КОСМЕТИКА КОЛДОНУП, СУЛУУЛУК САЛОНУНА БАРАСЫЗБЫ?

Турдалы Аскарбеков:
– Мурда жүзүмө көп деле көңүл бөлбөчүмүн. Кийинки жылдары гана кам көрө баштадым. Азыр сакалымды алганга чейин, алгандан кийин атайын кремдерди колдоном. Сулуулук салондорунун кызматын колдонбосом да чачымды бир калыпта алып жүрүш үчүн 15 же 20 күндө бир жолу чачтарачканага өзүмдүн мастериме барып турамын. Ал эми маникюрга барбайм, бирок, педикюр жасатам. Болгондо да мончого барганда ошол жактан жасатып келем.

Мирлан Жетигенов:
– Артист болгондон кийин жүзүңө кам көрүүң зарыл. Анткени, жүз деген адамдын көркү. Өзүм эртең менен жана кечинде бетимди тазалап жууп, курамында ар кандай витаминдер бар кремдерди колдоном. Ал эми сахнага чыгаарда бетти агартуучу кремди сүйкөп коём. Маникюр, педикюр дегендерге болсо өмү­рүмдө бир да жолу барып көргөн эмесмин.

Турусбек Жумалиев:
– Профессионалдуу актёр болгонумдан кийин өзүмдүн бетиме өзүм кам көрөм. Анткени, мен 5 жыл бою театралдык грим колдонууну окугам. Концерттерде сахнага чыкканда жарыктан бет жалтырап калбаш үчүн атайын майдан жасалган театралдык грим колдоном. Гримди бетке өтө кылдаттык менен коюу керек. Аны эрежеси менен койсоң, эч зыяны жок жана бетке бырыш түшпөйт. Ошондон улам бир топ жылдан бери грим колдонуп жүрсөм дагы бетимде бырыш жок. Ал эми азыр эркектер үчүн да модага айланып кеткен маникюр, педикюрдун кызматын колдонбойм. Анткени, мага бул жагымсыз адаттай сезилет.

Максат Бегалиев:
– Артист болуп ар дайым элдин көзүндө жүргөндүктөн, бир айда эки жолу сулуулук салонуна барып, бетимди тазалатып турам. Анткени, жүзүң менен имиджиңдин айкалышып турганы азыркы учурда талапка ылайык. Анан сахнага чыгаарда жеңил макияж жасатам. Бирок, көзүмдү, кашымды эч качан боёгон эмесмин. Ал эми атайын салонго барып, педикюр жасатуунун мен үчүн зарылчылыгы деле жок. Анткени, маникюр, педикюрду үйдөн өзүм эле сонун кылып жасап алам.

Съездбек Искеналиев:
– Сахна жагымдуу жүздү талап кылат. Ошондуктан, сахнага чыккандан тартып жүзүмө көбүрөөк көңүл бөлө баштадым. Мисалы, жалаң гана "Чёрный жемчуг" фирмасынын эркектер үчүн чыгарылган кремдер топтомунан колдоном. Анда кол кремден тартып сакал алгандан кийин колдонулуучу кремге чейин бар. Негизи, бир фирманын гана кремин колдонуу пайдалуу экен. Ал эми чачым үчүн сулуулук салонунун кызматынан колдоном.

Ырыскелди Осмонкулов:
– Албетте, артист болгондон кийин жүзүңдү, келбетиңди жагымдуу кылып карап жүрүү абзел. Менин келбетиме өзүмдөн дагы жубайым көбүрөөк кам көрөт. Анткени, чачты ар кандай формага салып, маникюр, педикюр жасоо – келинчегимдин хоббиси. Ошондон улам мага сулуулук салондоруна баруунун зарылчылыгы деле жок. Анан дагы жубайым мага кайсыл учурда эмнени колдонуу керек экенин эскертип турат.

Микаэль:
– Жүзүмө, келбетиме мен өтө чоң көңүл бөлөм. Ошондуктан, менин келбетимдин үстүндө иштеген атайын өзүмдүн стилистим бар. Ал мага кандайча жарашыктуу кийинүүнү жана жүзүмө кантип кам көрүүнү айтып турат. Андан сырткары кээде косметологго да барып, кеңеш алып турам. Ошондой эле тырмактарымды бир формада, тыкан алып жүрүү үчүн өгөөлөтүп, маникюр жасатып коём. Ал эми педикюр жасатып көргөн эмесмин.

Суроо салган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан