КЫМБАТЧЫЛЫК ЧОҢДОРГО ТААСИРИН ТИЙГИЗЕБИ?

Мезгил үнү

“Жаңы жылдан тарта электр энергиясы менен жылуулук берүүнүн баасы кымбаттайт” деген токтом эл арасында талаш-тартыш жаратты. Андыктан айрым чиновниктер менен саясатчыларга төрт собол узаттык.

  1. Канча айлык аласыз?
  2. Айлыгыңыз коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө, тамак-ашка жетеби?
  3. Энергетика тармагын тарифтерди көтөрүү менен гана сактап,
    өнүктүрүүгө болобу? Же андан башка да жолдору барбы?
  4. Пенсионерлерге, бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына жөлөк пул кошулду. Ал эми эч жерде иштебеген жумушсуздардын,
    менчик ишканалардын кызматкерлеринин абалын ким ойлойт?

Улукбек Ормонов, ЖКда “Ак жол” фракциясынын жетекчиси:

  1. Айлык акым 18 000 сом.
  2. Эмгек акым коммуналдык кызматтарды төлөөгө, тамак-ашка кенен эле жетет.
  3. Энергетика тармагы кыргыздын көзгө басар байлыгы. Тариф көтөрүлсө үйүндө эки телевизору, эки муздаткычы барлар көп төлөйт. Ал эми карапайым элге анчалык деле таасирин бербесе керек. Себеби эмгек акыларга өкмөт тарабынан жөлөк пул кошулду. Электр энергиясы үчүн жалпы элден чогулган акчанын 1 миллиард сомдон ашыгы жыл сайын «Бишкек жылуулук борборуна» которулуп келген. Эмне үчүн шаардыктар колдонгон жылуулукту айылдыктар төлөшү керек, туурабы? Ошол себептен жылуулук берүүнүн акысы кымбаттаганы да туура болду.
  4. Жылуулук менен электр энергиясынын кымбатташынан улам жаңы жылдан тарта эмгек акысы 4000-5000 сомду түзгөн кызматкерлерге 200 сом, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 7000 сомдон, майып балдарга, оорулуу энелерге 2000 сомдон жана башка ушул сыяктуу кошумча акчалар бериле баштайт.


Сапарбек Балкыбеков, Электр станциялар ААКсынын башкы директору:

  1. Айлыгым 19 000 сом. Андан сырткары эмгек стажыма жараша кошумча айлык алам.
  2. Тапкан акчам жашоомо жетет.
  3. Энергетика тармагында уурдоо жана тарифтердин арзандыгы деген маселелер бар. Ошондон улам тарифтерди кымбаттаттык.
  4. Премьер-министр жеке ишканалардын кожоюндарына айлык акыларды көбөйтүү боюнча талап коёбуз дебедиби. Ал эми жумушсуздар “багар-көрөрүм жок, иштебейм” деп өздөрү жашаган райондордогу социалдык уюмдарга барып каттоого турса, пособие берилет. Пособиелердин өлчөмү да жаңы жылдан кийин көбөйтүлөт.


Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы:

  1. Мен партияда айлык албай иштейм. Бирок үй-бүлөлүк бизнесибиз бар. Анын кирешеси жашыруун эмес. Анткени салык төлөйбүз. Турмуш-тиричиликке кеткен чыгымдарды жубайым тейлейт.
  2. Кыргызстандын элинин 70-80 пайызы жакыр жашагандыктан, тапканы орто деңгээлдеги жашоого да жетпейт.
  3. Экономиканын өнүгүү деңгээлине, инфляцияга жараша, албетте, тарифтер көтөрүлүп турушу мүмкүн. Бирок биздин өкмөт айтып жаткандай темпте эмес. Өкмөттүн тарифтерди бир канча эсеге көбөйтөбүз дегени бул – чет элдик инвесторлордун келечек кирешесинин камын көрүү. Уурдалган электр энергиясын, начар башкаруунун кесепетин карапайым калкка жүктөп коюу менен өкмөт өзүнө ыңгайлуу жол тапты. Электр энергиясын сактап калуунун, өнүктүрүүнүн тарифтерди көтөрүүдөн башка деле жолдору бар. Өндүрүлгөн электр энергиясынын жарымы жоголуп жатат. Ошону көзөмөлдөөгө, энергияны сарамжалдоочу технологияларды киргизүүгө, электрге альтернативалуу энергия булактарын өздөштүрүүгө, чакан электр станцияларды курууга эмнеге болбосун?
  4. Мен учурда Жалал-Абад аймагын кыдырып жүрөм. Тарифтердин кымбатташына эл нааразы. Кымбатчылык жумушсуздарга, пенсионерлерге, кыскасы, карапайым калкка жаман таасирин берет. Тариф көтөрүлсө да, адилеттүү кымбатташы керек эле. Энергиянын өздүк баасы 5 тыйын болсо өкмөт кырк эсеге көбөйтүп, 2 сомго сатканы жатат. Бул кайсы адамдын жинин келтирбесин?

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ТАПКАНЫҢЫЗ СВЕТКЕ ЖАНА ЖЫЛУУЛУККА ТӨЛӨӨГӨ ЖЕТЕБИ?

Марат, 69 жашта, пенсионер:
– Пенсиям менен уулумдун айлыгынан тышкары кирешебиз жок. Акчанын тартыштыгынан 1,5 тонна эле көмүр алууга туура келди. Учурда үйдү электр жылыткычтар менен жылытып жатабыз. Кыскасы, тиштин кирин соруп, үнөмдөп жашоого туура келип жатат.

Дамира, 33 жашта, жеке ишкер:
– Азырынча жетиштүү. Анткени чакан бизнесим бар. Ал эми бийлик төбөлдөрү карапайым элдин ордуна өздөрүн коюп көрүшсө болмок. Минтип жарытылуу айлык акы албаса, эртең коммуналдык төлөмдөр дагы кымбаттаса, элди тирүүлөй көмгөн менен барабар болот го.

Болот, 55 жашта, электрик:
– Эч нерсеге жетпейт. Жумушумдан тышкары жалданып ар кандай иштерге иштейм. Заманбап тил менен айтканда “шабашка” деп коёбу? Ал да бирде болсо, бирде болбой калат. Жаңы жылдан кийин дагы кымбаттаса, эмне айла кылам деп башым катып жүргөн маал.

Наргиза, 27 жашта, жеке ишкер:
– Кудайга шүгүр, тапканым тиричиликке жетиштүү эле. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Коммуналдык төлөмдөрдү, тамак-ашты мен моюнума алсам, жолдошумдун тапкан акчасын үй-бүлөлүк бюджетке чогултабыз. Эмнеси болсо да, заман оңолсо деп тилер элем.

Бакыт, 37 жашта, куруучу:
– 15 миң сом айлык алам. Ал акчаны тиягына тартсаң биягына, биягына тартсаң тиягына жетпейт. Келинчегим эки балам менен үйдө. Минтип кыш да келди, көмүр алуу керек. Өкмөт төлөмдөр кымбаттаганга жараша айлык акыны эки эсе көбөйтүп берсе жакшы болмок.

Асфера, 18 жашта, студент:
– Өзүм акча иштеп таба элекмин. Ата-энем айына 5000 сомдой акча салып турушат. Кыздар менен батирде турам. Бир айлык акысына 3000 сом акча коройт. Андан сырткары баскан-турганым, тамак-ашым дегендей. Айтор, ата-энеме оор келбесин деп үнөмдөп жатам.

Мүзүр, 60 жашта, пенсионер:
– Өзүм айыл жергесинде турам. Бирин-экин малым бар. Жер иштетем. Айыл жергесине караганда шаарда жашоо оорлоп бараткандай. Дагы кымбаттатса, өкмөт үчүн эле иштеп калабыз го.

Шарипа Бекташева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
almazi
2009-12-04 09:40:49
okup oltursan baary ele ozun oiloit .senin emgek akyn jetse karapaiym eldi kim oiloit ...o tekebaev gana eldi eske alyp suiloptur..
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан