Кыздуу же уулдуу болуу жаатында ыкмалардын кайсынысы реалдуу жана оңой? ЭКУнун арты менен баланын жынысын алдын ала пландоого болобу? Кош бойлуулуктун 8-10 аптасында эле түйүлдүктүн кыз же уул экенин аялдын каны же заарасы аркылуу ажыратууга мүмкүнбү? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.
АЙЫЗ ЦИКЛИНЕ КАРАП БОЙГО БҮТҮРҮҮ«Профессор Асымбекованын клиникасынын» жетекчиси, Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри, профессор ГҮЛНАРА АСЫМБЕКОВА уул же кыз төрөөнү алдын ала пландоо боюнча кайрылуулар көп түшөрүн айтып өттү.
– Кыздуу же уулдуу болууга реалдуу мүмкүнчүлүк берүүчү ыкма барбы?
– Бар. Ал айыз циклине карап бойго бүтүрүү. Этек кир келгенден баштап 14-15 күн дегенде аялдын эн безинен өсүп жетилген 1 гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал ургаачылык касиети бар XX хромосомаларына ээ. Эркектин бир таштаган бел суусу орточо эсеп менен 2-4 миллилитр урук клеткаларынан (сперматозоиддерден) турат. Алардын жарымы ургаачылык касиетти алып жүрүүчү X, жарымы эркектик касиетти алып жүрүүчү Y хромосомаларын камтыйт. Жыныстык кошулууда эркектин урук клеткаларынын бири гана аялдын урук клеткасына жетип, аны уруктандыра алат. Эгер X хромосомасы жетсе, анда кыз, эгер Y хромосомасы жетсе, анда эркек бала төрөлөт.
Эркектин уругундагы Y хромосомалары кичинекей, кыймылдуу жана 1 сутка гана жашайт. X хромосомалары чоңураак, жай кыймылдашат жана 3-4 сутка жашай алышат. Андыктан жубайлар аялдын этек кири келгенден 14-15 күн дегенде кошулушса, анда кыймылдуу Y хромосомаларынын бири аялдын жаңы эле бөлүнүп чыккан урук клеткасына жетип, уруктандырат да, уул төрөлөт. Ал эми жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, анда кыз төрөлөт. Анткени жогоруда айткандай, Y хромосомалары аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтпөй, 1 сутка дегенде өлүшөт да, чыдамдуу X хромосомалары калат. Алар аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтүп турушат да, бири аны уруктандырып, кыз төрөлөт.
Аялдын урук клеткасы 24-36 саат ичинде уруктандырылбаса, анда жашоосу токтойт.
«УУЛДУУ ЖЕ КЫЗДУУ БОЛУУГА 100 ПАЙЫЗ КЕПИЛДИКТИ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ ГАНА БЕРЕТ»
– Учурда экстракорпоралдык уруктандырууда (ЭКУ) Microsoft технологиясын колдонуу менен баланын жынысын алдын ала пландап, бойго эркек баланы же кызды болтурууга мүмкүн.Кыргызстанда аталган ыкма колдонулабы?
– Азырынча бизде жасалбайт, бул келечектин иши. Мүмкүн, кийин биз да ушул ыкма менен иштеп калабыз. Биз учурда ЭКУда жубайлардын урук клеткаларын өз-өзүнчө алып, анан аларды пробиркада кошуп, уруктандырып жатпайбызбы. Сиз айткан жаңы технологияда болсо эркектин урук клеткаларындагы хромосомаларга басым жасалат. Жубайлар уулдуу болгулары келсе, күйөөсүнүн урук клеткаларындагы Y хромосомалары, ал эми кыздуу болгулары келсе, анда X хромосомалары микроскоп аркылуу тандалып алынып, аялдын урук клеткаларына кошулат. Ошентип алар пробиркага салынып уруктандырылат. Анан жаралган түйүлдүк аялдын жатынына жайгаштырылат.
Айта кетчү нерсе, дал ушул ыкма гана кыз же уулдун төрөлүшүнө 100 пайыз кепилдик берет.
ДИЕТАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН...
– Диетанын арты менен да кыз же уулдуу болууга мүмкүнбү?
– Ооба, диета түрткү берет деген маалыматтар бар. Эркек балалуу болгусу келген жубайларга сунушталат: эт азыктары, балык. Куурулбаган жер жаңгак (арахис), күрүч, банан, апельсин, өрүк как. Дарыканадан фолий кычкылын алып колдонсо да болот. Анан дагы уулдуу болгусу келген эркек мончодо ысык бууда 10 мүнөттөн ашык отурбашы кажет. Ысык уруктуктун сапатын бузат.
Кыздуу болгусу келген жубайларга сунушталат: сүт азыктары, шоколад, кофе, какао, алма, жаңы кармалган балык, нокот, жумуртка, ачыткы кошулбаган жана тузу аз нан жана башка. Ал эми эт азыктарын аз колдонуу кажет.
Эскертүү: Диетаны бойго болтуруудан 2 ай мурунтан баштап колдонуу зарыл.
АЯЛДЫН ЗААРАСЫ АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Бишкектеги Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги, медицина илиминин кандидаты ТОТУКАН БУРКАНОВАГА кезектеги сурообузду узаттык.
– Сиздердин клиника аялдын заарасы аркылуу түйүлдүктүн жынысын аныктап бере алышат дешет...
– Жок, биз бул боюнча иштебейбиз. Бирок сурагандарга түшүндүрүп беребиз. Заара аркылуу ичтеги баланын кыз же уул экенин 8 аптасынан баштап аныктоочу атайын тесттер бар. Андай тесттер 1-2 жыл мурун Бишкекте сатылган эле. Азыр аны буйрутма менен Орусиядан, Казакстандан алдыртып жатышат. Аны кантип колдонуу көрсөтмөсү кагазында жазылган. Тесттердин баалары 800-5000 сомдун тегерегинде. Өндүрүүчүлөр тесттерге 90дон жогору пайыз кепилдик беришерин айтышат. Кандай тест болбосун аны колдонгусу келген айым 2-3 күн жыныстык жактан кошулбашы жана антибиотик дары-дармек ичпөөсү кажет. Андан ары айым тесттин кагазындагы көрсөтмөлөрдү аткара берет. Мисалы, айым эртең менен алгачкы заарасын стаканга тосуп алат. Анан тесттин ичиндеги пипеткага заарасынан бир нече тамчы сордуруп, аны тесттин кичинекей тоголок тешикчесине тамчылатат. Анан 15 секунддан кийин тесттин жогорку жагындагы сүйрү узун тешикчеден жыйынтыкты көрүүгө болот. Күлгүн өң – кызды, көк өң – уулду билдирет.
КАН АРКЫЛУУ БАЛАНЫН ЖЫНЫСЫН АНЫКТОО
Сураштырып, бул ыкма Бишкектеги клиникалардын биринде да колдонула электигин билдик. Андыктан Алматы шаарындагы «Нурай» ЭКОклиникасы менен байланыштык. Клиниканын репродуктологу ЛЯЗЗАТ ЖАНБАБАЕВА буларды айтып берди:
– Учурда биздин клиникада кош бойлуу аялдын каны аркылуу баланын жынысын аныктоочу тесттер жүргүзүлүүдө. Ал ДНК тест (же түйүлдүктүн жынысын генетикалык жактан изилдөө) деп аталат, кепилдик 95 пайыз. Бойдо болгондун 10-аптасынан баштап колдонулат. Кош бойлуу аялдын каны түйүлдүктүн аз өлчөмдөгү ДНКсын камтыйт. Эгер ДНКны текшерип, чечмелей келгенде анда Y хромосомасы болсо, анда уул төрөлөт, Аталган хромосоманын жоктугу кыз төрөлөт дегенди билдирет.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg