Жаӊы жылга карата Нарын шаарынын борбордук аянтында муздан жасалган кулжанын айкели тургузулду. Ал тургундардын көӊүлүнө жагып, учурда анын жанында сүрөткө түшкөндөрдүн саны арбын. Муз айкелин Нарын мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти Адилет Кутбидинов жасап чыккан. «Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар» демекчи, 24 жаштагы уста жигитти кыска кепке тарттык.
– Адилет, бул муздан жасалган кулжанын айкели сенин алгачкы эмгегиӊби?
– Жок, муз айкелин биринчи жолу 2013-жылы жасап көргөм. Өзүм туулуп-өскөн Нарын облусунун Учкун айылынын жаштары болуп Жаӊы жылга карата балатынын жанына муздан Аяз ата менен Аяз кыздын айкелдерин жасаганбыз. 2014-жылы муздан тоӊдурулган жылкынын айкелин жана 2 метрлик бийиктикте Нью-Йорктогу эркиндик символу болгон от кармаган аялдын скульптурасын тургуздум. Быйыл болсо Кой жылы деп агам экөөлөп кулжанын сөлөкөтүн бир жуманын ичинде көркүнө келтирип жасадык. Күндө кечки саат 10-12лер чамасында чогулткан карга чакалап суу куюп, муз тоӊдурдук. Анан мен аны кадимки кол араа менен кескилеп, тоо текенин сөлөкөтүн чыгардым. Мүйүзүн жасоо үчүн зымды, ал эми буттары бекем болсун деп жыгач колдондук. Иштин кызуу жүргөнүнө жана өзүмдүн кызыгуум да болсо керек, айкелди жасоодо колдорум үшүгөнүн сезген деле жокмун. Болгону үйгө кирип жылынып алып, элдин «ушуну үшүп жасабай эле койбойсуӊбу» дегенине карабай кайра эле ишке киришип жаттык.
Айкел даяр болгондон кийин кулжаны Нарын шаарына алып бардык. Анын салмагы оор болгондуктан 5-6 адам унаадан араӊ жерге түшүрдүк. – Муздан айкел жасаганды кимден үйрөндүӊ?
– Атам жыгач уста болчу, 1995-жылы мен 4 жашка чыкканда кайтыш болуп кеткен. Анын чеберчилиги бизге өткөн окшойт, бир туугандарым сүрөттү жакшы тартышат. Мен болсо скульптура жасаганды үйрөнүп алдым. Кичинекей кезимде айкел көрсөм аны кечке карап, жасалышына кызыкчумун. Орусиянын телеканалдарынан муздан жасалган шаарчаларды көрүп, бизде да ушундай болсо деп самачумун. Жаштын тилегин берет экен, көздөгөн максатыма жетүүгө аракет кылып жатам.
– Алдыга койгон ой-максаттарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Нарын шаарында быйыл, буюрса, муздан айкел жасоо боюнча жарыш өтөт. Планыбызда жаныбарлардын дүйнөсүн чагылдырган муз шаарчасын жасайлы деп жатабыз. 7-январда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолуктук. Аманбай агай «эми мелдешке өзүӊө окшогон муздан айкел жасай ала турган балдарды таап чакыр» деди. Мага окшогон балдарга бир нерсеге кызыксаӊар «аны жасаш колумдан келбейт» деп коркпой, «ойлогонумду иш жүзүнө ашыра алам» деп аракет кыла бергиле деп айтар элем.
Наргиза Бекжанова
Мирбек Асаналиев
koom@super.kg