«Кумтөрдүн» окутуу борбору: «КООПСУЗДУКТУ САКТА, АНАН ИШ БАШТА!»

Ар бир ишкана эӊ биринчиден жумушчуларынын коопсуздугун сактоого тийиш. Бул мыйзам боюнча каралган талап. «Кумтөр» алтын кен ишканасы – ал мыйзамдын ар бир тамгасына чейин сактаган өлкөдөгү саналуу гана мекемелердин бири. «Коопсуздукту сактоодон да жогору турган бир да иш жок» деген принциптин негизинде ар бир жумушчу окуу борборунан өндүрүштөгү коопсуздук боюнча билим алган соӊ гана ишке киришет.

БОРБОРДУН МАКСАТЫ – ЖУМУШЧУЛАРДЫ КООПСУЗ ЭМГЕККЕ ҮЙРӨТҮҮ
«Кумтөрдүн» жумушчуларга коопсуз эмгек боюнча билим берген Бишкек, Балыкчы жана Каракол шаарларында атайын окутуу борборлору бар. Борборлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «эмгекти коргоо боюнча уюмдун жумушчуларын окутуу жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартиби жөнүндөгү» жобонун жана Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде иш жүргүзөт. Ишканага жаӊы кабыл алынган, бөлүмдөн бөлүмгө которулган, иш тажрыйбадан өтүп жаткан студенттер, «Кумтөргө» келишимдик негизде өндүрүштүк-техникалык кызмат көрсөткөн ишканалардын жумушчулары окуп, сынак тапшырууга милдеттүү. Эгер жумушчу өз убагында окуудан өтпөсө же сынактан кулап калса, иштөөгө уруксат берилбейт. Ошондой эле «Кумтөрдө» иштеген ар бир жумушту жыл сайын окуудан кайталап өтөт. 16 сааттык окуу программасы ишкананын өндүрүш боюнча вице-президенти Фил Уэлтен тарабынан бекитилген жана ал КРнын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган. Мында өндүрүштөгү техникалык коопсуздук, химикаттар менен иштөө, өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттерди көрүү, иш ордундагы эрежелер, ички тартип, экологияны сактоо, ал гана эмес туура жыгылуу жана башка көптөгөн коопсуздук эрежелери окутулат.
Окутуу борборунан жумушчулар билим алып жатканы үчүн ишканадан акы алышат. Болгондо да эки эсе өлчөмдө. Тактап айтканда, 16 саат билим алса, 32 сааттык акча төлөнөт. Окутуу борборлорунан жылына 3 миӊден ашык адам окуп турат. «Кумтөр» ишканасындагыдай коопсуздук эрежелерин сактоо жоктугунан Кыргызстанда 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле өндүрүштөрдө 70 кырсык катталып, анын ичинен 29у адам өмүрүн алып кеткен.
Окутуу борборунда 19 жылдан бери өндүрүштөгү окуулар боюнча мастер катары эмгектенип келе жаткан Аида Жамалова:
– Компаниябыздагы ар бир жумушчу Бишкек, Балыкчы, Караколдогубу же кендегиби, айтор, баары бул эрежелерди жатка билет. Теориялык билимдерди сабак учурунда окуп жаткандардын катышуусу менен иш жүзүндө көрсөтүп беребиз. Жумушка кеч келип, эрте кетип калуу деген жок. Компания бизди мыкты иштеп, татыктуу акы алууга жана тартипти сактоого үйрөттү. Эгер менин сабагыма 10 мүнөт кечигип калса, киргизбейм. «Эртеӊ кечикпей кел» деп жолуна салам. Эртеси да кечиксе, эжекелегенине, жалдыраганына карабайм. Акырын эле жетекчисине билдирүү жөнөтүп коём. Андан аркысын жетекчилик менен чечишип алуусу керек. Биз берген билим жумуштан башка убакта да кереги тиет. Мисалы, бир жумушчубуз шаар ичинен унаа сүзүп кеткен аялга жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калса, дагы башка балдарыбыз көлгө чөгүп кеткен өспүрүмдү куткарып калышкан.

«КУМТӨРДҮН» АР БИР КЫЗМАТКЕРИ БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛАТ
Техникалык коопсуздуктан сырткары жумушчулар биринчи медициналык жардам боюнча «Кызыл жарым ай» коомунан 8 саат билим алышат. Соӊунда аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтө турган билимин тастыктаган 2 жылдык мөөнөткө эсептелген эл аралык сертификат берилет. Мындай сертификатка «Кумтөрдүн» ар бир жумушчусу ээ. Аталган коомдун кызматкери, Балыкчыдагы бөлүмүнүн окутуучусу Нургуль Эркетаева: «Бул жерде биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча сабактарды өтүп, иш жүзүндө көрсөтүп үйрөтөбүз. Биринчи жардам кайсы жана кандай учурда көрсөтүү зарылдыгын түшүндүрөбүз. Сабактын негизин күйүк, денеге келтирилүүчү ар түрдүү жаракаттар, жасалма дем алдыруу өӊдүү 12 тема түзөт»,- дейт.

КЕНДЕГИ ЖУМУШ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ САЛУУДАН БАШТАЛАТ
Алтын кендин өзүндө болсо, коопсуздук эрежелеринин сакталышын ар бир бөлүмдүн жетекчиси көзөмөлгө алат жана техникалык коопсуздук боюнча инженерлердин штабы бар. Күн сайын алгач жумушчулардын коопсуздук эрежелерин сактоо, эмнелерге көӊүл буруу керектиги эске салынып, жумуштагы жекече коопсуздук каражаттары текшерилет. Коопсуздук кызматында иштегендер иш орундарын кыдырып, туура эмес бир нерсени байкашса, эскертүү берип, көзөмөлдөп турушат. Эгер жумушчу биз үчүн эӊ эле жөнөкөй сезилген көз айнекти тагынбай үч жолу эскертүү алса, ал суроосуз дароо иштен айдалат.
Ошондой эле ишканада «Коопсуз эмгек үчүн» программасы иштейт. Анын алкагында ар бир жумушчу өндүрүш ордундагы коркунуч жараткан иштерди ачыктап туруусу зарыл. Эгер бир жумушчу кооптуу жагдайды же кимдир бирөөнүн шалаакылыгын байкап калса, атайын картаны толтуруп, жетекчиликке маалымдайт. Жетекчилери чара көрүшөт. Ал эми кооптуу жагдайды байкаган жумушчу ошол толтурулган картанын негизинде ай сайын өткөрүлүүчү лотереяга катышып, ийгилик жылмайса 400 долларга чейин сый акы утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул ыкма өндүрүштөгү коопсуздуктун сакталышын кыйла жогорулатат.
Окутуу борборундагы билим канчалык мааниге ээ экенин билүү үчүн окуп жаткандардын айрымдарын кепке тарттым. Алардын бири «Кумтөргө» келишимдик негизде кызмат көрсөткөн жергиликтүү
ДНКА компаниясынын атынан ширетүүчү болуп эмгектенген Азим Тургуналиев: «Кечээ сабак өтүп, үйгө берилген тапшырмаларды аткарып келгем. Өндүрүш ишинде тиешелүү эрежени сактабасаӊ, кырсыкка учурап калышыӊ мүмкүн. Жумуш жумуш менен, үйгө аман-эсен барышыбыз керек. Андыктан сабакка аябай көӊүл коюу менен катышып, эрежелерди эске түйүп жатам. Окутуучулардын сабак өтүүсү өтө жакты. Кааласаӊ кыргызча, кааласаӊ орусча жалпак тил менен баарын жеткиликтүү түшүндүрүп беришүүдө.
Бул жерден алып жаткан билим күнүмдүк турмушта дагы керек болот. Мисалы, жумушка байланыштуу коопсуздук эрежелеринен сырткары тайгак жерде туура басууну, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону, кары-картаӊдар менен жаш балдарга жолду кесип өтүүгө кичипейилдик кылып жардам берүүнү да окутууда»,- дейт.
Ал эми мурда «Кумтөрдө» 17 жыл иштеп, учурда «ЭлектроСила» компаниясынын атынан кенде инженер-электрик кызматын Акылбек Ирискелдиев аркалайт. Ал: «Келишимдик негизде кызмат көрсөткөн ишканага которулгандыктан кайрадан окуу борборунан окуп, сынак тапшырам. Тартип ушундай катуу. Бирок бул өзүбүздүн коопсуздугубузду сактоого болгон чоӊ камкордук» деген пикирин билдирди.
«Кумтөрдөгү» алтын ылгоочу фабриканын аналитикалык лабораториясынын техник лаборанты Эмил Валиев:
– Иштегениме 10 жылдын жүзү болду. Учурда жылына бир ирет өтүүчү окууну окуп жатам. Мурда өтүп жаттап калсак деле кайра окуп чыгуу компаниянын тартиби, аны сакташыбыз керек. Мунун баары эле өмүрүбүздүн коопсуздугу үчүн. Ушунча жылдан бери иштеп келатам, бирок бир да ирет, өрт чыгып же газ чыккан өзгөчө кырдаалга туш болгон жокмун. Мунун баарына ишканадагы тартип, коопсуздук эрежелеринин сакталышы себеп.

ОКУТУУ БОРБОРУ ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРЕТ
Окутуу борборунун кечээкиси, бүгүнкүсү жана эртеӊи тууралуу анын жетекчиси Норман Бобосел айтып берди:
– Биздин биринчи максат үч окутуу борборун ачып жолго коюп алуу болчу, аны ийгиликтүү ишке ашырдык. Эми окутуу программасын толугу менен заманбап талаптарга ылайык электрондук вариантка өткөрүү жана бирдиктүү маалымат базасын түзүү. Алгачкы окутуу борбору 1995-жылы Каракол шаарында негизделип, ар бир бөлүмгө ар башка программада окутууларды чет өлкөдөн келген окутуучулар өтүштү. Анткени өндүрүш ишиндеги программаларды өткөрүүгө кыргызстандык окутуучулар жетишсиз, дээрлик жок болчу. Бара-бара жергиликтүү окутуучуларды өстүрүп, билимин жогорулатуу менен, алардын санын көбөйттүк. Ошол жылдары Караколдо интернет, жаӊы технологиялар жакшы өнүгө элек болгондуктан окууга керектүү китептерди Түндүк Америкадан алдырчубуз. Аларды англис тилинен которуп, көбөйтүп басып чыгарып, видеоматериалдарды даярдайт элек. Болгону бир компьютер болгондуктан котормочулар китептерди кагазга жазып, аларды компьютерден бирөө терип чыкчу. Кыскасы, машакаты көп болчу.
Караколдогу окутуу борборундагы жумушчуларга өтүлгөн темаларды иш жүзүндө көрсөтүү үчүн алынган техникалар менен шаардагы Жылуулук электр борборунун күлүн, таштандыларды чыгарып, жолдорду, арыктарды тазалап, шаар тургундарына бекер кызмат кылчубуз. Кийинчерээк окутуу борбору кендин өзүнө көчүрүлгөн. Бирок жумушчулардын ыӊгайына карап 2012-жылы кайрадан жогорудагы үч шаарга ачылды. Биздеги программалар дүйнөдөгү өндүрүш ишканаларга коюлган стандарттарга толугу менен жооп берет.
Ошондой эле Норман мырза, тоо-кен өндүрүшүндөгү негизги багыттарды санап өттү. Алар: коопсуздук, жергиликтүү жана эл аралык мыйзамдарды, нормаларды сактоо жана жумушчулардын билим деӊгээлин өстүрүү. Компанияда иштеген кыргызстандыктарды жогорку кызматтарга жеткирүү боюнча 1997-жылдан бери атайын программа иштейт. Ага ылайык коюлган шарттарга, талаптарга туура келген кызматкерлер компаниянын каржылоосу менен чет өлкөлөрдөн окуй алат. Бүгүнкү күнгө чейин компаниянын 1000ден ашык кызматкери билимин жогорулатууга жетишкен. Мисал катары, «Кумтөрдүн» кадрлар бөлүмүнүн учурдагы жетекчиси Нурбек Төлөбаевди айтсак болот. Ал ишканага алгач коопсуздук кызматына жумушка орношуп, аталган программанын аркасы менен билимин жогорулатып отуруп, бүгүн мындай бийик кызматка жеткен.

Өзгөчө кырдаал учурундагы техникалык коопсуздук боюнча окуу.

Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу учурунда.

Окуу борбору заманбап окуу куралдары менен камсыздалган.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан