Лейлек району борбор калаадан эӊ алыс жайгашкан аймак болуп эсептелет. Анда орун алган Кольцо айылында бүгүнкү күндө 125 түтүн орун алып, 1050гө жакын адам жашайт. Тургундардын көпчүлүгүн жаш балдар менен карылар түзөт. Ал эми ишке жарамдуу жаштардын көпчүлүгү жан багуу максатында Орусия менен борбор калаа Бишкекке орун которуп кетишкен. Кольцо айылынын бүгүнкү абалы менен жакындан таанышып, тургундардын көйгөйлөрүн калыӊ журтка кеӊири баяндоо максатында «Элет үнү» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында кеп салдык.
МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ БЕРЧҮ МЕКЕМЕ ЖОК
Кольцо айылы СССР мезгилинде абдан өнүккөн айылдардын бири болгон. Бул айылдан Сүлүктүдөн чыккан көмүрдү Тажикстанга ташып өтүүчү темир жол өткөндүктөн, тургундардын көпчүлүгү темир жолчулар эле. Мамлекет тарабынан жеткиликтүү деӊгээлде көӊүл бөлүнүп, Кольцо айылында жашагандар үчүн айына көмүр, тамак-аш, күнүмдүк тиричиликке керектүү буюмдардын баары жеткирилип турган. Ал кезде Сүлүктү шахтасы дүркүрөп иштеп тургандыктан, Кольцо айылы шахтачылар менен поездде иштеген мекендештерибиз үчүн атайын шаарча болгон.
Тургундардын айтымында, СССР кезинде жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мончосунан тартып Маданият үйү, дүкөндөрүнө дейре. Качан гана СССР ураганда Кольцо айылындагы «жыргализм» жашоонун баары түш сыяктуу жуулуп кеткен. Бүгүн Кольцо айылы карарган дөӊсөө, көр тирилик менен алпурушкан эл жана поезддин шака-шук үнүн сагынган темир жол калгандай элес тартуулайт.
Кольцо айылынын тарыхына кайрылсак, тээ 1960-жылы Сүлүктүнүн, 1963-жылы Лейлек районунун карамагында болгон. 1990-жылдары кайра эле Сүлүктү шаарынын карамагына өткөн. Түндүк жагынан Тажикстандын Коргончо, чыгыш тарабынан Лейлек районунун Булак-Башы айылдары менен чектешет. Батыш жана түштүк тарабы бөксө тоолор менен курчалган. Айылда бир фельдшердик-акушердик пункт орун алган. Бирок ал дагы натыйжалуу иш алып барбайт. Иш убактысында эшиги кулпуланып турганына күбө болдум. Жергиликтүү тургундардын бири Шерикбай Азизовдун айтымында, медициналык жардам бере турган мекеме жок. Шерикбай Азизов, пенсионер, 2-топтогу майып: «БИЙЛИКТЕГИЛЕР БООР ООРУП КОЮШСА БОЛМОК»
– Пенсияга чыкканыма 20 жыл болду, ошондон бери үйдө отурам. Айына 3500 сом акча алам. Жумуш кылайын десем ден соолук жол бербейт. Аялым дагы 2-топтогу майып болгондуктан, экөөбүз теӊ пенсиянын акчасын карайбыз. Бирок ал жетпейт. Ооруп кала турган болсоӊ өзүӊдүн эле шоруӊ. ФАП болгону менен кадр жок. Аргасыздан Сүлүктү шаарына барууга туура келет. Жол алыс болгондуктан жол киреге дагы акча керек. Кыскасы, Кольцодо чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Бийликтегилердин бири келип кабар алып кетсе жакшы болор эле. Балким, боор ооруп, көйгөйлөрүбүздү чечип бермек беле?Гүлбүбү Тажибаева, пенсионер: «ЦИСТЕРНАНЫН СУУСУН ИЧЕБИЗ»
– Бул жерде жаш балдар менен карылар гана калган. Жаштардын баары чачырап, ар кайсы бурчта көр тирилик менен алектенип жүрүшөт. Жалаӊ пенсиянын көзүн карагандар калгандыктан кайдагы өсүш? Ар кимиси өз тиричилиги менен алек. Иш кылайын десеӊ иш жок. Дыйканчылык кылганга айдоо жери жок. Төрт малын талаага айдап жиберип, ошолорду карап отурмай. Өзүмдүн бул жакка келгениме 58 жыл болду. Ошондон бери ушул кыштакта жашайм. СССР мезгилинде жолдошум темир жолдо күзөтчү болуп иштеген эле. Айлыгы дагы жетиштүү болчу. Пенсияга чыгып, көзү өткөнүнө бир нече жыл болду. Ошондон бери азыр жети жашка чыгып калган неберем экөөбүз турабыз. Балам Бишкекке көчүп кеткен. Ал дагы өз үй-бүлөсү менен алек. Керектүү муктаждыктарыбызды жиберип турат.
Таза суу тартыш, буга чейин суу жоктугунан улам жергиликтүү тургундар коӊшулаш Булак-Башы айылынан суу ташууга аргасыз эле. 4 жыл мурун скважина иштетилип, цистерна орнотулгандан тарта башка айылдардан суу ташымай зарылчылыгы жоюлган. Элдин баары цистернага чогулган сууну пайдаланышууда. Ботобек Эшмурзаев, Кольцо айылынын башчысы: «БАЛДАРЫБЫЗ ЧАТЫРДА ОКУБАЙ КАЛЫШТЫ»
– Биздин эӊ негизги көйгөйүбүз – суунун тартыштыгы. Цистерна орнотулгандан кийин бул көйгөйүбүз жеӊилдей түштү. Ошентсе дагы жолдун төмөнкү тарабында жайгашкан айылдаштарыбызга суу жетпей жатат. Аргасыздан цистерна орнотулган жерден сууну ташып ичүүгө мажбур болушууда. Ошондон улам азыркы тапта айыл жаштары менен биргеликте скважиналарды тазалап, суу тартсакпы деп аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары биздин айыл Тажикстан менен чектешкендиктен «чек арада жайгашкан айыл» деген макам ыйгарса оӊ болмок. Ал үчүн дагы жөлөкпулдар берилип, айылдаштарыбыздын жашоосу жеӊилдей түшмөк.
Айдарали Кайымкулов атындагы №6-орто мектеби заманбап шартта салынып, быйылкы жылдын 26-апрелинде пайдаланууга берилген. Буга чейинки эски мектеп 2012-жылы жер титирөөдөн улам жараксыз деп табылып, буздурулуп, окуучулар атайын чатырларда билим алууга аргасыз болушкан эле. Учурда 102 окуучуга 13 мугалим сабак берет. Спорт залдын курулушун аяктоо 2015-жылга белгиленген.Каныбек Эшмурзаев, А.Кайымкулов атындагы орто мектебинин директору: «АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМИБИЗ ЖОК»
– Мектепте бардык шарттар бар. Эски мектепти атайын мештер менен жылытсак, азыркы тапта башкы меш аркылуу гана жылытабыз. Жылытуучу систем үзгүлтүксүз иштейт. Учурда англис тили боюнча мугалим жок болуп жатат. Өзүбүздө кадр жок. Башка айылдан алып келели десек жол алыс. Алган айлыгы жол киресине гана кетип калат. Ошондон улам Тажикстандын Коргончо айылындагы орто мектебинин мугалимдери менен кызматташсакпы десек, ага мыйзам жол бербейт экен. Эгерде айылыбызга атайын макам ыйгарганда, мугалимдердин айлыгына 1000 сом кошулмак.
Темирбек Матаев
koom@super.kg