Келишкен келбетине шаӊшыган үнү төп келип, көп адамды куштар кылган ырчы айым Гүлбү Орозкул кызы бир топ жыл сахнадан алыстап, ырдабай калган эле. Бүгүнкү маекте анын себебин сурап, ырчы айым менен кызыктуу баарлаштык.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Аксы районунун Авлетим айылы
Туулган жылы, күнү – 1976-жыл, 1-ноябрь
Билими – М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун бүтүрүүчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – 2 кыздын энеси, жалгыз бой
Учурда – Жеке ырчы, «Достор» тобунун ырчысы
Репертуарындагы ырлары – «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башкалар
– Кандайсыз, Гүлбү айым? Аябай жашарып, сулуу болуп кетиптирсиз, мунун сырын сурабасам болбос...
– Рахмат, мындай комплименттерди көп угам. «20 жылдан бери бир калыпта келе жатасыӊ» деп суктангандар бар. Мунун өзгөчө сыры деле жок. Бирөө жөнүндө жаман ойлобойм, жаман айтпайм, кемчилигин чукубайм, атаандашпайм, болбогон сөз үчүн көӊүлүмдү оорутпайм. Адам биринчи жан дүйнөсүн калыпка келтирип, ойлорун иретке салыш керек, себеби анын сулуулукка тийгизген таасири чоӊ. Ал эми ичкен тамагын көзөмөлгө алып, өзүн кароо бул экинчи планда.
– Диета кармап, спорт менен машыгасызбы?
– Диета кармабайм, ал эми кичинемде каратэ менен машыкчумун. Студент кезде окуу жайыбызда дене тарбиядан берген агайыбыз орус эле. Анда айылдан жаӊы келген убак, орусча сүйлөгөндү такыр билчү эмесмин. Орус агайыбыз көнүгүү жасатып, турникке тартылтып, айтор, бизге оор көнүгүүлөрдү жасата берчү. Аны менен айтышайын десеӊ орусча билбейсиӊ да. Анан унчукпай эптеп баа алыш үчүн айтканын кыла берчүмүн. Ошол кезде пайда болгон курсагымдагы пресстер азыркыга чейин катып турат. Спорт менен жаш кезде машыкса пайдасы кийин тиет окшойт деп ойлоп калдым.
– Бир топ жыл сахнадан карааныӊызды таппай калдык, мунун себеби эмнеде?
– Аял киши үчүн биринчи орунда үй-бүлө турат. Мен да үйдө энелик милдетимди аткарып, көр тирилик менен алектенип жүрдүм. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетейин десем, колумдан келбей койду, баары бир үйгө тартыла бердим. Кыздарыма тарбия берип, окутуп, тамагын жасап, үйдө жылуулукту камсыз кылып, үйдүн куту болууну чыгармачылыктан да бийик көрдүм окшойт. Эми кыздарым чоӊоюп колум узарып калды. Эки кызым теӊ «ырдап чыгыӊыз, сиз ырдашыӊыз керек» деп мени түрткүлөп турушат. Улуу кызым «сизди өзүм ырчы кылбасамбы» деп жеӊин түрүнүп алган. Ошолордун дем-күчү, сүрөөнү менен азыр жаӊы жылдык берүүлөрдүн бирин да калтырбай тартылып жатам.
– Чыгармачылыкка чыйыр жолду качан салып баштагансыз?
– 8-классымда өзүмдүн апам М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайга жетелеп келген. Агайлар ырдатып көрүп сынаксыз эле дароо окууга кабыл алышкан. 15-16 жашымда өзүм окуган окуу жайдын атынан «Ала-Тоо периси» сулуулар сынагына катышып, 3-орунду алгам. Сынактын уюштуруучусу ыраматылык Бакыт Букаев болчу. Чыгармачылыгымды алгач алып баруучулуктан баштадым, биринчи жолу филармониянын чоӊ залындагы концертти алып барганым эсимде. Андан соӊ ырчылыкка ооп, алгачкы жолу Динара Акулованын концертинде «Балама» деген ырды ырдап чыктым. Ошондо Динара эже батасын берип, ырчылык тушоомду кескен эле.
– Кыздарыӊызды жалгыз тарбиялап жатканыӊызды билебиз, бул нерсенин оорчулугу жокпу?
– Мен 1ге чыкканда атам каза болуп, ата тарбиясын көрбөй, таята-таенемдин колунда чоӊойдум. Бизде бул эркектин жумушу, бул аялдыкы деп бөлгөн учур болгон эмес. Таята, таенем чабан эле, кой кайтарчумун, малдарга тоют берчүмүн, атты токуп да, жайдак да минген учурлар болгон, кар күрөчүмүн, айтор, алар мени оокатка тыӊ болсун деп аябай эмгекчил кылып тарбиялашты. Бул тарбиянын зыянын көргөн жокмун, жашоомдо азыркыга чейин пайдасы тийип келет. Үйдө эркек-аялдыкы деп ылгабай жумуш кылгандан коркпойм. Кыздарыма тарбия берүүдө ушул ыкмаларды колдонгум келет, бирок азыркы жаштардын кабыл алуусу башкачараак.
Улуу кызым Айзуура Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студент, кичүү кызым Сезим Улуттук компьютердик гимназияда 11-класста окуйт. Мен эне катары алардын бактысын гана тилейм, ушуга чейин атанын да, эненин да тарбиясын бергенге аракет кылып келе жатам.
– Кыздарыӊыз менен болочоктогу күйөө балдарыӊыз жөнүндө сүйлөшөсүзбү?
– Үчөөбүз күн-түн дебей курбулардай сырдашабыз. Алардын жеке жашоосундагы бүт жаӊылыктар менен кабардар болуп турам. Улуу кызым «мени сыйлап, катуу сүйгөн мырза болсо эле калганын өзүм жасап алам» дейт. Ал эми кичүү кызым «сиз кайсы жигитти тандасаӊыз, ошого чыга берем» деп байракты мага карматып койгон.
– Кыз кишинин жолу башка, ал эми эркек баланыкы башка дешет. Уулдуу да болгуӊуз келеби?
– Бул нерсе кыздарымдын изги тилектеринин бири. Айрыкча кичүү кызым жаш балдарга аябай жакын. Наристелердин кийимин көрсө «сатып алып коё берели» деп үйрүлүп бети менен түшүп алат. Кыздарым «төрөп берсеӊиз, биз турмушка чыккыча өзүбүз эле багып чоӊойтушуп коймокпуз» дей беришет.
– Сизге өмүрлүк түгөй болчу адамдын орду башка эмеспи, кыздарыӊыз бул тууралуу кеп козгошобу?
– Жогоруда айтпадымбы, кыздарым менен курбулардай сырдашабыз деп. Ооба, жашоодо колдоп-тиреп турган адамым бар. Бар нерсени жок деп айткандардан эмесмин. Эӊ башкысы, бар болуп турсун. Кыздарым ал адам тууралуу билишет. Калган сөздөр убактысы келгенде айтылсын, турмушка чыгып калсам силерге биринчилерден сүйүнчүлөйм (күлүп).
– Мурунку жолдошуӊуз төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен учурда мамилеӊиз кандай?
– Өтө сый мамиледебиз. Ал киши кыздарымдын атасы. Кыздарыма тиешелүү маселелерди чечүүдө ага кайрылып турам.
– Жалгыздыктан коркосузбу?
– Жалгыздык башка түшпөсүн, Кудайга шүгүр, мага бул сезим тааныш эмес. Өзүмдү эч качан жалгыз сезип көргөн эмесмин.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!
АР ТҮРДҮҮ СУРОО-ЖООП
– Чыгармачылыктан сырткары каражат тапчу булагыӊыз барбы?
– Мурда тигүү цехин иштетчүмүн. Негизи мен кылбаган иш калган жок. Учурда чет өлкөдөн кийимдерди ташып иштейм.
– Ырларыӊызда башыӊыздан өткөн окуялар чагылдырылганбы?
– Мен чыгармаларымдын биринчи обону жакса гана кийин сөзүнө көӊүл бөлөм. Сөзү жакпай калса да ырдабайм. Экөө теӊ бири-бирине шайкеш келиш керек. Аткарып жүргөн чыгармаларымдын жеке жашоомо тиешеси жок.
– Ырым-жырымдарга ишенесизби?
– Кудайга гана ишенем. Канча ырым-жырым жасабайлы, Кудай береби, бербейби, буйруктан. Тиленип жашай берген жакшы.
– Сиздин багыӊызды ачкан кайсы чыгарма болду?
– Багымды ачып дебейин, бирок элдерден «Балама», «Арзуу» деген ырларыма жакшы пикирлерди угуп жүрөм.
– Өзүӊүздү үч сөз менен сүрөттөп берсеӊиз?
– Талапчыл, ошол эле учурда ак көӊүл, көк бет боло алам. Дос-туугандардын арасында «көк бет» деген кличкам бар.
– Эс алуунун кандай түрүн жактырасыз?
– Шаркырап аккан суунун агымын тиктегенден тажабаган адамдардын катарын толуктайм.
– Кайсы артисттердин чыгармачылыгын баалайсыз?
– Каныкей Эралиева, Роза Аманова, Саламат Садыкова эжелеримдин ырлары менен чоӊойгом. Алардын чыгармачылыгын аябай сыйлайм.
Лунара Бекиева
star@super.kg