Арстанбек Абдылдаев: «КЫРГЫЗ БАШЧЫСЫ УЛУУ ЖОЛДУ БИЛБЕСЕ, БӨЛӨК ЭЛДЕЙ ЭСЕПТЕСЕ, ЭЭЛИК КЫЛЫП УЗАЙ АЛБАЙТ. БАШЧЫСЫ НАЧАР ЭЛ КӨРҮНГӨНГӨ ЖЕМ»

Касиетиӊ болбосо Теӊир сени тентиретет, ата-тегиӊ кеселдетет. Касиетиӊ болбосо эмгегиӊ да бекер болот, эгиниӊ да кесел болот. Касиетиӊ болбосо мазарлар сыр көрсөтөт, калкыӊда чыр көбөйөт. Касиетиӊ болбосо дилиӊ кара, ишиӊ жалаа, касиетиӊ болбосо тегиӊ, элиӊ капа. Элиӊе наалыба, касиетиӊ болбосо байлыгыӊ да, бийлигиӊ да жараксыз.

КЫРГЫЗЧЫЛЫКТА МАМИЛЕ СЫЙ-УРМАТКА НЕГИЗДЕЛГЕН
– Кыргыздын улуу касиети – баланы гана эмес, жаш өспүрүмдөн 80 жаштагы карыяга чейин адамды ыйман жолунан чыгарбай, адам касиетине улап, чакырып турган каада-салттарында, нарктуулугунда. Адамга Кудай баарын берет: жанды, өмүрдү, күндү, айды, жерди, сууну, абаны, азыкты, бакытты. Азапты адам өзү табат. Теӊир жолунан адашса эле азаптын жолуна түшкөнү, өзү да байкабай калат. Тарбиянын 4 түркүгү – эмгек, адеп, мекен, улут улуулугу. Тарбия – адам тагдырын, коом тагдырын, мекен тагдырын, мамлекет келечегин чечкен улуу иш. Табылма илим жаштарга берилип, адис катары даярдалып, эки диплому бар жаштарыбыз турмуштун сырын билбей, өмүр жолунда көп адашып, кыйналып чайналууда. Табигый тарбия – адамгерчиликтүү, сабырдуу, мээримдүү, кечиримдүү, токтоо, көтөрүмдүү болууга жаштар окутулбайт, үндөлбөйт, үйрөтүлбөйт. Табигый илим тарбия болбогондуктан кыялы терс, мүнөзү чорт, өзүн кармана албаган, кесирлүү, мыкаачы, ажаан, көпкөн, урмат-ызаат дегенди билбеген, жалкоо, эрксиз, кайратсыз, намыссыз, уятсыз, калпычы, паракор, ж.б. терс мүнөздөгүлөр көбөйгөн сайын жашообуз тозокко айланды. Үй-бүлөлөр ажырашып, жетимдер, жесирлер, кара далылар, таштанды балдар, кароосуз калган кемпир-чалдар, абакка түшкөндөр, мал уурдап, киши өлтүргөндөр күн санап көбөйүүдө.
Кыргызчылыкта адамдар ортосундагы мамилелер сый-урматка негизделген. Адам байлыгына жараша бааланбай, ыйманына, тазалыгына, калыстыгына, жөнөкөйлүгүнө, элге кылган эмгегине карата бааланып, баркталган. Адамдын көӊүлү ооруп калбасын деп сөз каймана айтылып, намысына шек келтирилчү эмес. Эрегишкенге, атаандашканга, арыздашканга жол бербей, ынтымак, биримдик баарынан бийик турчу.
Азыркы бийликтин жазалоо, коркутуу, жоопко тартуу мыйзамы бар, бирок бир тобу турмушка ашпайт. Ал эми салт талабын адам өз ыктыяры, ишеними, каалоосу менен аткарат. Айырмасы өтө чоӊ, турмуш эреже талаптарын прокурор, аким, соту жок эле салт-адатын калыӊ эл өз ыктыяры менен кыйшаюусуз аткарган. Кыргыздын улуулугу ушунда. Үйгө топ мейман келсе төрдөн ким орун алат, кимге кандай жилик эт тартылат, топ жыйында ким сөздү баштайт, ким улайт, бардыгы ыраатка келтирилип, адатка айланган. Салтка жараша жашы улгайган адам аксакал деп аталып, бардык жагынан үлгү болгон, бул да кары адамды тарбиялоо. «Карылыкка жетиптирсиӊ, касиетке жетпептирсиӊ» деген сөздү угуу өлүмгө тете болгон. Сөз адеби, дасторкон адеби, жүрүм-турум адеби улуу билим болгон. Бул билим улуу-кичүү муундарды бекем бириктирип, элдүүлүктү сактап, калктын ынтымагын, биримдигин чыӊдаган улуу күч болуп келген. Улуу жолдун тарыхый өнүгүү өзөгүн жоготуу – элдүүлүктү, эл өзүн жоготуу дегенди туюндурат. Миллиондогон кыргыздын көкүрөгү ойгонсо тилеги, тили, дили, наркы, салты, руху, тарыхы, келечеги, максаты бириккенде гана кыргыз эли мекени болот. Анын баары бирикпесе, миллиондогон тургун, жаран, шайлоочу атуул болуп башы бирикпеген алсыз, күчсүз, кудуретсиз, бүгүнкүдөй көп кишилердин тобу болуп кала берет. Бул элдүүлүктү, улут касиетин жоготуунун алгачкы кадамы. Жер, мүлк жеке менчикке өтүп, базар экономикасы Кудайга айланып, ага баары кулдук уруп дүйнө, акча, пайда, насыя жана аларга жеӊил жеткизген мансап, кызмат, депутат мандаты, саясий чайкоочулук элди ыдыратып, бөлүп, ынтымагын кетирди. Мындай кыйын абалда элдин башын кошуп, жүрөгүн бириктирип, тилегин бир кылчу күч бирөө гана – ал кыргыз мекени, кыргыз улуту, ата-журтубуздун тагдыры, эртеӊкиси, балдарыбыздын келечеги, баары биригип уюган улуттук дөөлөт. Элде болсо теӊ болсун, болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет. Убал, сооп, кесир, арам-адал деген түшүнүктөрдү эне сүтү менен кошо касиетке кыргыз ээ болуп жашап келген.
Улуу касиеттерге ээ болуп, аларды карманган үчүн миӊ жылдар бою кыргыз жок болуп кетпей, 21-кылымдын астанасын аттады. Кыргыз байыркы улуу эл – карт тарыхы, Манасы, боз үйү, комузу, салты, наркы, ыйман-адептүүлүгү, аруулугу, тектүүлүгү, түптүүлүгү рухий балуулуктарын пендечилик дүйнөдөн бийик баалаган. Намысы, эрдиги, 7-апрель окуясы, 10-11-июнь күндөрү жерин, элин коргогону баатырдыгын аныктап турат. Чөлдө, баткакта жашаган бакаларга жарашкан батыштын ыплас жоруктары (эркек эркекке үйлөнүп), 7 атасын эмес, 3 атасын билбеген, жети кереметти карманбаган батыш кыргызга үлгү болбойт. Кыргыз – француз, орус, атүгүл өзбек, казак да боло албайт. Кыргыз кыргыз бойдон калат, учур чак менен жашайт. 24 жыл батыштан үлгү алып, анын жолуна түшүп, мамлекетибизди кыйроого жеткизгенден башка эмне таптык? Мекенибиз кемиди, Үзөӊгү-Кууш, Каркыра сатылды, элибиз тентиди, чарбабыз талкаланды, баары (абийир, уят, намыс) сатыкка түштү. Элибиз эзилди, камырдай жуурулду, топтой тебилди. Баягы эле элин уурдап-тоногондор Акаев менен Бакиевге кошомат кылып, арам жол менен байыгандар, улуу кыргызды, өзүн тааныбагандар базар, арак завод, мейманкана, тойкана, көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери Үзөӊгү-Кууш менен Каркыраны сатып жиберген капчыктуулар кайра эл өкүлү бийлик бутактарында болуп, кыргыз мекени талкаланууда. Эл өкүлдөрүнүн кабыл алган мыйзамдарына, түзгөн өкмөт курамынын ишине эл тараза. Мурунку жеп-ичкендер качып кутулса, азыр алы жеткендерин камап, алы жетпегендерин качырып кутулууда. Эгемендүүлүктү алгандан бери төрт, үч жолу эл өкүлү болуп, көзгө көрүнүктүү эмне иш кылышты? Азыр да жаӊылап партия түзүп, штаб ачышып, кыргыз элинин ынтымагын ыдыратып, айылды алтыга, үй-бүлөнү үчкө бөлүүдө.
Кандай гана аталышта 160тан ашык саясий партиялар болгон жок, кимиси эл турмушун жакшыртып, мамлекетибизди күчтүү, кубаттуу кылып, улут, мекен, эл үчүн кызмат кылды? Акаев түзгөн «Алга кыргызстан», Бакиев эки айда түзгөн «Ак жол» партиясы кыргыз элин талкалаганын бат эле унутуп коёбузбу? Батыштын толгон-токой идеология, саясатынан көрө кыргыздын кырда отурган бир үй-бүлөсүнүн ою бийик. Сандаган депуттардын сөзүнө караганда кайып илимин алып жүргөн бир адамдын ою, сөзү, иши өтүмдүү. Деги эле кыргыз эли үчүн партиялар батыштын программалары өйдө турабы же мекен, улут, өлкө жана мамлекетибиздин тагдыры, келечеги улуу, ыйык болуп эсептелеби? Кыргыз элин ыдыратып партияга бөлүп, алсыз кылып өз максатына жетүү – бул батыштын саясаты. Улуу элбиз дейбиз, бирок батышты ээрчип кор болобуз.
Кыргыздын улуулугун улап, бабалардын мурасын сактап, ынтымагыбызды бекемдеп, парламенттик башкаруудан баш тартып, кыргыз элинин, өлкөсүнүн жаӊылануусуна шарт түзүп, калыс, адилеттүү, касиеттүү, чыныгы элдик адамдарды алдыбызга коюп, көктө шаӊшыган, бүркүттөргө жарашкан Манас бабабыздан мурас болуп калган жолго кайрылып, ага негиз болгон эл бийлигин орнотуп, элдик курултайды киргизген баш мыйзамды кабыл алалык. Качанкыга чейин кыргыз эли жер карап, азаптан арылбай, өз мекенинде, өз элинде акыйкат, чындык, адилет таппай, чыркыраган үнү же бийликке, же Жаратканга жетпей, эптеп күн көрүп, малайлыктан, кедейликтен чыга албай жүрө беребиз? Же кыргыз кемип отуруп аты тарыхта калып, өзү жок болуп кеткен элдердин катарынан орун алабызбы?
«Алты саным аман турганда ыйык кыргыз жеримди душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди тебелетип бөтөнгө кор кылып карап жаткыча туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн, аткарбасам антымды, төшү түктүү жер урсун, Көкө Теӊир өзү урсун» деп ант берген Манас бабабыздын тирүүсүндө кыргыз эли үчүн кызматы, азыр да коргоп, колдогон арбагы, руху бар. Арбак ыраазы болмоюнча тирүүнүн иши жүрбөйт. Ата-бабалардын арбайынын улутун жеригенди, тааныгысы келбегенди айыптоого, кырсыктырууга укугу бар. Элдин талабын күчөтүп, эч нерсеге баш ийбей турган бийиктикке жеткирүүгө, жетектөөгө (революция) ата-бабалардын арбайынын укугу бар. Өз алдынча чыныгы кыргыздарды топтоп, мамлекетти алып берүүгө, түптөөгө, колдоого, кубулуш каражат менен каржылоого ата-бабалардын арбайынын укугу бар. Кыргыз мамлекетинен батыштын жол-жобосун алып салууга, кыргызчылыкты мыйзамдаштырууга ата-бабалардын арбайынын укугу бар. «Күндүн көзүн көрбөгөн күндүз чырак күйгүзөт, ата салтын билбеген кул экенин билгизет» болуп кыргыздын улуулугун, өзүн тааныбагандар элди адаштырганда кантип тынч жатабыз? Бир жанын ит деле багат. Бир өлүм башта. Суубуз тетири агып, ташыбыз кулап, элибиз жер карап турат. Бүгүн кыргыз эл-жер үчүн жанын кыйбай эле койсун, мекен, келечек үчүн түз сүйлөп, чындыкты бетке айтканга жарабадык. Тазаланып кайра курууну кыргызга сырттан келип эч ким алып бербейт, ал кыргыз элинин өз ичинен чыгып, эл аракетинен гана боло алат. Улут алдында парзыбызды унутпай, бөлөк улутка басынбай малай, кул болбой, көр тириликке көмүлбөй, кызмат, мансап, байлык топтоодон өйдө көтөрүлүп, ойгонуп, эл тагдырын, мекен тагдырын, улут тагдырын, өлкө тагдырын чечүү милдети улуу кыргыз элинин алдында турат. Калыӊ журт өз келечегине кайдигер карабайт. Келечек муундарына, керек болсо тентектерине да жамандык каалабайт.

АКЧА – БУЛ АЗГЫРЫК
– Кыргыздын чоӊ жазасы – уяткаруу менен бата тартуу болгон. Эл башчысы, аткаруу бийлиги элге баш ийбегендиктен, элге кеӊешпегендиктен адашууда. Элге жоопкер болбогондуктан уурдоодо, элдин тагдырын бир топ чечүүдө. Миллиарддарды уурдаган президенттер өлкө тагдырын акчага алмаштырып, байлыкка тойбосо катардагы министр, депутат, акимдер байлыкка, акчага тоёбу? 21-кылымда адам акча пайдаланууну өз ордуна койбосо өтө чоӊ кыйроого дуушар болот. Акча – бул азгырык, энергияны жеп, касиетти чарпып, жолдон чыгарат. Мен деген сезимди өөрчүтөт. Акча – бул чексиз азап, кыйынчылык, өлүм, өзүн-өзү жоюу, түрдүү азап жол. Акча – өкчө. Акчаны энергия кийип алып адамды өкчөп жатат. Кагаз иштери адамдын касиетин талкалайт, ал эми сезим-туюм иштегенде адамдын энергиясы күчүнө кирет. Колунда бийлик турганда дүйнөнүн бир да падышасы өз баласын элдин келечеги үчүн өлүмгө кыя элек.
Эгер энебиздин сабырдуулугу, көсөмдүгү болбосо, 1916-жылдагы үркүн, кыргын түштүк аймагында да болмок. Эл үчүн күрөшкөндөр дүйнө жыйбайт. Даанышман Курманжан датка энебиздин энчилеп алган жери, басып алган байлыгы, мунаралуу хан сарайы жок. Азыркы бийликтегилердей отурган ордосун, жашаган түнөгүн чеп менен тоскон эмес. Өз элинен коргонуп ат таптап, ит маштап, колуна курал берип «мени корго» деп армия курабаган. Элдик адамды эл коргойт. Энебизге эл ээн кирип, эркин чыккан. Энебизди эл коргогон үчүн Орусия сестенип, сылык мамиле түзүүгө аргасыз болгон. Элдин күчү ушунда. Эл үчүн күрөшкөндү эл унутпайт.
Боз үй – ааламдын үлгүсү. Жер энеге тигилип, төбөсүнөн Көкө Теӊир көрүнөт. Улуу кыргыз боз үйдө отуруп, аӊ-сезими боштондукка чыккан. Ачкыл ичип, жан дүйнөсүнө ачылыш жасап, көрбөй туруп көсөм сүйлөшкөн. Ал эми Ак үйдө журттун тагдырын бир адам чечип, өкмөт, аэропорт кызматкеринен айыл өкмөтүнө чейин бөлүшүп, кошоматчылар, уурулар, эки жүздүүлөр көбөйдү. Эки жүздүү инсан Кудайдын каарына калат. Эки дүйнөдө жакшылык көрбөйт. Ыймандан, ырыскыдан кол жууйт, жылдызы өчөт, өӊү бузулат, абийири ачылат, эл жактырбайт, акыры жер жашоосунан жоюлат.
Бийликтегилердин итинен мышыгына чейин ууру болду. Уурулук – бул макирөө, бирөөнүн, элдин ырыскысын уурдап алуу ыймансыз, ыплас иш болот. Уурулук ыймандуулука болгон жолду жаап, азапка түртөт, өӊүӊдү өтө суук көрсөтөт. Уурулук кылсаӊ, андан он эсе чыгым тартасыӊ. Элден уурда, эл билбесин, элде күнөө жок, атайылап уурдаган күнөө сенде. Көкүрөгүӊдү кирдетип атпайсыӊбы. Улуу кыргыз «адилет болбой эл жарыбайт, эл байлыгы –адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат» деп айткан. Теӊдик жок жерде тынчтык жок. Теӊдик болгон жерде үй-бүлө тынч, эли-журту тынч, аалам тынч, жерде жашоо тынч, тараза так болсо базар тынч, адамдардын көӊүлү, мамилеси тынч. Тынчтык болгон жерде бактылуу жашоо, ачык көӊүл, узун өмүр. Үй-бүлөдө аялы же эркеги басынтып же башкарууну ойлосо, үй-бүлө теӊдигинин бузулушу, урмат-сыйдын, ишенимдин жоголушу, ырк бузулуп, ызы-чуу башталып, аягы ажырашат, тирүүлөй жетимдер көбөйөт.
Өзүмчүлдүк – өксүк жашоонун булагы. Башкарууда теӊдик бузулса, башчыга элдин ишеними кетип, ынтымак бузулуп, ызы-чуу башталып, аягы камоо, кан төгүүгө чейин барат. Теӊиримдин теӊдик мыйзамын бузгандык үчүн азап менен кайгы боло турганын түшүнүүгө убакыт жетти. Ааламдык мыйзам, салт, нарк, бузулбаган жерде бактылуу жашоо, иш, ырыс-ынтымак бар.

КАНДАЙ АДАМ АДИЛЕТТҮҮ?
– Жашоодо азап тартып кыйналгандарга таяныч, жөлөк болгон. Пара алып багынбаган, жойпуланып жалынбаган, көр казгандардын көзүн ачкан, тор жайгандарды торго салган, эл үчүн, жер үчүн өлүмгө барган, кайгы учурунда качпай жанда турган, жамандыкты жакшылык менен алмаштырган, эл үмүтүн ишке ашырган, коргоочу, ак жолго баштоочу, кууларды, ат токурларды, пейили жамандарды эл алдында тайманбай бетин ачкан, бузукуларды муунтуп жолго, айыптуулардын абийирин ачып торго салган. «Кудай, эл көрбөйт» деп ууру кылгандардын Кудайын тааныткан элдик адамды адилеттүү дейбиз.
Адилеттүүлүк бакытка жол ачат, душманга багынбайт. Адилеттүүнүн артында изи, калкында баркы, тарыхта аты, даӊкы калат. Адилетсиз – элди азапка салат. Кудай чындыкты, адилеттүүлүктү сүйгөндүктөн, адилеттүү адамды коргоп, колдоп турат. Адилетсиз адам амалкөйлүк, эки жүздүүлүк менен турмуш өткөрөт, бирок азабын тартат.

КАЛЫС АДАМ КАНДАЙ БОЛОТ?
– Калыс адам Көкө Теӊирдин буйругу менен калктын жана адамзаттын тагдырына бакыт тартуулоочу өзгөчө касиеттүү инсан. Эл тагдыры бычактын мизинде турганда калыс адам өз касиетин көрсөтүп, жалган менен жалааны кылычтаган, чындык үчүн өмүр арнаган, тууганына да, душманына да бирдей караган. «Теӊир алдында ар бир сөзүм, ишим үчүн жооп берем» деп жоопкерчиликти эӊ жогору койгон. «Бирдин, миӊдин, элдин тагдырына, келечегине жоопкерчиликти моюнума алып жатам» деп сезген көрөгөч, көсөм калыстыкты как жарган чечен, бийик аӊ-сезимдүү, духу күчтүү, көзү ок, сөзү от, бирөөнүн мүнөзүнөн, ырыскысынан, сөзүнөн, ички оюн окуй билген, акылдуу, касиеттүү адамды калыс дейбиз. Өзүнүн жүрүш-турушу, кадыр-баркы башкаларга үлгү болот. Калыс адам кайраттуу болуп, сөзүнө туруп, маселени туура чечет. Калыс адамды касиет жылоолойт. Тобосуна жанган адамдын жан дүйнөсү токтоосуз өсөт.
Касиет – бул жөлөмө күч, ата-тегинин арбайы, периштелер. Айылда бирөө көпкө ооруп, медицина жардам бербей, кыргызчылыгы ачылып, эмчилик кылып балдарды айыктырат. «Урушпа, периштелер качат, үй-бүлөӊдөн кырк күн ырыскы азаят» деп коёт карыялар. Анын сыӊарындай, касиетиӊ болбосо сакая албай саргаясыӊ, мактана албай арданасыӊ, касиетиӊ болбосо топтогонуӊ тойго эмес, жолго кетет. Касиетиӊ болбосо Кудайдын жардамынан жазасы көп. Байлыгы, бийлиги, армиясы, милициясы, криминалы туруп, карапайым элдин каарына калгандыктан жөлөмө күчү, периштелери таарынгандыктан, колдобогондугунан эки падышабыз качты.

(Уландысы болот)
Табигый китептер боюнча телефон:
0550 12 96 96, 0775 98 81 88
Facebook: Арстан Алай Абдылдаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
advert
2014-12-16 09:42:26
Арстанбек байке шайлоого карап иш кылбайт! бул байкени тушунсонор, кыргызга ушундай да куйгон адам барбы деп тан каласынар. ар бир адамдын оюн тушунолу...
+1
Azizbek_Musabekovich
2014-12-16 09:47:01
туура advert, сага кошулам. канча статьясын окудум, аябай жакшы, маанилуу жазат. негизи маанисин тушунушубуз керек.
0
Samchuk
2014-12-16 09:58:08
Баракелдэ! Арстанбек байке, сиздин оюнузду окуп отуруп, кыргыздын башы бир бутун болуп биригип, онугуп-осуп, келечекке бир жаркын умут жалындады. Сиздей кыргыздар бул умутту тутундыраарлардын катарын толуктаар деп ишенем. Ийгилик сизге, ден-соолук, бакыт-таалай!
0
restreppo
2014-12-16 13:14:45
зима не будеть деген ушул беле?
0
crishti_7
2014-12-16 15:22:37
мунун дини башкаго э?
0
Sadyrov_n93
2014-12-16 19:10:49
оа шаман го дейм бул,тушунбойм вообще мен да идеяларына.ислам-чыныгы дин.
0
Multicam
2014-12-16 22:59:56
Корком адабийди мыкты билет го. Тенирчи болгонуна боорум ооруйт.
Биздин динибиз Ислам , бул адамды тушунгум келбейт.
0
Jan-aLgyCh
2014-12-17 00:18:58
Кыргыз учун куйгону сыйга татырлык. Бирок арбайдын укугу бар, арбак урат дегени кулкунду келтирет. Жанагы барго бир кыялынды корсом суйгум келет, бир кыялынды корсом башындан ылдый сийгим келет дегендей эле болуп калды биягы.
+1
nargiz_96
2014-12-17 03:23:55
Быйылда зима болбойбу?
0
kalbek87
2014-12-17 22:42:34
Бул кишинин озундо бар бекен касиет,макаланы го жазыптыр бирок,такыр тушунуксуз кандай ойдо жазган максаты эмне тушуно албай койдум го
0
pakiistanka
2014-12-18 01:56:51
Бийликтерди эле жамандай берет го эми...Чыныгы дин Ислам!!!
0
jazyl
2014-12-18 02:58:23
Dagy paida bolduvu?))otkondo uwul Brat dep banga ketkem))
0
raxelya
2014-12-18 12:05:11
Ислам ислам дейбиз ,бирок Ислам уйбулолорду бузуп,бир багалегин эптеп которуп кие албагандар самсаалашып билсе билбесе деле тантырашып оозго келгенди оттошуп журушот.Тегеректи айланып карайлычы,ааламда исламды жамынып канча киши кандай кылмыштарды кылып журот.Канча кыздарыбыз хиджаб кийип алып бузукулук кылып,денесесин сатып жургондор канча?!Кудайга болгон ишеним,таза журок,жана умут куч берет.Бул байкени колдойм,азаматсыз!!!Туура кептин чындыгы бар,Тенирим бизди колдосун!!!
-2
zulik_julik.kg
2014-12-21 02:00:30
raxelya, Уялсан боло корксон боло акыретте куйосун тообо кыл боордош
0
admin_superstan
2014-12-19 10:02:44
berdikul, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
Nuranna_93_kg
2015-02-22 17:25:22
Тенир дегени ушунча касиеттуу создорду бир тыйынга эле тенеп койгондой Жараткан деп кайрылбаптыр,ошентсе да дене боюм дуркуроп козумо жаш алып кеттим аябай таасирдуу жазылыптыр.Жок дегенде минден бири агабыз айтып откондой элим жерим деп куйсо,мекенибиз онугуп элибиз бейкутчулукта жашамак.
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан