Эстрада ырчысы, обончу Сыймык Бейшекеевдин сахнага чыкканына канча жыл болсо, ошончо убакыттан бери мен анын фанаты болуп келе жатам. Жанынан бир көрүүгө зар болуп, мүмкүнчүлүк издейм.
Ата-энеме түшүм жыйноого жардам берип талаада жүргөн күндөрүмдүн биринде сүйгөн ырчымдын концертинин гезиттеги жарыясына көзүм түшүп калды. Кандай шылтоо табаарымды билбей: «Ооруп жатам, үйгө барып дарыланып, 2-3 күн эс алып келейин» десем ата-энем макул болушту. Талаадан айылга келип, эми Бишкекке жетүүнүн жолун издей баштадым. Айылыбыз Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан айылдардын бири. Менде Бишкекке жеткенге жол киреге да, концертке киргенге да акча жок эле. Акыры ойлонуп олтуруп, МАИде иштеген классташымдан «Эртең мени Бишкекке салып жиберчи?!» деп сурандым. Ал эми концертке киргенге акчаны барганда көрө жатармын деп тобокелге салдым.
Эртеси түш оогондо классташым бир жеңил машинаны тосуп салып койду.
Бишкекке жээнимдикине бардым да, ошол жерден айылдагы кошунам Назгүлгө телефон чалып, ага жөн-жайымды түшүндүрдүм. Экөөбүз эртеси филармониянын эшигинде жолукмай болдук. Эртеси чыдамым кетип саат беште эле жолукчу жерибизге барып алдым. Келе турган убагы болсо да Назгүл жок. Концерт да башталды, ал дагы эле жок. Менин көңүлүм чөгө баштады. Үйүнө телефон чалсам эч ким жооп бербейт, соткасы өчүрүлгөн, үмүтүм үзүлбөй улам жол карайм.Ошентип, эшик да жабылды. Үмүтүм эми чындап үзүлүп, дубалга жөлөнүп алып ызаланып ыйлап жаттым. Ары-бери өткөндөр мени таңкалыштуу карап өтүшөт.
«Ушунча аракет кылып алыстан келип, максатыма бир кадам гана калганда жетпей калдымбы? Же бир башкалардай болуп өтүмдүү, адамдын ичи койнуна кирип, көңүлүн тапкан кыялым болсочу?! Анда минтип ыйлап олтурбай, айласын таап концертке кирип кетет элем» деп ойлоп жаттым.
Аба муздап, жамгыр жаап кирди. Киймим да жука болгондуктан, үшүп баштадым. Бирок, кетким келбей болгон ызамды ыйдан чыгарып, максатсыз тура бердим.
Концерт аяктап элдер чыга башташты. «Аман болсом башка жолу да көрөөрмүн» деп өзүмдү сооротуп жээнимдикине жөнөдүм. Бул күн концерттин акыркы күнү болчу. Концертке кирбей калганымды эстесем ичим тызылдайт.
Жамгырда суукка урунуп калсам керек, үйгө келгенден кийин бөйрөктөрүм катуу ооруду. Назгүлдү болсо ошол бойдон көрө элекмин.
Мен эми Сыймыктын келерки концертин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Эми алдын-ала даярданып, шартымды түзүп алып сөзсүз барам.
Гүлнура