«МАНАС. СЕМЕТЕЙ. СЕЙТЕК» ҮЧИЛТИГИНИН ЮНЕСКОНУН КАТТООСУНАН ӨТҮШҮ БИР ЭЛЕ АДАМДЫН ЭМГЕГИ ЭМЕС

«Манас. Семетей. Сейтек» үчилтигинин маданий мурас катары ЮНЕСКОдон каттоодон өтүшү жалпы кыргыз үчүн чоң жеңиш болду. Мындай жыйынтыкка жетүүдө кимдин ролу кандай болду эле, бир эле адамдын аракетиби же атын атагысы келбей, көмүскөдө калган азаматтар да барбы? Ушул окуяга байланыштуу редакциябызга кызыктуу кат келиптир. Айрым кыскартуулар менен, маңызын бузбай бердик.

«Манас атабыз ыплас адамдарга «Манас мыйзамына» кол койдуруп кабыл алууну да ыраа көргөн жок окшойт, анткени бакиевдик бийлик ошол күнү кулады».

АЛГАЧ САДЫК ШЕР-НИЯЗ АЙТЫП ЧЫККАН
2009-жылдын 2-октябрында Кытай Эл Республикасы тарабынан аз улуттардын маданий мурасы катары Кызыл-Суудагы белдүү окумуштуулардын аракети менен «Манас» эпосу ЮНЕСКОдон каттоодон өттү.
Муну ошол эле жылы, 30-октябрда элге жарыя салып, коомчулукту козгогон «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз болду. Көп өтпөй Кадыр Кошалиев белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевге жолугуп, Бактыбек Максүтов, Дастан Сарыгулов, Жоомарт Кадыралиевдер менен жолугушуу уюштуруп, «Манас эл» деген коомдук кыймыл түзүү боюнча чечимге келишет. Кыймылдын максаты – улуу «Манас» эпосун коргоо, сактоо жана ЮНЕСКОдон кыргыздын маданий мурасы катары каттоодон өткөрүү эле. 2010-жылдын 11-январында биринчи жолу Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде бул маселеге арналган чоң жыйын өтөт. Жыйындардын жыйынтыгы болуп алгач үч резолюция кабыл алынган. Биринчиси – Кытай Эл Республикасын «Манас» эпосун өзүнүн атынан каттоодон өткөргөндүгү үчүн
Эл аралык сотко берүү; экинчиси – ЮНЕСКОго өзүбүздүн вариантыбызды сунуштоо; үчүнчүсү – Кытай Эл Республикасынан ЮНЕСКОдон «Манас» эпосун кайра артка кайтарып алуусун өтүнүү.
Бул аракетти колдогон атуулдардын саны көбөйүп, ММКлардан колдоо тапты. Өкүнүчтүүсү, ошол кездеги бакиевдик бийлик кайдигер болуп, элдин үнүн тыңдай албады.
2010-жылдын 16-мартында Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда биринчи элдик Манас симпозиуму өткөрүлүп, Нургүл Керим, Раиса Кыдырбаева, Мар Байжиев, Талантаалы Бакчиев, Жылдыз Орозобекова, Каныбек Иманалиев, Жумакадыр Атабеков жана башкалар катышып, кыска мезгилде орундалчу иш-чаралардын жана Каныбек Иманалиев тарабынан сунушталган «Манас кодексинин» долбоорлору бекитилет.
2010-жылдын 30-мартында Асан Жакшылыков, Каныбек Иманалиев, Рысбек Качкеев жана Талантаалы Бакчиев тарабынан «Манас мыйзамынын» долбоору жазылат. Бул мыйзам долбоор боюнча 2010-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңештин комитети чечим кабыл алып, 2010-жылдын 7-апрелинде жалпы жыйында кароого коюлат. «Манас мыйзамы» ошол күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, К.Бакиевдин кол коюусу күтүлүп жаткан эле. Бирок Манас атабыз ыплас адамдарга «Манас мыйзамына» кол койдуруп кабыл алууну да ыраа көргөн жок окшойт, анткени бакиевдик бийлик ошол күнү кулады.

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН АРАКЕТИ
Убактылуу Өкмөттүн тушунда «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтигин ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүү боюнча коомчулук менен биргелешип иш жүргүзүлө баштады. Садык Шер-Нияз маданият министри болуп дайындалган соң 2010-жылдын 4-октябрында ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, улуу эпосту Кытай менен биргелешип ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүү иш-аракеттери башталат.
Жумушчу топтун төрайымы болуп ЮНЕСКОнун Кыргызстан боюнча секретариатынын аткаруучу катчысы Керим Нур Күлчоро, министрликтен К.Кулуев, Т.Обозова, З.Сыдыков, ошондой эле А.Жакшылыков, Т.Бакчиев, А.Абетеков сыяктуу адамдар кирет.

БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИК
2012-жылдын 8-майында Ибрагим Жунусов маданият министри болуп келгенде бул аракеттер жанданат. Эксперттик топтун курамы кеңейип, Бексултан Жакиев, Абдылдажан Акматалиев, Роза Аманова, окумуштуулар Ч.Бексултанова, Г.Орозова, коомдук ишмерлер Жумагазы Садыр уулу, Гүлнара Айтпаева кошулат.
Чогулуштардын биринде министрдин орун басары К.Базарбаев каттоодон өткөрүү үчүн номинациялык файлды даярдоо, реквизиттерди чогултуу жана 10 мүнөттүк даректүү фильм тартуу керектигин айтат. Номинациялык файлды даярдоо Т.Бакчиев менен К.Иманалиевге, реквизиттерди дайындоо ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Э.Корчуева менен эксперт С.Солтонгелдиевага, ал эми фильмди тартуу Садык Шер-Ниязга тапшырылат. Даректүү фильмди тартуу үчүн 10 миң доллар каражат керек эле. Аны каржылоого Карганбек Самаков макул болуп, тиешелүү сумманы берип, таланттуу кинорежиссёр Садык Шер-Нияз кыска мөөнөттө сапаттуу, англисче котормосу менен фильмди даярдап бүтөт. Кийинки отурумга К.Самаков да чакырылат. Ошону менен ЮНЕСКОго бүт материалдар жиберилет. Эми аны каттоо маселеси, башкача айтканда, процедуралык маселе гана калган эле. Бул багытта ошол кездеги Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Ж.Азылов жана кеңешчиси Ж.Сарыбаева да зор эмгек өтөгөнүн айта кетишибиз абзел.
Депутат К.Самаковдун гезит беттеринде «ЮНЕСКОго 500 000 доллар короттум, 80 жолу Парижге учуп бардым, 70 өлкөнүн элчисине жолуктум» дегени чындыкка туура келбейт. ЮНЕСКОнун каттоодон өткөзүү процедуралары андай иш-чараны талап кылбайт. Алар Кыргызстандын тийиштүү элчилиги жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы катчылыгы менен гана расмий иш алып барат. ЖКнын депутаты К.Самаков бул окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын сурап, беш депутатка кол койдуруп, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылганы коомчулукка жарыяланган. Өзүңүздөр көрүп тургандай, «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтигинин ЮНЕСКОдон каттоодон өтүшүн ашкере саясий кызыл кулактыкка салып, кимдир бирөөнү бөлүп көрсөтүп, Баатыр кылууга негиз жок. Бул кыргыз элинин жалпы жеңиши.

Ошол окуяга тиешеси бар инсандарга да кайрылып көрдүк:
К.ИМАНАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Бул иште Т.Бакчиев, А.Токтосунова, А.Жакшылыков, И.Жунусов, С.Шер-Нияз сыяктуу патриоттордун салымы зор. ЮНЕСКОнун биздеги катчылыгы жана Бельгиядагы элчилигибиз да жоопкерчилик менен мамиле кылышты. Айрыкча күндүр-түндүр күпүлдөтүп «Манас» айткан манасчылардын эмгеги өзгөчө болду. Интеллектуалдык, руханий, уюштуруучулук жагын ошолор ишке ашырышты.

Т.Бакчиев, филология илимдеринин кандидаты, «Саякбай манасчы» коомдук фондунун төрагасы, Манас таануучулардын эл аралык ассоциациясынын президенти, манасчы:

– Ошол күндөрү, 2009-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын май айына чейин эмгек кылгандардын баарынын салымы зор болду. Манас атабызга баарыбыз кызмат кылышыбыз керек.

Ж.АЗЫЛОВ, Кыргыз Республикасынын Бельгия өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (2006-2013-жж.).

– Ооба, бул жалпы кыргыз эли үчүн зор окуя болду. Бул багытта биздин элчилик ЮНЕСКОнун Париждеги кеңсеси менен тыгыз байланышта болду. Башкы катчы И.Бокованын колдоосун да унутпашыбыз зарыл. ЮНЕСКОнун талаптарына жооп берүүнүн өзү эле дээрлик иштин 60 пайызы бүткөнүнө барабар. Бул жалпы аракетти бир кишиге ыйгаруу туура эмес.

Токтобек Жунусалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ayka1994
2014-12-03 11:25:58
Манас атабызды кыргыздын эпосу,баатыры деп ЮНЕСКОго киргиздирип койгонубуз жакшы болдуго.А бирок кыргыз уйубуз болгон "боз уйду" казактар "кийиз уй" деп ЮНЕСКОГО каттааттырып койдуго эми Боз уйубуз эмне болот казактардын улуттук мурасы болуп калып кетеби же чаара корулобу? Ким кандай ойлойт...
0
a.sadikoff
2014-12-04 11:13:01
bul kara piar
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан