Бардыгынын кулак-мурдун тызылдатып, кыш каарын төгүп келди. Айылдын балдары кышты аябай күтүшкөн. Кардын көз ачырбай көп жаашын самашкан. Алардын тилегин орундатайын дегенсип бир күнү эле кар опойто жаап салбаспы. Балдар кубангандан чаналарын даярдашты, өтүктөрүн майлашты, жылуу кийимдерин белендешти.
Кыш үшүтүп келди. Көз-ачып жумганча талаа-түздү, аска-зоону, кыштак-шаарды ак шейшепке ороп койду.
Балдар тоого ашыгышты. Тигине, үчөө чанага чиркелишип, кудум космосто учуп бараткандай кубанычтуу жылмайышат. Куушуп бараткан балдардын жүздөрүнөн нур тамат. Алар үшүгөн колдорун кез-кез үйлөп коюп, суукту тоотпой жыргай беришти. Ызгаар суук бети-колду канчалык аймалаганы менен, оюндун кызуусуна баткан балдарды жеңе алчудай эмес. Ызаланган аяз улам өчөшүп жылгаяк тепкендердин жолун торойт, кулак-мурдун чымчылайт. Аларды үшүтүп, ыйлатам, ызалантам дейт. Борошо-куюнун сапырылтып бир маал бороондоп алат.
Балдар суукка баш ийер эмес. Кайра кыймыл-аракеттен бүткөн бойлору дуулдап, жылгаякка алаксышат.
– Баарын жеңип келатам! Дарыя-булакты, көлмө-сазды тоңдуруп, музга айланттым! Аюуну чээнге киргиздим, каркыра-турнаны жылуу жакка айдадым, булбул менен торгойдун жаагын бастым… Бирок мына бул чуру-чуу түшүп, ойноп жаткан дүйнө капар балдарга алым жетер эмес!- деди ызгаар аяз айлананы ичиркенте карап.
– А биз сенден коркпойбуз! Сен ызгаар суук болсоң да биз сени аябай күтүп жатканбыз. Сен келип жылгаяк тээп, жыргап калбадыкпы! Канчалык бизди ичиркентпе, биз сенден жалтанбайбыз. Анткени ар дайым денибиз сак, көңүлүбүз куунак! Ха-ха-ха!- деп балдар таза абаны жаңырта күлүшөт.
Кызык! Аяздуу ызгаар жыл сайын ызалантам деп келип, кайра өзү ызаланып кайтат. Анткени биздин айылдын балдары чыйрак келишет. Ошондуктан кыш ызгаарын тоотушпайт. А силердечи?!
Жапарали Осмонкулов