Мерайа Кери тууралуу укпагандар чанда болсо керек. Мыкты ырлары үчүн Гиннес китебине кирген ырчы миллиондоп саналган музыка сүйүүчүлөрүнүн кумирине айланып келет. Анын шоу дүйнөсүндөгү ийгиликтери көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, чыгармачылыгына таазим эттирет. Анда эмесе, легендарлуу Америка жылдызынын чыгармачылыгы, жеке турмушу тууралуу...
ЖАШ ЫРЧЫ
Мерайа Кери 1970-жылы 27-мартта АКШнын Лонг-Айленд шаарында музыканттардын үйбүлөсүндө төрөлгөн. Ырчынын ата-энеси музыкага жакын адамдар болгондуктан, кызынын атын дагы ошол кездеги популярдуу «Мерайанын шамалы жана чакырыгы» аттуу ырдан улам коюшкан. Апасы Патрисия жаш кезинде опера ырчысы болгон. Атасы Альфред Рой Керинин канында африкалыктардын да, америкалыктардын да каны бар. Альфред вокалдан сабак берген. Мерайанын өзүнөн 10 жаш улуу Элисон деген эжеси жана 9 жаш улуу Морган аттуу агасы бар. Мерайа балалык кези тууралуу: «Ак өңдүү балдардын шылдың кылгандары эсимден кетпейт. Өзгөчө эжемди кара деп тилдешчү. Үйдөгү жаныбарларды ууландырышып, машинебиздин терезелерин сындырып кетишчү» деп эскерет. Мерайа 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетишет. Атасына жакын болуп чоңойгон кыз көп убакытка чейин атасы менен байланышып жүрөт. Бирок, кийин кандайдыр бир себептерден улам атасы менен байланышын такыр үзөт. Ата-эненин таасириби, айтор, Мерайа 4 жашында ырдай баштаган. Ал эми 10 жашында ыр жазууга өткөн. Ошентип, Мерайа кичине кезинен эле ырчы болууну тилек кылып өсөт. Кичинекей карындашынын талантына ишенген Морган анын ырчы болуу тилегин колдогон. Апасы Патрисия кызынын үнүнүн жакшы калыптанышы үчүн кам көргөн. Ырчылыкты алдына максат кылып алган болочок ырчы 17 жашка толгон соң, ырчылык карьераны көздөп Нью-Йорк шаарына келет. Ал жерден Мерайа Бен Маргулис деген музыкант менен таанышат. Бен анын чыгармачылыгына чоң түрткү берет. Мерайанын алгачкы ырларынын автору дагы Бен болгон. Бен музыка дегенде ичкен ашын жерге койгон адам болгондуктан, Мерайа экөө тез эле тил табышып иштешип кетишет.
ПОПУЛЯРДУУЛУККА АЛГАЧКЫ КАДАМДАР
Бир гана чыгармачылык менен жан багуу Мерайага бир топ кыйынчылыктарды алып келген. Ошондон улам кошумча акча табуу үчүн Мерайа официантка да болуп иштөөгө аргасыз болот. Бен менен иштешип жүрүп Мерайа Бренд Стар деген ырчы менен таанышат. Бренд Мерайага өзүнүн тобуна бек-вокалист болуп кирүүнү сунуштайт. Башында Мерайа бул сунуштан баш тартууну ойлойт. Бирок, жандүйнөсү музыкага жакын болгондуктан, иштеп жаткан жумушун таштап, топко солист болуп кирет. Чогуу иштешип жүргөндө Бренд белгилүү жылдыздар катышкан кечеге чакыруу алат. Ал кечеге Бренд Мерайаны да ээрчитип барат. Дал ошол кечеде Мерайа үчүн чыгармачылыктын эшиги ачылат. Ал жерден ырчы айым «Колумбия» деген үн жаздыруучу компаниянын президенти Томми Мотоллага Бренд Мерайанын ырлары жазылган кассетаны берип, угуп көрүүсүн суранат. Томми кассетаны алып унчукпастан «Лимузинине» түшүп кетет. «Лимузин» алыска узап кеткенче көзүмдү албай карап турдум. Анткени, мага кассетамды ал терезеден ыргытып жибере тургандай сезилген» дейт ырчы. Машинада Мерайанын ырларын угуп бараткан Томми бир кезде айдоочусуна артка кайрылуусун суранат. Томми бейтааныш мукамдуу үндүү ырчынын жүзүн көрүп, таанышкысы келет. Бирок, тилекке каршы, Томми кайтып келгенче Мерайа менен Бренд ал жерден кетип калышкан болот. Ошентип, Томми Мерайаны таппай калат. Үч күндөн кийин Томми Мерайаны издеп таап, аны өзүнүн компаниясына чакырат. Мерайанын үнүн уккан көптөгөн продюсерлер анын талантына баа беришет. Ошентип, Мерайа Томми Мотолланын эски таанышы Рэнди Хоффман менен иштешүүгө келишим түзөт. Ушундан тартып Мерайа өзүнүн альбомун жазууга киришет. Анын биринчи «Мерайа Кери» аттуу альбому чоң ийгиликтерге жетип, ырчыга популярдуулук алып келет. «Ыйлагым келбейт», «Сенсиз», «Сүйүү элеси» деген ырлары радиолордон тынбай кетип, хит-параддардан алдыңкы орундарга жетишет. Ушул эле жылы ырчы «мыкты артист», «мыкты поп-вокалист» наамдарынын ээси болот.
ЧОҢ ИЙГИЛИКТЕР, ҮЙБҮЛӨ КҮТҮҮ
1993-жылы Мерайа биринчилерден болуп ага кол сунган адамга, тагыраак айтканда, Томми Мотоллага баш кошот. Эки чыгармачыл адамдын үлпөт тою гезит-журналдардын биринчи беттеринен орун алат. Дал ушул жылы Мерайа ырчылык карьерасында көп ийгиликтерге жетишет. Анын үчүнчү «Musiс Box» деген альбому жарыкка чыгат. Бул альбом Мерайанын эң кирешелүү альбомдорунун бири болуп саналат. Эми ырчы гастролго чыгууну чечет. Мукамдуу үндүү ырчыны эл жакшы тосуп алат. 1994-жылы Мерайанын дагы бир диски чыгып, 5 миллион тираж менен сатылат. Андан бир жыл өткөндөн кийин жаздырган альбомунун тиражы 10 миллионго жетет. Ырчылык карьерадагы бийиктик анын жеке турмушуна терс таасирин тийгизет. 1997-жылы Мерайа менен Томми ажырашып кетишет.
ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРУУ
Жолдошу менен ажырашкан соң популярдуулугун дагы өстүрүү үчүн Мерайа чыгармачылыктын үстүндө талыкпастан эмгектенүүсүн улантат. Ошол эле жылы анын дагы бир альбому чыгат. Ырчылык дарамети менен америкалык жаштардын кумирине айланган Мерайа таанымал ырчы Уитни Хьюстон менен «Качан сен ишенгенде» деген дуэт жаздырат. Эки америкалык жылдыздын бир сахнада чыгуусу болуп көрбөгөндөй сенсация жаратат. Анын арты менен дүйнөнү багындырууга жетишет. Ошентип, Мерайа Кери Американын кайталангыс ырчысы болуп чыга келет. Анын ырлары он жыл бою мыкты ырлардын катарынан түшпөйт. Мерайа Grammy cыйлыгынын 2 жолку, Ameriсan Мusiс Awards сыйлыгынын 8 жолку ээси болуп калат. Ошондой эле «Он жылдык артист», «Өтүмдүү ырчы» наамына татыйт.
ТАЛАНТСЫЗ АКТРИСА
Ырчылык карьерасындагы жетишкендиктен улам ырчыга киного тартылуу сунуштары түшө баштайт. Актрисалыкты кошо аркалап кетүүнү көздөгөн ырчы бир нече киного тартылат. 2001-жылы «Алтын кулпунай» сыйлыгынын тапшыруу аземи өтөт. Анда «Жалтырак» деген кинодогу башкы каармандын ролун аткарган үчүн «талантсыз актриса» деп табышкан. Ал эми кинону жараксыз деп айтышкан. Ошентсе да ырчы айым качандыр бир кезде актриса катары да бийиктикке жетээрине ишенип, киного тартылуу сунуштарын четке какпай келет.
ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛУУ
2000-жыл Мерайа үчүн эң ийгиликсиз жылдардан болот. Анткени, ага америкалык композиторлордон күтүлбөгөн жерден плагиаттыгы үчүн күнөө коюлган. Композиторлор Мерайанын «Кудайдын жардамы менен сени таптым» аттуу ыры башка ырчынын альбомунан алынып ырдалган деп чыгышкан. Бул албетте, ырчыны чоң депрессияга алып келген. Себеби, мындай күнөө белгилүү ырчынын аброюна терс таасирин тийгизген. Бул боюнча иш эки жылга созулган. 2002-жылы ырчы «күнөөсүз» деп табылып акталган. Ошол жылы ырчы көңүлдөшү Луис Мигелден кол үзүп, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Оор абалда ооруканага жеткирилген. Айыгып чыккандан кийин «эми мен эч кимге ишенбейм» деп айткан журналисттерге берген интервьюсунда.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева