Бизге окурмандар «колдогу же тизенин астындагы томпок шишик эмнеден улам жаралат? Аны кетирсе болобу?» деген суроолор менен кайрылышкан эле. Аларга Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ортопедия бөлүмүнүн жетекчиси Мансур Кудайкулов жооп берет.«Гигрома менен көбүнчө тигүүчүлөр, идиш жуугучтар ооруйт»
– Кол-буттагы томпок шишиктер медицинада «гигрома» деп аталат. Бул латын сөзү «hygros» – ным, «oma» – шишик дегенди билдирет жана залалсыз шишик түрүнө кирет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ичинде суюктук толгон шишик. Ал алакандагы жана буттагы муундарда, тизенин астында жана үстүндө, томукта көп кездешет.
Алакандагы шишик манжалары менен 40 муун сөөгү (алакан сөөгүнө кирет) активдүү иштеп, бир түрдүү кыймылды кечке кайталай турган кесип ээлерине таандык. Мисалы, пианисттер, идиш жууп иштегендер, айдоочулар, тигүүчүлөр, чачтарачтар. Эмнеге дегенде буларда күч алакан сөөктөрүнө, анын ичинде манжаларга жана тарамыштарга түшөт.
Ал эми буттун манжа муунундагы шишиктер көбүнчө спортчуларда кездешет. Анткени буларда күч манжа муундарына жана тарамыштарына түшөт. Ал эми тамандагы, томуктагы, чыканактагы, тизелердин астындагы жана үстүндөгү гигромалар жаш балдарда, улуу адамдарда да жолугат.
Шишик дамамат бийик така кийип жүрүүдөн да келип чыгарын унутпоо кажет. Чыканакта аны таянып отуруу адатынан, кулап жаракатка кабылуудан жаралат. Кээ бир адамдарда шишик 2-3 жеринде болушу мүмкүн.
Негизи, тери астындагы муундардын жана тарамыштардын кабыкчасы болот. Кабыкчалар жаракатка кабылганда сезгенет да, ага суюктук (былжыр сары суу) толо баштайт. Чогулган суюктуктан улам кабыкча кичинеден томпоё баштайт. Көлөмү тооктун жумурткасындай же андан чоӊ өлчөмгө өсүп жетиши да ыктымал.Дарылоо жолдору
Шишикти чоӊоё элегинде дарылап жок кылууга болот. Мисалы, физиотерапия (ток менен дарылоо), парафин коюу, дары майларды сыйпоо менен. Айрымдар кутулуу максатында суюктукту сордуртуп салышат. Бирок бул туура эмес, анткени жаракатка кабылган кабыкча кала берет жана ал жерде суюктук кайрадан чогула баштайт. Кээ бирлерде майда шишик жүрүп-жүрүп жок болуп кетет. Бирок канча бир убакыттан кийин кайра пайда болушу мүмкүн.
Шишик абдан чоӊойгондо тегерегиндеги нервди, ткандарды кысып, оорутууну жаратат. Кээде суюктук сыртка тээп, терини тешип чыгат же ичтен жарылып, тегерегинин баарын сезгентип, абалды оорлотот. Мында дароо врачка кайрылуу керек.
Гигромага көп жылдап көӊүл бурбай койсо, анда кабыкчанын ичинде эт өсүп кетет. Адамдын канындагы холестериндер гигромага топтолуп баштайт да, ал жерде бара-бара майда сөөктөр өсүп, шишик катуу тартат. Гигрома сөөккө айланганда операция жолу менен алып салуудан башка арга жок. Андыктан шишикти чоӊойтпой, алдын алуу кажет.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg