Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖАКШЫЛЫККА БАЙ ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫ

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж


Мына ошентип Жылкы жылын узатып, Кой жылын да тосуп алдык. Артка бир кылчайып, өткөн жылда биздин жылдыздар кандай ийгиликтерди багынтты да, кандай жоготууларга учурады, көз жүгүртүп көрөлү.
ТОЙЛОР ТОЙГО УЛАНСЫН...
Жылкы жылы баарынан да көз күйдүргөн бойдоктордун «брондолушу» менен эсте калды көрүнөт. Үйлөнүү той дегенде эле көз алдыбызга ысык аптапта үлпөт көйнөгүн кийип ыйлап турган Айгерим Расул кызы элестейт экен. Анан да өзгөчө ырчы кыз Каныкейдин Медер аттуу мырзага турмушка чыгып, океандын ары жагына кеткени эсте калды. Андан кийин Айпери Кубик кызы Нарулан аттуу жигитке баш байлап, Таластын келини болду. Шоу чөйрөдөн ырчы бийкечтер багын табышса, актёр мырзалар да кем калышкан жок. «Ээнсиреген үй» тасмасында башкы каармандардын образын жараткан Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбековдун баш кошкону сенсация жаратса, актёр Мирлан Абдулаев менен режиссёр Руслан Акундун үйлөнүүсү да күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду.
«Көк салкын» тасмасында Бакуля деген ат менен таанылган Бакыт Тынайбеков да быйыл бакыт кушун кармап калгандардын катарына кирди. Анан да Мирбек Атабековдун көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Мээрим менен элге той берип, үйлөнүүсү жылдын тою болду десек жарашат. "Тамашоудон" багы ачылып, элге таанылган Азамат Исмаилов, Кубат Кубанычбеков, Актан Рыскелдиев, Нургазы Саралаевдер да өз бактысын таап, түтүн булатып жатышканын кошумчалай кетели.
Ошондой эле «Президент жана бомж» тасмасында Касиет аттуу кыздын ролун жараткан актриса Жанара Барманова, клиптерден жүзү таанылган модель Аида Чоткараева, жаш акын Кундуз Качкынбаева, Каныкей Акын турмуш жолуна аттанышты. Азиз Жетигенов менен «Беш тапан» куудулдар тобунун бир тапаны Болсунбек Стакеев да кесиптештеринен кем калышпай, сүйүктүүлөрүнө баш кошууга үлгүрүштү.


НАРИСТЕ ЖЫТЫНА МАС БОЛГОНДОР
Жылкы жылында перзент күткөндөрдүн стартын актёр, режиссёр Азамат Арыков кыздуу болуп ачып берди. Аны улай ырчы айым Азиза экинчи жолу энелик бакыттын даамын татып, Селима аттуу кызын жарыкка алып келди. Андан кийин эле жылдыздарыбыз катарынан эркек уулдуу болушту. Санай кетсек, ырчылар Эльзар Өскөнбаева, Нэна, Сапар Эркебаев, Топчубай Айтмаматов, клипмейкер Эрнист Сыдыков, «Тамашоунун» негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев, КВНчи Эльдияр Кененсаров, актёр Атай Өмүрбековдор учурда уулдарын эркелетип бактылуу. Ошондой эле экс-акыйкатчы, депутат Турсунбай Бакир уулуна жаш жубайы актриса Нуриза Бурханова мураскер төрөп бергенин кошумчалай кетели. Ырчы Алихан да кыздуу болуп элге жентек той берди. «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында баш каарман Эриканын ролун аткарган актриса Аида Тулебаева Амели деген кыздуу болду. Анан да ырчы Айпери Кулбаева уул төрөп, жылды жыйынтыктады.

СЫЙЛЫК АЛЫП СҮЙҮНГӨНДӨР
Жыл ичинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жашы-карысына карабай берилип жатты. Алар Айнура Салахидинова, Аскат Мусабеков, Дайыр Исмадияров, Эрнест Бөрүбаев, Юлия Руцкая, Жумагүл Раимжан кызы, Эльзар Өскөнбаева, "Кызыл өрүк" ырынын автору Мирлан Алыкулов, «Миӊ кыял» радиосунун кызматкерлери Назгүл Жамгырчиева, Акылбек Жеӊишбек уулу жана башкалар. Андан сырткары Асел Турдалиевага «Билим берүүнүн отличниги» наамы ыйгарылды. Ошондой эле шоу, маданият, спорт чөйрөсүндөгү мыктылардын мыктысы аныкталды. Жыл мыктыларын сыйлоо аземине окурмандар жакында күбө болушат.

КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ЖЕЛБИРЕТКЕНДЕР
Жылкы жылында чет өлкөлөргө барып, ар кандай сынактарда өнөрүн тартуулап келген жаштар көп болду. Аяна Касымова орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, финалына чейин жетти. Ал эми Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өткөн
"X-Factor" сынагынын 5-сезонуна катышып, бирок анын аягына чейин катышуудан баш тарткан. КВНчи Аким Карасаев Орусиянын ТНТ телеканалындагы «Comedy Баттл» юмордук долбооруна катышып, финалга чейин жетти. Эл аралык сынактарга катышуудан тажабаган Курал Чокоев алгач Уфа шаарында өткөн «Уралмоӊо-2014» эл аралык музыкалык сынагында 1-орунду, кийинчерээк Чехиянын борбору Прагада «Diamond Voice» сынагында 3-орунду алды. Декабрь айында Атай Өмүрзаков «Тумар КР» тобу менен бирге Германияда өткөн «Das Supertalent-2014» телесынагынын финалына катышып, 4-орунду ээледи. Ошондой эле Америкада өткөн бий боюнча дүйнөлүк сынакка «Well be» бий тобу катышып, таланттарын тартуулап кайтышты.

ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУЛАР
Кубаныч менен кайгы дайым бирге жүрөт. Жылкы жылында маӊдай жарылып кубанчудай көп окуялар болду. Тилекке каршы, аны менен кошо шоу, маданият чөйрөсү орду толгус чоӊ жоготууну баштан кечирди. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында көз жумду. Жаш ырчы Фархат Кеӊешбек уулу да автокырсыктан улам каза тапты. Андан кийин эле узак оорудан улам комузчу Нурак Абдырахманов 67 жашында, куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов 54 жашында, Кыргыз Эл артисти, обончу, аткаруучу Токон Эшпаев 64 жаш курагында көз жумду. Кыргыз Эл артисти, бий искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Мелис Асылбашев 67 жаш курагында каза болду. Сентябрда Каракол шаарында кыргыздын эӊ алгачкы актрисасы, белгилүү тилчи жана профессор Кусеин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева 103 жаш курагында көз жумду.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
12.01.2015. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ха-ха биринчи окуган адамга башкача тушунук кетет экен - "Мирлан Абдулаев менен режиссёр Руслан Акундун үйлөнүүсү"!!!!!!
12.01.2015. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
23-06-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+2
Турмуш кургандар тугойлору менен бактылуу болушсун наристелердин омуру узун болсун сыйлыктар кут болсун быйылкы жылы мындай оор жоготуулар дээрлик жок болсун.
12.01.2015. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
22-03-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал-Абад Суперстан
0
Бактылуу болушсун,бири биринен ажырашпай жашасын эми.
12.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
18-07-2015 00:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылыктар боло берсин.
12.01.2015. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
09-02-2012
Соӊку аракети:
18-01-2017 13:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой жылы жакшы жылдардан болсун деп эл тилектерин айтып буто элек жатып эле "чу" дегенде сармердендин "шайыр женеси" Гулзат Баатырканованы шум ажал алып кетти го,деги бу жылы орду толгус жоготуулардын акыркысы болсо экен...эми сармердендин "коркун" ким ачат?жарк этип жайнап,"ай,эрке бала"деп айтат?кызык эле болду
12.01.2015. 19:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
21-12-2014
Соӊку аракети:
08-10-2016 20:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элинин сыймыктанган атуулдарынан болгула.Бул жылы жоготуулар дээрлик болбосун.Жакшы жылдардан болсун.Ар бир жакшылыгынарга эл кубо болсун.Эл да аман-эсен болсун.
13.01.2015. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
02-12-2014
Соӊку аракети:
12-02-2018 22:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Балдарынын омуру узун болсун!баш кошкондор бактылуу болушсун! Нургазы байке куш боонуз бек болсун!
13.01.2015. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
11-05-2017 18:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойлор эле( жакшылыктар) боло берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: