«ТАШТЫ ЧУКУТУП ТАЗАЛАТУУ КООПТУУБУ?»

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.
– Айрымдар тиштеги туруп калган таштарды чукутуп салышат экен. Мындай учурда тиштин эмалына доо кетпейби?
Улук, 40 жаш, Жалал-Абад облусу
–Азыр бардык эле стоматологиялык борборлордо заманбап технологиялар колдонулуп калбадыбы. Ооба, мурда тиштеги таштарды тазалоодо экскаватор деген аппарат менен чукуп тазалашчу. Мындайда тиштин эмалына доо кетиши толук мүмкүн. Азыр коркпой эле таштарды тазалатууга бара берсеңиз болот. Себеби азыр технология жаңыланып, ультра-үн же нурдануу, вибрация жолу менен тазалашат. Мында коркунуч жок. Бир тиштин ташын тазалоо 70 сомдон 100 сомго чейин болот.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
бир тазалаткандан кийин дайыма тазалатып туруу керек болот
Тиштин ташын 6 айда бир тазалап туруш керек.
мен уч жыл мурун тазалаткам,азыр кайра кичинеден пайда болуп келатат,мурда болсо таштар буйломду туртуп,капкара болуп корунуп турчу,азыр анчалыка жете элек,ар бир адамдыкы ар кандай болот болуш керек?
Таштарды жылына 2 жолу тазалатып туруу зарыл,себеби -таштарда аябагандай коп микроптор бар организмге зыян.Ташты тазалабаса топтолуп олтуруп акыры тиштин кыймылдашына алып келет.