Социалдык тармактардын биринен Назира Джилкибаева аттуу айымдын өзү арык, бирок ичи челкейип шишип калган абалдагы сүрөтү көӊүлүмдү бурду. Назира айымдын абалы менен таанышып, кандай жардамдарга муктаж экенинен кабар алып келдик.Назира Джилкибаева: «МАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАНДАН КОРКУШАТ»
«Жаш ортосу 35 деп коёт. Жаӊы эле акыл-эсине кирип келе жаткан уулун ата кем кылбай тарбиялачу, эне кызынын чачынан сылап, сырдашар убагы ушул курак. Бирок мунун баары мен үчүн жомок сыяктуу болуп келе жатат. Турмуш жүгүн көтөрчү учурда анын баарын кыздарым менен жолдошума арта салып, 7 жылдан бери оору менен гана алышып келе жатам» дейт бүгүнкү каарманыбыз Назира.
– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болом. Жолдошум экөөбүздүн 2 кыз, 1 уулубуз бар. Улуу кызым 8-класста окуса, кенжебиз 5 жашта. Менде бул илдет бар экенин 2007-жылы билдим. Курсагымда жумурткадай болгон шишик пайда болуп, дарыгерлер альвеококкоз (мите тасма курттардын биринин личинкалык стадиясы, чер ыйлаагы. Ракка жакын өнөкөт оору. Боордо альвеококк курту пайда болуп, боорду жеп, катуу затка айландырат. Кээ биринде ал киста болот, катуу болсо да күн санап өсө берет) деген диагноз коюшту. Алар «мунун пайда болгонуна 10 жылдай болуп калыптыр. Бул оору кир сууну ичкенден, түлкүдөн, келемиштен жугат» дешти. Ошол эле жылы шишиктин бир жагын, кийинки жылы экинчи жагын кесишти. Экинчи операциядан кийин боюмда болуп, аман-эсен көз жардым. Эки кызыбыз бар болчу, уулдуу болдук. Дарыгерим «бул ооруну дарылоо оор» дегенден башка кеп айтпайт эле. Бир таблеткасы 100 сомдон турган дары ичип жаттым. Мага операция жасалгандан көп узабай мени караган дарыгер каза болуп калды. Андан бери көп эле ооруканаларга кайрылдым, «дары ич» дегенден башка кеп укпадым. Дарыгерим каза болуп калган үчүн башкалар мага операция жасагандан коркушат. «Сага өлүкканадан башка эч жерден кепилдик бере алышпайт» дешет. Эч жеримди оорутпай, ичим капкатуу болуп шиший берди. 2014-жылдын башынан бери абалым оорлошуп, өзүм арыктап, бирок ичим чоӊоё берди.
«ЖАРДАМ СУРАСАК ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕН ЖҮРӨГҮМДҮ ООРУТКАН КАТ КЕЛДИ»
– Тиричилигибиз дыйканчылык менен өтөт. Тапканыбыз менин дары-дармегимден ашпайт. Жумуш кыла албайм, күчтүү тамак жешим керек. Кыздарымды, жолдошумду көрүп боорум ооруйт. Эч кимге күнүӊ түшпөй, өзүӊдү өзүӊ камсыздоонун өзү чоӊ бакыт. Бирок тагдыр башка ушундай күндү салганда аргасыздан жардам суроого туура келет экен. Өлкөбүздүн дарыгерлеринен «сага өлүкканадан эле кепилдик берет» деген сөздү уккандан кийин жолдошум экөөбүз чет өлкөнүн дарыгерлери менен байланыша баштадык. Индия менен Түркияда меникиндей ооруларга операция жасалат экен. Бирок чоӊ суммадагы акча керектигин айтышты. «Донорду өзүӊөр тапкыла, андан сырткары 100-120 миӊ доллар керек» дешти. Жайында Индиядан дарыгерлер келген эле, аларга «50-60 миӊ доллар берели» десек көнүшкөн жок. Бизде ошол акча да жок эле. Жолдошум "өзүм донор болом, каражат табалы" деп тиешелүү документтерди даярдап, чуркап жүрөт. Мен болсо бир аз бассам эле ичим салаӊдап, алсырайм. Өкмөттөн жардам сурайлы деп Жогорку Кеӊештин 5-6 депутатына кат жазсак, жардам берүүдөн баш тартышты. Ысык-Көл облусунун губернатору 10 миӊ, аким 2 миӊ, өзүбүздүн айыл өкмөт 10 миӊ сом жардам берди. Жогорку Кеӊештен бир кат келиптир, окусам анда «тигиден 10 миӊ, мындан 2 миӊ, тияктан 10 миӊ сом алыптырсыӊ, болот да ошол. Бюджетте эч нерсе жок» деп жазылыптыр. Өкмөттөн келген кат жүрөгүмдү оорутса, карапайым эл мени тааныбаса да социалдык тармактардан абалымды угушуп, телефонума бирдик салып коюшат. Жүрөгүм жылып, ыраазы болуп калам.
«ЭЧ КИМГЕ НААРАЗЫ ЭМЕСМИН, ТАГДЫРЫМА ТААРЫНАМ»
– Альвеококкоз боордун жанында пайда болгону менен боорум таза. Ал кан тамырларымды кысып калган. Тамырларга аралашып кеткен үчүн дарыгерлер эч нерсе кыла албай жатышат. Ашказаныма да таасир этип, кээ бир учурда кан кусуп калам. Тынбай заара чыгаруучу дарыларды ичип турам. Болбосо ичим шишип кетет. Аны иче берсем витаминдердин баарын айдап салат экен. Ичим шишигенде мал союп терисин сыйрып жаткандай терилерим ажырап кыйналам. Бул Кудайдын бешенеме жазганы да, эч кимге нааразы эмесмин. Бир гана тагдырыма нааразымын. Дарыгерлер деле колдорунан келгенин кылды. Мунун баарын көтөрбөгөндөн башка аргам жок. Банктан эсеп ачканбыз, үмүтүм бир гана элде. Уккандар болсо жардамын аябастыр. Кыздарым, балдарым эсине кирип калганда аларды таштап кетким келбей жашыйм.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg