Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында жүрөк үшүн алган окуя катталды. Аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу аял белгисиз кылмышкердин колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
“АПАМ “БААТЫР ЭНЕ” НААМЫН ЖАКЫНДА ЭЛЕ АЛГАН”
Маркумдун кызы Махабат Өмүрканова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:– Апам Гүлжан Мусаева 55 жашта эле. Нарын облусунан болот. 7 баланы төрөп, чоӊойткон. Жакында эле “Баатыр эне” наамын алган. Көп жылдан бери соода менен алектенип келген. Апамды 13-октябрь күнү Беш-Күнгөй айылында акыркы 1 жарым айдан бери өзү ижарага алып иштетип жүргөн дүкөндө бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү делинип Улан деген бала кармалган. Ал алгач кылмышын толугу менен моюнуна алып, апамды кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген болчу. Милиция кызматкерлерине “чөнтөгүмө таш салып келип, отурган жеринен башка 3-4 жолу чапкам. Кассасында акча жок экен, 1 бөтөлкө арак алгам” деп көрсөтмө бериптир.
Апам дүкөндүн бир бөлмөсүндө жашап соода кылчу эле. Жанында курбусунун 8-класста окуган Салтанат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу кызы чогуу жатчу. 12-октябрь күнү Улан карызга бир бөтөлкө арак сурап келсе, апам бербей койгон экен. Экөө ошондо уруша кетип, Уландын сөгүнүп, ызырынып кеткенин Салтанат көрүптүр. Милиция кызматкерлери ошол кыздын көрсөтмөсү менен фоторобот түзүшүп, 28-октябрь күнү аны Бишкек шаарындагы наркологиялык ооруканадан үйүнө чыгып келе жаткан маалда кармашты. Ал бала ошол айылдагы Майрам аттуу эжесинин үйүндө убактылуу жашачу экен. Апамды өлтүргөндө дүкөндүн ичинде кылмышкердин бутуна кийген көлөчүнүн бир түгөйү калып калыптыр. Милиция кызматкерлери ал жашаган үйдү тинтишкенде көлөчтүн бир түгөйүн Улан өзү катып койгон жеринен таап бериптир. Ошентип ал баланы милиция кызматкерлери тергөө абагына камашкан болчу. Уландын жездеси Жогорку Кеӊештеги депутаттын биринин бир тууган агасы, өзү да Жогорку Кеӊеште иштейт экен. Ал адвокат жалдап, наркология бөлүмүнөн “кылмыш болгон күнү Улан ооруканада жаткан” деген жасалма документ жасатыптыр. Ошентип кайнисин “силер камаганга акыӊар жок” деп 4 күндөн кийин тергөө абагынан чыгарып кеткен.
“КЫЛМЫШКЕР ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТИН АРТЫ МЕНЕН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП КЕТКЕНИ ЖАТАТ”Окуянын андан ары кандай уланганын маркумдун бир тууган иниси Каныбек Абдылдаев айтып берди:
– Биз кайра даттанган соӊ наркологиялык бөлүмдү текшерүүгө алышып, соттук-медициналык экспертиза ал кагаз жасалма экендигин тастыктады. Ошентип милиция кызматкерлери Уланды алыскы Тогуз-Торо районундагы өз айылына качып кетип калган жеринен кармап келип, кайра камашты. Мындайча айтканда, врачтар ооруканага жатканы келип, кайра чыгып кеткен Кочевников деген бейтапка ачылган оорусунун тарыхы жазылган кагазды бурмалап, Уландын аты-жөнүн жазып коюшкан. Ал эми наркологиялык ооруканада иштеген дарыгерлер кылган күнөөсүн моюндарына албай жатышат.
Бул жаатта милиция кызматкерлери да жакшы иштебей жатышабы деп ойлойм. Эжемдин кыркылык ашы өтсө да натыйжалуу иш кылыша элек, дарыгерлерди да толук суракка алышкан жок. Азыр биз экспертизага деле ишенбей калдык. Бул жакта адам өлүп жатса, дарыгерлер документтерди бурмалап, кылмышка шектүүлөрдү боштондукка чыгарып жатканына зээниӊ кейийт. Уланга адвокаты, жезделери үйрөткөн окшойт, азыр болсо биринчи берген көрсөтмөсүн танып, таптакыр башкача көрсөтмө берүүдө. Ички иштер министрлигинен жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул ишти адилеттүү териштирип беришин суранабыз.
“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ДАЙЫМА МАС БОЛУП КЕЛИП, КАРЫЗГА ЖАЗЫЛЧУ”
Андан соӊ маркум менен кылмышка шектүүнүн уруша кеткенине күбө болгон Салтанат менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал окуя тууралуу буларга токтолду:
– Мен апамдын курбусу, бир чети тууганы Гүлжан эжеге каралашып, кээде түнкүсүн анын жанында жатып калчумун. 13-октябрь күнү да апам үйгө келген соӊ кечке жуук дүкөнгө бардым. Барсам дүкөндүн эшиги жабык, жарык өчүп турат. Ичине кирбей 2-3 жолу эжени атынан чакырсам жооп болгон жок. Дүкөндүн артында даараткана бар, ошол жакка кеткен окшойт деп эшиктин алдында 2 мүнөттөй күтүп турдум. Анан эженин чөнтөк телефонуна чалсам дүкөндүн ичинен коӊгуроо угулду. Дүкөнгө кирип жарыкты күйгүзсөм эле эже канжалап жерде жатыптыр. Эшикке чуркап чыксам көчөдөн бир киши өтүп бараткан экен, ага айттым. Анан атама телефон чалдым. Алар келишип, милиция кызматкерлерин чакырышты. Улан деген баланы таанычумун. Дайыма мас болуп келип, карызга жазылып кетчү. 12-октябрь күнү кечинде да карызга арак сурап келип, Гүлжан эже менен уруша кеткенин көргөм.
“КАЙНИМ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛСО ЖАЗАСЫН АЛСЫН”Кылмышка шектүү делинген Уландын жездеси Аманды да издеп таап, анын окуя боюнча өз чындыгына кулак түрдүк:
– Улан менин кайним болот, биздин үйгө конокко келген. Ачыгын айтыш керек, ичимдикке жакын бала. 11-октябрь күнү “сен бизди уят кылдыӊ” деп үйдөн кууп чыккам. Кайнимдин айтымында, милиция кызматкерлери аны кылмышты моюнуна алдыруу үчүн сабашыптыр. Мен тергөө иштерине кысым кылып же аны бурмалоого аракет кылган жокмун. Тергөөчүгө кылмышкерди тапкыла деп айткам. Эгер Улан күнөөлүү болсо, тиешелүү жазасын алсын. Негизи окуя болгон күнү Улан ооруканада жаткан. Бирок ал жакта иштеген дарыгерлер кассага акча төлөтпөй, кайним берген акчаны өз чөнтөктөрүнө салып, ага оорусунун тарыхы тууралуу кагаз ачышпаптыр. Эми ошол иштери үчүн жооп берип жата беришсин. Мен ал дарыгерлерди тааныбайм, документтерди жасатып койду деген чындыкка жакындашпайт.
“ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА”
“Бул окуя боюнча кесиптик териштирүү жүрүп жатабы же жокпу?” деген сурообузга жооп алуу максатында Улуттук наркология борборунун жетекчиси Руслан Токубаевге байланышканыбызда, негедир ал бул тууралуу айтуудан баш тартты. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Айбек Арзиматовго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул иш боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан 13-октябрда Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмышка шектүү делинип Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана жасалма кагаздарды жасоо боюнча да өзүнчө экспертизалар дайындалган.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg