Тасма таржымалы
Тасмаларды бир жолку, бир айлык жана бир жылдык көрүүгө ылайыкташтырылган деп бөлүүгө болот. Бирок бул үч бөлүктөн сырткары өмүр бою көрүү үчүн жаралган тасмалар да жок эмес. Биз кеп кылганы жаткан советтик “Ийгиликтин мырзалары” дал ошондой тасмалардын катарында десек, аша чапкандык болбос.
Режиссёру – Александр Серый
Сценарийин жазгандар – Виктория Токарева, Георгий Данелия
Оператору – Георгий Куприянов
Жанры – Комедия
Башкы ролдордо – Евгений Леонов (Доцент-Евгений Трошкин), Георгий Вицин (Хмырь), Савелий Крамаров (Косой), Раднэр Муратов (Василий Алибабаевич)
Тарткан өлкө – СССР
Чыгарылган жылы – 1971-жыл
Бюджети – 400 миң рубль
МАЗМУНУ
Тасманын өзөгүн Александр Македонскийдин уурдалган туулгасын (шлемин) издөө түзөт. Ал алтын туулга Орто Азияда археологиялык казуулар жүрүп жаткан учурда жоголот. Аны үч кылмышкер уурдап кетишет. Бул кылмышты археологиялык экспедициянын жетекчиси Мальцев (Эраст Гарин) Москвага барып милицияга кабарлайт. Күндөрдүн биринде ал автобустан үч кылмышкердин башчысы Доцентке куюп койгондой окшош адамды жолуктуруп калат. Бирок ал балдар бакчасынын башчысы, мээрман адам Евгений Трошкин болуп чыгат. Милиция кызматкерлери Евгений менен Доценттин окшоштугунан пайдаланып, анын жардамы менен алтын туулганы табууну чечишет.
Ошентип, Трошкин Доцент болуп Орто Азиядагы түрмөлөрдүн бирине, Доценттин санаалаштарына барып кошулат. Туулганы табыш үчүн Хмырь, Косой жана Василий Алибабаевич төртөө түрмөдөн милиция кызматкерлеринин уюштуруусу менен качып чыгышат. Ар кандай окуяларга туш болуп отурушуп, акыры туулганын жоголгон жерине келишет. Бирок ал кезде чыныгы Доцент абактан качып чыгып, алтын туулганы издөөгө киришкен эле. Аягында баары бир жерден жолугушуп, советтик тасмаларга мүнөздүү болгондой эле кылмышкерлердин колго түшүрүлүшү менен аяктайт.
ТҮРМӨДӨН КИЙИНКИ ИЙГИЛИКТасманын режиссёру А.Серый мушташа кетип бир адамды майып кылып койгондугу үчүн 5 жыл түрмөгө отуруп, ал жактагы жашоону көрүп чыккан. Ал абактан чыккан соң режиссёр Г.Данелия Серыйга бул фильмди тартууга түрткү берет. Тасмада кылмышкерлер колдонуучу сөздөрдү Серый өзү айтып берген. Тасма Москва шаарында жана Өзбекстандын Самарканд шаарында тартылган.
Алгач аталган каармандардын ролун аткарууга Ю.Никулин, Л.Дуров, Р.Быков сыяктуу белгилүү актёрлор тандалган. Бирок аларды башка актёрлор менен алмаштырууга туура келет. Ага карабай, тандалып алынган актёрлор тасмада образдарын жеткиликтүү аткара алышкан.
“Ийгиликтин мырзалары” 1972-жылы прокатка чыгып, бир жыл ичинде 65 миллион көрүүчүгө көрсөтүлүп, 30 миллион рубль чогулткан.
Азыркы кезде мындай шедеврди жараткан адамдардын көпчүлүгү бул дүйнөдөн өтүп кетишкен. Бирок фильмди көргөн көрүүчүлөр аларды дагы деле тирүүдөй элестетишет. Анткени «Ийгиликтин мырзалары» ушундай тирүү, түбөлүктүү тасма экени талашсыз.
Фильмде айтылган көптөгөн фразалар адамдардын жашоосунда колдонгон учкул сөздөрүнө айланган. Алсак, “эй, гражданина, ты туда не ходи, ты сюда ходи, а то снег в башка попадёт, совсем мёртвый будешь!”, “женские туфли хочу, 3 штуки, размер 42, 43, 45”, “кушать подано, садитесь жрать, пожалуйста!” деген учкул сөздөр дал ушул тасмага таандык.
ТАСМАДАГЫ КАТАЛАР
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg