай эле жалпы көлөмдүн 50 пайыздан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, кайрадан борбордук карьердин SB аймагындагы алтындын жогору курамы бар бөлүккө жеткенде өндүрүлмөкчү.
Айта кетсек, 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна төлөмдү эсептөө үчүн негиз катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.
Кененирээк маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү берилген.