Жаңы клип
Ильяз Абдыразаков “Жаным ай” ырына клип тарттырды. Клип тууралуу төмөндөн окуп, ал эми клипти www.super.kg/media/?type=video&id=969 сайтынан көрүп, сын-пикириңизди калтыра аласыз.
Бул клип башкача. Мындан сиз табиятты көрө албайсыз. Же кымбат баалуу машина, особняк, анын ичи толгон эмеректерди да учуратпайсыз. Болгону, “клип кантип тартылат?” деген суроого кенен түшүнүк алчу кадрлары көп. Ильяздын бул клибинин узактыгы 3 мүнөт 37 секундга созулат. Клиптеги башкы каармандар Ильяз Абдыразаков жана мектептер арасында өткөн “Бишкек сулуусу-2008” конкурсунун жеңүүчүсү – Айжан.
СҮЙҮНДҮ СҮЙҮНДҮРЧҮ ЭМГЕКАталган клиптин режиссёру Сүйүн Откеевди кепке тарттык.
– Сүйүн, клипти тартуу кыйынга турбадыбы?
– Оңой-олтоң болду дегенден алысмын. Мен 10 жылдан бери Германияда режиссёрлук боюнча окуп, иштеп жүргөм. Быйыл Кыргызстанга келип “Медиа стар” деген клип, жарнамалык ролик тартуучу медиа продюсердик борбор ачып, ырчылар менен иштеше баштадым. Мындан сырткары, “Супер-Инфонун” 5 видеоролигин тарткан элем. Ильяздын ырын угуп, мурдатан пландап жүргөн идеямды ишке ашырсамбы деп сунуштасам макул болду. Клип студияда гана тартылды. Баарыбыз даярданып Ильязды күтүп отурганбыз. Бир маалда ал келип “башка күнү тарталы” деди. Кыязы, клипти сыртта тартып көнүп калган ырчыга студиянын ичинде тартылуу өөн учурады окшойт. Бир сааттык убактыңды алат деп айтып араң көндүрдүк. Айткандай эле бир күндө тартылып, тогуз күндө монтаждалып бүттү.
– Демек, клиптин сценарийи да өзүңүзгө тиешелүү турбайбы.
– Бул клип аркылуу биз клип кантип тартыларын элге көрсөттүк десем болот. Клиптеги Ильяз минген мотоциклди табуу кыйын болду. Ижара акысы 1 саатка 10 миң сом дейт. Эгер чийилип калса, ага да төлөө керек экен. Ошентип, тааныштар аркылуу башка мотоцикл таптык. Ал эми калганы компьютерде жасалгаланды.
ИЛЬЯЗ САРЫ ФУТБОЛКАСЫН ТАППАЙ...
– Ильяз, клип жактыбы? Клиптеги башкы каарман Бишкек периси экен, көрүп сүйүү сезими ойгонуп кетпедиби?
– Чынын айтсам, өзүм да тартылган боюнча клипти көрө элек болчумун. Бүгүн көрдүм. Мага жакты. А клиптеги каармандар менен тартылган күнү гана таанышкам. Андан кийин байланышкан жокпуз.
– Клиптен кандай өзгөчөлүк байкадың?
– Бир өзгөчөлүк мага дароо эле көрүндү. Футболкам сапсары болчу. Түсү өзгөрүп кетиптир... Тамаша! Клип кандай болгонун көргөн адам күбө болуп, өзү таразалайт.
Бурул Исмаилова
star@super.kg