Баяман Өмүрбек уулу, "Тумар КР" тобунун бийчиси: «ЭЛГЕ ТААНЫЛГАНЫМДА ТУУГАНЫӉМЫН ДЕП АКЧА СУРАГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

"Устаттан шакирти өтүптүр" дегендей, бийчи Атай Өмүрзаковдун окуучусу Баяман өзгөчө бийи менен дүйнөнү таӊ калтырууда. Бийчи жакында Германияда өткөн сынакта немис элин таӊ калтырып эле тим болбостон, бир сыйра жашытып да кайтты. Анда сөз башынан болсун.

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылы
Билими – Орто


– Баяман, Германияда утулуп калганыӊарда көзүӊө жаш алып ыйладыӊ. Бул кубанычтын көз жашы беле же өкүнүчтүнбү?
– Анда мен эле эмес, немистер да ыйлады го. Ошол кезде көз алдыма апамдын элеси тартылып кетти. Анткени Москвага барып апама жолукканда өтө оор турмушта жашап, иштеп жатканын көрүп зээним кейиген эле. Ошолорду эстеп ыйладым. Кубанычтын да жашы болду десем болот. Германиядагы белгилүү сынакта бийлеп жаткандыктан, аябай толкундандым. "Апамдын жаман баласы Германияны багынтып жатат" деп, жеӊбесек да элдин бизге кол чапканына эреркеп кеттим окшойт.
– Бийге болгон шыгыӊ кичинекейиӊде байкалчу беле?
– Атай байке сахнага жаӊы бийлеп чыга баштаганда мен 14 жашта элем. Аны көрүп менде бийге болгон кызыгуу жаралды. Күзгүнүн жанына туруп алып Атай байкени туурап бийлей берчүмүн. Талаада иштеп жүргөндө да жөн иштебей ар кандай кыймылдарды жасап, өзүмдү Атай байке элестетип алар элем. Жадакалса кой кайтарып жүрүп да тоодо бийлечүмүн. Кечинде Кудайдан сурап, "мен да атактуу адам болоюн, эл-жер көрөйүн" деп дуба кылып уктайт элем. Таенемди кучактап жатып "кийин көрөсүз го, мен дүйнө кезем, Атай байке менен бийлейм" деп кыялдарымды бөлүшчүмүн. Ошондо "айланайын, тилегиӊе жет, сенин белгилүү адам болоруӊа ишенем" деп таенем мени колдоп, батасын берчү.
Ал эми таякелерим алгач бийлейм деп чыкканымда "эркек бала да бийлейт бекен, кайдагыны айтпачы" деп каршы болушкан. Ага карабай алдыга умтула бердим. "Жаштын тилегин берет" дегендей эле, азыр кыялдарым орундалып келатат.
Бийлегенде да Атай байкеден өзгөчөлөнөйүн деп колдорумду кайрып бийлегенди үйрөндүм. Өзүмдө деле талант болсо керек, болбосо антип бийлеш ар кимдин эле колунан келе бербейт го.
– Таенеӊдин колунда өссөӊ, өзүӊдүн ата-энеӊ кайда эле?
– Мен 3 айлык кезимде атам менен апам ажырашып кетип, таенемдин колунда чоӊойдум. Таенем учурда 80 жаштан ашып калды. Тага журтум тарбиялап, менин адам болуп калыптанышыма чоӊ салым кошушту. Таенем аябай эркелетип өстүргөндүктөн, өтө эркемин. Өз апама караганда таенемди жакшы көрөм. Апам Орусияда иштейт. Атам ким экенин билбейм, билгим да келбейт. Анткени ал күнүгө мас болуп келип, апамды аябай сабачу экен. Апам төрөйүн деп калганда сабаган экен, боюнан түшүп калыптыр. Ошондуктан ал киши жөнүндө ойлогум келбейт.
– Таенесинин эрке баласы мектепте кандай окуду эле?
– 5-класска чейин "эӊ жакшы" деген бааларга окуп, класстын президенти болдум. Чоӊойгондон кийин окууга көӊүл бурбай койдум. 7-класстан баштап түндө көчө таптап, балдар тамеки тартса, мен да аларга кошулуп жүрдүм. Азыр ал күндөрдү эстегенден уялам. Ошонун айынан таякелеримден көп таяк жедим. Алар болбосо мен "хулиган" болуп кетмек белем, ким билет?
– Окуучу кезде сүйүүгө жолуктуӊ беле?
– Айылда өзүмдөн эки жаш кичүү кызды жактыргам. Ал экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз. Талаада иштегенде жумуштарына жардам берип турчумун. Анан мен Бишкекке келе бердим, ал күнүгө чалат "качан келесиӊ? Сени сагындым" деп. Күтө берип тажады окшойт, туулган күнүмдө "бүттү, мен сени сүйбөйм" деп көӊүлүмдү оорутуп койду.
– Демек, учурда жүрөгүӊ бош экен да?
– Мага жоош, көп сүйлөбөгөн, жан дүйнөсү таза, мени, жакындарымды сыйлаган кыздар жагат. Атай байке да "кыздар менен көп сүйлөш, тартынбай адам менен мамиле курганды үйрөнөсүӊ" деп айта берет. Айткандай эле азыр Альбина аттуу сүйлөшкөн кызым бар, музыкалык мектепте окуйт. Экөөбүз интернеттен таанышканбыз. Өзүнө ишенген, эмне кааласа көксөгөнүнө жеткен, чечкиндүү кыз. Ошол сапаты менен мени арбап алды.
– Бий дүйнөсүнө аралашып, элге таанылгандан кийин жашооӊ өзгөргөндүр?
– Ооба, Атай байке мага бийлегенди гана эмес, кийим тандаганды, чач жасалгалоону да үйрөттү. Ал мен тандаган кийимдерди эч жактырбайт. "Жүдөө кийинесиӊ" деп урушуп калат. Сыртынан жоош болуп көрүнгөнү менен, өтө шайыр, анын жанында жүрсөӊ зерикпейсиӊ.
Учурда Атай байке, мен жана 2 бала болуп чогуу жашайбыз. Күнүгө 4-5 саат бий менен машыгабыз. Бизден башка «Адем» деген тобубуз да бар. Биз чет жактарга кеткенде, алар биздин атыбыздан Кыргызстан, Казакстан, башкача айтканда, Орто Азияга чыгып турушат. «Тумар КР» Европа өлкөлөрүнө барат.
– Күйөрмандарыӊ көбөйүп калса керек?
– Мен маршруткада көп жүрөм, көргөндөр "Тумар КР", учабыз, учак" деп тийшип калышат. Айрымдары "сен бой көтөргөн бала экенсиӊ, мага жакпадыӊ" деп сөгүп салышса, айрымдары "мен сени сүйүп калдым" деп ээрчип алышат. Бейтааныш эле адамдар "сенин тууганыӊмын" деп чыгышты. Кечээ бир эже чалып, "жолугалы, мен сенин чоӊ энеӊмин" деп, жолуккан соӊ "ооруп жатам, кредитим бар эле, жардам берчи" деди эле, 100 доллар бердим.

«ТАКЫР КИТЕП ОКУБАЙМ»

  • «Тумар КР» тобу тапкан акчаны менеджерибиз теӊ бөлөт. Урушуп-талашуу деген бизде жок.
  • Атай байке баш болуп баарыбыз жума сайын сөзсүз футбол ойнойбуз.
  • Каражатты жалаӊ бийден табам. Тапкан акчам өзүмө жетет. Ашып калганын таенеме салып турам.
  • Чынында, такыр китеп окубайм, бирок интернетте көп отурам. Сериал, мультфильмди көп көрөм.
  • Эмки жылы жогорку окуу жайга тапшырып, дизайнерлик кесипке ээ болсом дейм.
  • Сүйлөшкөн кызыма көп акча корото бербейм, жадакалса Жаӊы жылда да белек бере алган жокмун.
"Мурда колумду кайрып бийлесем, эми бутумду "сындырып" бийлөөнүн үстүндө иштеп жатам".

"Эки жыл ичинде кыйла эле өзгөрдүм".

"Кой кайтарып жүрүп да тоодо бийлей берчүмүн".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ата-энем 3 айымда таштап кетишкен" дейт бийчи Баяман Өмүрбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Zapash
2015-01-13 10:09:09
Азамат, дагы да Кыргызстанды тааныта бергиле, ийгилик.
0
Oceana
2015-01-13 12:50:43
Мен кече кордум твдан,жаман уялчак бар экен,айылда жургон бала м.н азыркы Баямандын айырмасы жаман ч0о0о0н экен!
0
TAYNAYA
2015-01-13 16:12:25
Сен экообуздун тагдырыбыз окшош экен. Азаматсын алдыга умтул ар дайым алдыга. Ийгилик бар бол! Таенемди сагынып кеттимго... Баса мен да жакшы бийлейм деп кыпчылып коеюнбу)) Сен озгочосун бийлегендерин жагат..
0
kanyshaikg
2015-01-13 19:24:32
Оло сулуу да. жаман жагат. ийгилик каалайм. Чынын айтсам колуп кайрыганда аябай тан калдым даа
0
jumatka
2015-01-13 22:44:21
тагалары колун коп кайрып койгон го учурунда
-4
Oazis89
2015-01-13 23:19:44
соз жок
0
academia
2015-01-14 13:33:04
Ичинде кири жок, болгонун болгондой айтыптыр. Азамат! Дагы да бийиктиктерди багынта бер!
0
Taalaibek.
2015-01-14 15:58:26
Жаман да болсо атан.
-1
gumi94
2015-01-14 17:35:04
Азаматсын!!! Ийгилик!!! Бирок, тага журтун эле эмес, ата журтун менен да катыш болуш керек.
-1
Janybek.
2015-01-15 00:08:54
Менин братишкамда алга
0
AsmanNuru
2015-01-15 01:52:29
" Атам ким экенин билбейм,
билгим да келбейт" деген кантип болсун, ар бир кыргыз ата тегин билиши керек. Колундан келсе атанды таап ал адам менен катышып жургонун он...
-1
ACMAH
2015-01-15 11:14:49
Красавчик..
0
Afina
2015-01-15 22:44:25
Суротторун таппай жатам........ кайдан тапсам болот????
0
Bek94
2015-01-17 14:08:19
Азамат жигит бирок кичине курс окшойт.
0
daniel87
2015-01-18 00:53:46
Азаматсын дайыма алдыга жур биз сен мененбиз!
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан