Массалык маалымат каражаттарында, интернеттеги социалдык тармактарда майыптарга жардам берүүгө чакырган жарнамалык чакыруулар өтө көп кездешет. Бирок берилген жардамдардын баары эле өз дарегине жете бербейт өӊдүү. Редакциябызга телефон чалган Наргиза Жолдошева аттуу айым кайрымдуулук фонд майып уулунун атын пайдаланып, бирок түшкөн акчаны бербей жатканын айтып арыздангандыктан ага жолугууга жөнөдүк.
«УУЛУМДУН ЗААРАСЫ ТОКТОБОЙ АГЫП ТУРАТ»
– 2 уулум менен Чүйдүн Беловодск айылында батирде жашайм. Улуу уулум Аман тубаса майып болуп төрөлдү. Табарсыгы жарылып, заарасы булак сымал токтобой агат. Торолуп калганда жамбаш сөөгү чыгып кеткенин, белинде грыжасы бар экенин байкадык. Кош бойлуу кезимде базарда музоо курсагыма сүзүп кеткен. Анан сасык тумоо менен да ооругам, дарыгерлер «ошол себептен балаӊ майып төрөлдү» дешти. Музоо сүзгөндө ооруканага кайрылгам, бирок дарыгерлер «баары жайында» дешкен болчу. Кайын журтум мени «майып бала төрөдүӊ» деп күнөөлөп, уулум Аман 2ге чыкканда, кичүү уулум Алихан курсагымда 2 айлык кезинде жолдошум бизди таштап кеткен.
Дарыгерлер «бул балаӊ адам болбойт» дешкен эле, мен болсо үмүтүмдү үзбөй баламды бастырам деп барбаган жерим калган жок. 3 жарым жашка чыкканча табарсыгын бүтөтө албай ооруканалап жүрдүм. Табарсыгы тешик, ичинде эмне бар экени баары көрүнүп турчу. Анан Бишкектеги Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда пол жууп иштеп, анын директору Камчыбек Узакбаевдин жардамы менен табарсыгына операция жасатып, тешигин бүтөттүк.
Балам бир аз жакшы болуп калганда 2 баламды ата-энеме таштап, Москвага иштөө үчүн кеттим. Барганда 3 айдай документ топтой албай кыйналдым. Документтерим бүтүп, идиш-аяк жууп 3 айдай иштеген соӊ Аман ооруганынан кайра келип, аны карап иштебей үйдө отуруп калдым. Анын белиндеги грыжаны алдырыш керек болуп нейрохирург, профессор Миталип Мамытовго кайрылсам ал «бекер эле операция жасап берем» деди. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги буга уруксат бербей койду. Акчаӊ, таанышыӊ жок болсо ушул экен да.
«УУЛУМА ЖАСАЛЧУ ОПЕРАЦИЯ КЕЧИГҮҮДӨ»
– 2013-жылдын апрель айында көп балалуу агама ун алып келишкен «От слов к делу» деген фонддун мүчөлөрү Нуркыз Өзбекова менен менин айылдашым Улан Давлеткулов эшиктин алдында таяк менен басып жүргөн уулумду чөнтөк телефонго сүрөткө тартып кетишиптир. 3 күндөн кийин алар келип «Биздин фонд жаӊы ачылып жатат. Биз элге кайрылып, сизге жардам беребиз. Уулуӊуз айыккыча операциясына кетчү каражаттарды таап берип, жанында жүрөбүз» дешти. Муну угуп кубандым. Амандын бир буту артка карап турат, бутуна да операция кылыш керек эле. Макул болуп, тиешелүү документтердин көчүрмөсүн аларга бердим. Ошентип алар социалдык тармактарга Амандын сүрөтүн коюп, элден жардам сурай башташты. Жакшы эле акча чогулду окшойт, себеби алар өздөрү «мынча доллар чогулду, тиги 600 доллар берди, бул 300 доллар берди» деп улам-улам социалдык тармактарга жазып жатышты.
Сабырбек Жумабековго да байланышып, уулумдун бутун көрсөттүк. Ал «бутуна операция жасап, темир салып берем. 20 миӊ сом болот» деди. Фонддогулар «ал акча бизде бар, операцияга камдай бериӊиз» дешип уулум экөөбүздү ооруканага жаткырып кетишти. Операция болчу күнү дарыгерлер жок, «эмне болду?» деп барсам, алар баламдын белиндеги грыжадан коркуп жатышыптыр. «Грыжасын алдырып кел, анан жасайбыз» дешти. 6 айдай чуркап, акыры грыжасын алдырууга ооруканага жаткырдым. Акча керек болгонунан Улан менен Нуркызга чалсам келип колума 8 миӊ сом карматышты. «Калган акчалар кайда?» десем «болгону ушул акча чогулду» деп коюшту. Операция болуп, белиндеги грыжасы алынгандан 3 саат өтпөй Америкада иштеген Адилет аттуу бала «Элим, барсыӊбы?» деген фонд аркылуу 400 доллар берип жибериптир, ал акчаны мага берип кетишкен. Ошол жерден Нуркыз менен Улан «акчаны апасына эмес, бизге бергиле» деп талашканынан уруша кеттик. Мен ушул балам басып кетсин деп чуркап жүрөм да, эмне мен ал акчага кийинмек белем? Фонддогуларга кайрылып: «Амандын калган акчаларын бергиле, бутуна операция жасаш керек» десем, Нуркыз «Аманга 90 миӊ сом чогулган, аны сага бербейбиз» деп койду. Бутуна операция өткөн жылдын сентябрь айында жасалмак эле. Минтип кечигип калдык. Мындан 2 жыл мурун Германияга бир ооруканага кайрылгам. Алар табарсыгына бекер операция жасашмакчы болду, бирок ага чейин мен бутун түздөтүп барышым керек. Бир бутунун сөөгү ичкерип, азыр экинчи бутунан 7 сантиметрге кыскарып кетти. Улан менен Нуркыздан суранарым, Аманга берген элдин аманатын берсеӊер!
«БАЛАМДЫН БАСАРЫНАН ҮМҮТҮМ ЧОӉ»
– Аман 6 жашка чыкты. Уулум менен теӊ балдар мектепке барганы калды. Ал эми Аман баспай үйдө жатат. Заарасы токтобогондуктан кээде жыттанып кетет. Маршруткага салсам эл мени жаман көздөрү менен карайт. 3 күн сайын бир таӊгак памперс кийет. Бир таӊгактын баасы 500 сом. Андан тышкары батирге айына 2 миӊ сом, светке 700-800 сом кетет. Өзүм 3-топтогу майыпмын, бир колум жакшы иштебейт. Өкмөт уулума 3 миӊ сом пенсия берет.
Жайкысын ар кимдин талаа иштерине жардам берип, күнүнө 400 сом табам. Кышкысын жума күндөрү уулумду көтөрүп Беловодск айылынын борбордук мечитинин алдына барып элден жардам сурайм. Андан 200-300 сом чогулат, памперс, тамак-аш алабыз. Кичүү уулумду кийин атасы талашып келди. Эмнеге ал улуусун чанып кетет да, дени сак кичүүсүн талашат? Анысы аз келгенсип социалдык кызматкерлер «балдар үйүнө бер» деп жатышат. Балам атасы жок өскөнү аз келгенсип эми бир тууганынан, апасынан айрылышын каалабайм. Амандын болгон эрмеги иниси. Экөө кечке мультфильм көрүшөт, чогуу ойношот. Буюрса, ушул баламды эптеп бастырып алсам баары жакшы болот деген үмүтүмдү үзбөй, аракет кылып келем. Аман «чоӊойсом врач болуп элди дарылайм» десе ого бетер жүрөгүм канайт...«АПАСЫ АКЧАНЫ ЖОК КЫЛЫП ТАШТАЙТ»
Андан соӊ жогорудагы кеп болуп жаткан Улан Давлеткулов менен Нуркыз Өзбековага байланыштык. Алар биздин редакцияга келип, 1 жарым миӊ долларды көрсөтүшүп, ал акчаны Амандын апасына эмнеге бербей жатканын Улан Давлеткулов төмөнкүдөй түшүндүрдү:
– Биз кайрымдуулук фонд эмеспиз, атайын элге жардам берүү максатында ачылган топпуз. Эч кандай каттоодон өткөн эмеспиз жана эч ким бизди көзөмөлдөбөйт. Болгону башында достордон турган 6 адам чогулуп, сөздөн ишке өтүп, муктаж адамдарга бош убактыбызда колдон келишинче жардам берели деп чечкенбиз. Аманды көрүп калып да жардам берүүнү чечтик. Социалдык тармактар аркылуу элден жардам сурап, биринчи операциясына жардам кылдык. Экинчи операция 3 жылдан кийин жасалмак. Ага чейин апасына акчаны бербей туралы дедик. Себеби Амандын апасы буга чейин деле берген акчаларыбызды өз керектерине коротуп салган. Эскерте кетчү нерсе, Аманга деп чогулган акчанын көпчүлүгүн биздин топтогулар чогулткан. Социалдык тармак аркылуу көп деле каражат чогулбайт экен, биздин топтогулар деле чоӊ жумушта иштегендер же ишкерлер эмеспиз. Аман эле эмес, көптөгөн адамдарга, карылар үйүнө, жетимдер үйүнө жардам кылдык. Андан тышкары акчабыз жок болсо деле өзүбүз чогулуп кары адамдардын кара жумуштарын кылып келебиз. Наргиза айымга биз жардам берели деп жүрсөк, кайра бизди каралаганы туура эмес.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg