“Эркек көзү, аял кулагы менен сүйөт” дегенди билсеңиз да, эми ал кепти унутууга туура келет. Анткени илим адам мурду менен сүйөт деген ойду алда качан тастыктаган. Буга далилдер төмөндө.
СӨЗ БАШЫНДА
Жаныбарлар менен курт-кумурскалардын жыт сезүүсү жакшы өнүккөн жана каршы жыныстагылар менен мамиле курууда активдүү роль ойнойт. Мисалы, ит же мышыкты секстеги өнөктөшүнүн жыты жүздөгөн метр аралыктан да дүүлүктүрө турганы анык. Сатурний көпөлөгүнүн эркеги ургаачысынын жытын бир нече чакырымдан сезип, аны көздөй учат.
ДҮҮЛҮКТҮРҮП, ТӨШӨККӨ ТАРТКАН ДЕНЕ ЖЫТТАРЫ
Бул эки жытты химиктер тер менен заарадан бөлүп алууга жетишишкен. Жүздөгөн фирмалар ал жыттарды одеколонго, шампунга, кремге кошуп башташкан. Башкача айтканда, адамдардын сексуалдуулугун күчөтүүгө салым кошушкан.
ЭРОТИКАЛЫК ЖЫТТАР
Физиологиялык жыттардан башка жаныбарлардан алынып даярдалган заттар да эротикалык касиетке ээ. Алардын ичинде биринчи кезекте мускус жана амбра турат.
Мускус – бул балды элестеткен жабышкак күрөң суюктук. Мускус Сибирди, Кытайды, Түндүк Монголияны байырлап, салмагы 10 килограммдай келген кабарганын (элик түрү) эркегинин киндигинен алынат. Кыргыздарда бул жаныбар “жыпар киндик” деп аталат. Мускустун жардамы менен кабарга өз аймагын белгилеп, ургаачысынын көңүлүн бурат.
Тарыхта аты калган Александр Македонскийдин табигый жыты мускустай болгону үчүн ага аялдар аарыдай жабышышканы айтылат. Император Генрих III мускусту абдан баалагандыктан, сарайында кызмат кылгандардын баарына колдонтчу деп айтылат. Арабдар мускусту мечитти курууга керектелген курулуш материалына кошушкандыктан, бул жыт кылымдарга турчу экен.
Мускус бүгүнкү күнгө чейин алтындан да кымбат зат катары бааланат жана атырларга кошулат.
Мисалы, «Guerlain» фирмасы Shalimar атырына, «Yves Saint-Laurant» фирмасы Opium атырына, «Elisabeth Arden» фирмасы Sunflowers атырына кошушат.
Амбра – бул зат киттин бир түрү болгон кашалоттун тезеги. Балыктарды, балырларды тонналап жеген кит жумшак кара массаны – амбраны бөлүп чыгарат. Аны балыкчылар Инд мухитинен чогултушат. Жаңы тезек ушунчалык сасык болгону менен, убакыт өткөн сайын катууланып, өңү агарып, жыты адамды дүүлүктүргөндөй жагымдуу жытка айланат. Марокко амбраны экспорттоочу негизги өлкө болуп эсептелет. Аталган өлкөдө кумарды күчөтүү максатында тырмактын агындай амбраны чайга кошуп ичишет. Казанова да бул затты өзү даярдаган шоколадга кошуп, анан аялдарга берген делет.
Амбранын жыты кургак, бир аз тамекинин жытына окшоп кетет. Ошол эле учурда таттуу жыты бар.
Амбраны «Guerlain» фирмасы Samsara атырына, «Calvin Klein» фирмасы Obsession атырына, «Laura Biagiotti» фирмасы Roma атырына кошушат.
АЛТЫН ӨРӨӨНДӨ СҮЗҮҮ
(Кытайдын секс сырларынан)
Кытай ыкмаларында түрдүүчө кошулууга болот. Алар нефриттүү тамырдын (эркектин жыныстык мүчөсү) алтын өрөөн (аялдын “алигиси”) боюнча 8 түрдүү сүзүүсүн ойлоп табышкан.
Азил-чыны аралаш
СЕКСКЕ КАРАГАНДА ХОККЕЙДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Эротикалык сатира
КӨЗҮ АЧЫКТЫН КЫЗМАТЫ
Астра Айдарова
koom@super.kg