Рубль өзүнүн наркын жоготуу боюнча жуманын ортосунда рекорд койду. Көптөн бери 1 сом 50 тыйындык көрсөткүчтү кармап келген бул валюта Бишкекте 16-декабрда сатып алууда 70, ал эми сатууда 85 тыйындын тегерегин түздү. Эки күндөн кийин гана ал кайрадан сомго теӊелип, сатып алууда 90 тыйын, сатууда 1 сом 5 тыйынга чыкты. Буга, белгилүү болгондой, АКШ менен Европанын Украинага байланыштуу Орусияга жарыялаган санкциялары жана дүйнөлүк рынокто мунай баасынын 48 пайызга төмөндөп, баррели
60 доллардын тегерегине жетиши башкы факторлор болууда.
Орусияда иштеп жүргөн биздин мекендештерибиз үчүн бул кырдаал жагымсыз. “Замандаш” ассоциациясынан билдиришкендей, кыргызстандык эмгек мигранттарынын 80 пайызы Орусияда иштеп келет. “Алар мурда мекенине ай сайын 700-1000 доллардан акча которуп келишсе, эми болгону 100-200 доллардын тегерегинде акча жиберишүүдө” деп билдиришет ассоциациядан. Белгилей кетсек, 2014-жылы мекендештерибиздин Кыргызстанга которгон акчалары өлкөнүн ички дүӊ өндүрүмүнүн 33 пайызын түздү.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg