«Салам, Нью-Йорк!» тасмасында баш каарман Эриканын ролун аткарып, «Супер-Инфонун» «2013-жылдын супер актрисасы» наамын алган Аида Тулебаева учурда наристе жытына мас болуп жүрөт. Актриса 16-ноябрь күнү кыздуу болуп, атын Амели коюшкан. Эне статусуна жаӊыдан ээ болгон Аида: «Бакыт эмнеде экенин эми билдим. Наристе бул жашоодогу эӊ кымбат, баалуу нерсе экен. Жашоодо мындан артык эч нерсе кызык эместей сезилип калды. Ар бир айым бул сезимдин даамын татуусуна тилектешмин»,- дейт.