Үйдү жылытуу тутумунан жылуулук алуу үчүн, негизинен, суу колдонулат. Кышкысын үйдө киши жок от жагылбай калса же катуу суукта үйдүн чатырында жайгашкан суу куюлуучу идишиндеги жана түтүктөрүндөгү суу тоӊуп калуу коркунучу бар. Суу тоӊуп эле калбастан, темир түтүктөрдү жарып да кетери белгилүү. Мына ушул маселенин алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл?
ТЕМИРГЕ ДА «ТОН» КИЙГИЗҮҮ КЕРЕК
Жылытуу тутумунун үйдүн сырткы бөлүгүндө жайгашкан, ичинде суусу бар темир түтүктөрүн жана суу куюлуучу идишин кышкы сууктан сактоо үчүн ага «тон» кийгизүү зарыл. Бул үчүн ысыкка чыдамдуу минералдык кебездер (айнек кебези, базальт кебези), көбүртүлгөн каучук менен полиэтилен өӊдүү материалдар жарайт. Аты аталган материалдардын бири менен аларды тегерете ороп чыгып, анын сыртынан бекемдеп таӊуу керек. Эгер меш бир үйдө жагылып, башка үйгө жылуулук түтүк аркылуу кетсе, ортодогу түтүктөрдү сөзсүз жылуулаӊыз. Бул жылуулуктун сыртка кетишине жол бербей, максаттуу пайдаланууга жардам берет. Ошондой эле темирге болгон сырткы терс таасирлерди азайтат.
СУУ ОРДУНА АНТИФРИЗНегизинен суу жалпы элге жеткиликтүү. Бирок анын бир кемчилиги – 00 градуска жеткенде тоӊуп калуусу. Ага улай суу тоӊгондо анын көлөмү 9 пайызга көбөйөт. Бул темир түтүктү тээп, ал гана эмес, жарып да кетет. Мындан улам климаты суук аймактардын тургундары суунун ордуна башка суюктукту пайдаланууга мажбур. Тактап айтканда, жылытуу системи үчүн чыгарылган антифриз. Акыркы жылдары Кыргызстанга чет өлкөдө колдонулуп жүргөн, жылытуу тутумуна суунун ордуна куюлуучу антифриздер келүүдө. Бул суюктуктун өзгөчөлүгү – кышкысын оӊой менен тоӊбойт. Суюктук этиленгликоль спиртинен жана пропиленгликоль суюктугунан жасалат жана –200 градустан –650 градус суукка туруктуу болуп түрлөргө бөлүнөт.
Антифриз десе кээ бири автоунаага куюлуучу суюктукту элестетишет жана, кызыгы, аны жылытуу тутумуна колдонсо болот деп ишенимдүү айткандар да бар. Бирок бул жаӊылыштык. Себеби автоунаага пайдаланылган антифриздердин курамында силикаттын жана фосфаттын кошулмалары, аминдер, нитраттар жана башка элементтер бар. Булар бууланганда темирге, резиналарга терс таасирин тийгизет. Абага тарап кетсе адамга зыян алып келет. Ошондой эле аны суу менен аралаштырууга да болбойт. Ал эми үй жылытуу үчүн чыгарылган антифриз экиге бир катнашында (1 литр антифриз – 2 литр суу) тазаланып, жумшартылган сууга кошулуп жылытуу тутумуна куюлат. Ал эми өзөндөгү же түтүктөр аркылуу келген суулар жарабайт. Аларда магний менен кальцийдин тузу бар. Булар түтүктүн ичинде калдыктарды пайда кылат. Эгер суук антифриз ылайыкталган температурадан төмөн түшүп кетсе, ал антифриз коюуланат. Аябай эле төмөндөсө, анда темир өӊдүү катып калат. Бирок тийиштүү жылуулук берилген соӊ кайра баштагы суюк абалына келет. Антифризди колдонуу мөөнөтү 5 жылга чейин. Бул аралыкта анын курамындагы пайдалуу элементтер түгөнөт. Андыктан аны толугу менен алмаштыруу зарыл. Мындай суюктуктун баасы Бишкек шаарынын базарларында түрүнө жараша 1 литри 80-120 сомдун тегерегин түзөт.
АНТИФРИЗ КОЛДОНУУДА ЭСКЕ АЛУУЧУ ЖАГДАЙЛАР:
ЖЫЛЫТУУ ТУТУМУНА ЖӨН ГАНА СУУ КОЛДОНУЛГАН УЧУРДА...
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg