27-декабрда Ош эл аралык аэропортунда ойго келбеген, кинодогудай окуя болуп өттү. Күндүзгү саат 10:00 чамасында «спецназ» деген жазуусу бар формачан, көз айнек тагынган, автомат менен куралданган 5 адам аэропорттун VIP залынан бир нече миллион доллар акча салынган баштыктарды тартып алып, өздөрүнө кошуп бир жүргүнчүнү барымтага алып кетишти.
КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН БИРИНИН ФОТОРОБОТУ ТҮЗҮЛДҮ
Кылмыш тууралуу Ош шаардык жана облустук ИИБинин басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси ЖЕҢИШ АШИРБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып өттү:– Окуя Ош эл аралык аэропортунун түштүк-чыгыш тарабындагы текшерип өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан сыйлуу конокторду тосуучу (VIP) залынын Ош-Үрүмчү авиакаттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда болгон. Ал жерге беш адам кирип келип, алардын бири колуна тапанча жана видеокамера кармап жүргүнчүлөргө «Атайын операция жүрүп жатат. Жерге жаткыла!» деген буйрук берген. Алардын төртөө аркасында «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан жана Калашников автоматтары менен куралданган экен. Дагы биринин колунда Макаров тапанчасы, экинчи колунда видеокамера болгон. Жүргүнчүлөргө таандык 5 баштыкты жана анын ээси болушу мүмкүн деген ойдобу, айтор, бир жүргүнчүнүн колун скотч менен байлап, алып чыгып кетишкен. Андан соң мамлекеттик номуру «D 0118» болгон ак түстүү Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаага отуруп, из жашырышкан. «Жерге жаткыла!» деп буйрук берген адамдын фотороботу түзүлдү. Ал болжол менен 30-35 жашта. Боюнун узундугу 168-170 сантиметр, азиат түспөлүндө.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Уурдалган акчалар бир нече кишиге таандык, кыргыз ишкерлеринин Үрүмчүдөн товар алып келе турган акчасы экен. 5 баштыкта болжол менен 5 миллион 679 миң доллар болгон деп жатышат. Ишкерлер акчаны топтоп, бир ишкерге санап берип, аны декларациядан өткөрүп жаткан учурда ушундай кылмыш болуп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам азырынча биз ишкерлердин да, фирмалардын да аттарын атай албайбыз.
«КЫЛМЫШКЕРЛЕР БОЮНЧА БИР ТОП МААЛЫМАТТАР БАР»
Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙ НУРБАЕВ буларга токтолду:
– Кылмышкерлер өздөрү менен кошо алып кеткен адам Араван районунан табылды. Барымтага алынган адам туристтик фирманын Руслан аттуу 35 жаштагы кызматкери экен. Ал жабыр тарткан жок. Башына мүшөк кийгизип коюшкандыктан, ал кылмышкерлердин өңүн жана кайда кеткендерин көргөн эмес. Ал адамдын уурдалган акчаларга эч кандай тиешеси жок экени аныкталды. Уурдалган акча 5 фирмага таандык болгон. Кылмышка байланышкан бир топ маалыматтар бар, бирок иликтөө, тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кылмышкерлер табылмайынча азырынча ачыкка чыгара албайбыз. Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматкерлерине да кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Аэропорт өзгөчө маанидеги объект болгондуктан, аны атайын күзөт кызматкерлери, транспорттук милиция кызматкерлери кайтарышат. Андан сырткары чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөрдү чек ара кызматы да текшерүүгө алат. Ушундай өзгөчө маанидеги объектте, анан калса анын VIP залында чак түштө куралчан адамдардын ээн-эркин ишкерлерди тоноп кетишине булар кантип жол берди деген ой туулбай койбойт. Аэропорттун жетекчилиги менен байланышууга такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгынын маалымат кызматкери Салкын Абдыкарыева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жүргүнчүлөр аэропорттун ичинен текшерүүдөн өтүп, учакка бара жатканда биздин текшерүүдөн өтөт. Окуя аэропорттун ичинде биздин кызматкерлердин текшерүүсүнө чейин болгон.
БУГА ЧЕЙИН ДА ИРИ СУММАДА АКЧАЛАР ТОНОЛУП КЕЛГЕН
Биз буга чейин өлкөбүздө белгисиз адамдар тарабынан тонолгон акчалар туурасында жазып, алардын изи толук ачылбай келе жаткандыгына токтолгон элек. Алардын кээ бирлерин эске салууну туура көрдүк.
2013-жылдын 9-ноябрынын түнүндө Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан куралданган 5 кылмышкер Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургунуна ок чыгарышып, ири өлчөмдөгү акча салынган 2 баштыгын тартып алып кетишкен. Жабырлануучу кылмышкерлердин артынан кууп, алардын бирин кармаганга жетишкен. Жабырлануучунун айтымында, баштыктарда 4 жарым миллион доллар болгон экен. Ал акча «Кара-Суу» базарында иштеген бир канча ишкерге таандык болуп, Түркияга алтын-зер буюмдарын алып келүүгө жиберилип жаткан. Кармалган жарандын жанында чет өлкөлүк үлгүдөгү курал жана уурдалган акчанын 1 миллион 129 миң доллары болгон. Калган акчалар кылмышкерлердин колунда кеткен.
Бул кылмыш боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип дагы 2 жигит кармалып, калган экөө ушул убакка чейин кармала элек. Кылмышка шектелип кармалгандардын жактоочусунун жазган арызынын негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерине «кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алган» деген айып тагылган. Бул иш боюнча сот жакында эле жыйынтыкталып, кызматкерлер акталган. 1 миллион 320 миң доллар гана ээлерине кайтарылган. Калган акчалар эми табылып, ээлерине кайтарылып бериши күмөн.
2014-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында да ири тоноо болгон. Анда «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин кызматкерлерине белгисиз кылмышкерлер ок атып, инкассаторлордун унаасындагы 1 миллион 770 миң 457 доллар жана 6 миң евро салынган баштыктарды карактап кетишкен. Натыйжада күзөт агенттигинин эки кызматкеринин бири ур-токмоктон, экинчиси октон жараат алып ооруканага жеткирилсе, аталган күзөт агенттигинин 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумган. Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бети да эмгиче ачыла элек.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg