«Спам», «СМС», «Блютуз», «ПИН-код». Күндөлүк турмушта бул сөздөрдү көпчүлүгүбүз колдонуп келебиз. Бирок алардын кайдан, ким тарабынан табылганы баарыбызга кызык болсо керек. Билгенибиз болсо дагы окуп, биле элегибиз билип алалы.СМС
Ооз менен айта албай жаткан сөздөрүбүздү телефондон СМС аркылуу жиберип, «ох» деп алабыз. Бирок баарыбыз эле СМС деген түшүнүктү ким, качан, эмне себептен ойлоп тапканы тууралуу биле бербейбиз же кызыкпайбыз. СМСти чечмелей келгенде англис тилинен «Short Message Service», бизче «кыска кабар берүү кызматы» деген түшүнүктү берет. Аталган кызматты 1984-жылдан тарта иштеп чыгууну бир топ компаниянын инженерлери ойлой башташкан. Ал ой 1992-жылы декабрда жүзөгө ашып, «Vodafone» компаниясынын инженери Нейл Пэпуорс өзүнүн телефонунан кесиптешине алгачкы «Рождество майрамыӊ менен!» деген СМС жиберген.
Бүгүнкү күндө бул кызмат кеӊири жайылып, 2014-жылга карата алынган статистика боюнча бир күндө дүйнө жүзүндө 200 000, жылына 7 триллион СМС жазылары аныкталган. Бул кызматты колдонууну мыкты өздөштүргөн америкалык Остин Виршке 149 символду 39 секундда жазганга жетишип, 50 000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты бөктөрүп кетсе, 2011-жылы Юта штатында мектеп окуучусу бир убакта 667 адамга «жолдо жүргөндө этият болгула» деген кат жиберип рекорд койгон. Бул ийгилиги үчүн ал «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген. Ал эми 97 жаштагы америкалык жазуучу Герман Вук 2012-жылы 20 жылдан бери чогулган СМСтеринен «Конгрессмен» аттуу китеп чыгарган.СПАМ
Азыр техниканын заманы, дээрлик бардыгыбыз социалдык тармактарга канча бир убакытыбызды коротобуз. Кээде интернет дарегибизге бейтааныш колдонуучулардан келген тажатма жарнактар мазаӊды кетирет. Мисалы, «бир айда 100 000$ тапсаӊыз болот», «төмөнкү билдирүүнү дагы 10 адамга таратсаӊ 3 күндөн кийин бактыӊа жолугасыӊ, таратпасаӊ бактыӊдан куру каласыӊ» деген сыяктуу. Мындай интернет илдет спам деп аталат. Муну менен ар кандай жарнамаларды эле жибербестен, вирустарды таратуунун оӊой жолу ачылган. Спамды жайылтуучуларды спамерлер деп коюшат.
Терминдин келип чыгышы тээ 1937-жылга барып такалат. Белгилүү «Hornel foods» фирмасы чочконун этинен даярдалган жаӊы консерваларды чыгарып, ага эӊ мыкты аталыш деген сынак жарыялайт. Жыйынтыгында радиоактёр Кеннет Деню «спам» деген уккулуктуу ысым айтканы менен жеӊишке жетишкен.
БЛЮТУЗ
Bluetooth («Blеtand») – Дания элинин тилинен которгондо «көк тиштүү» деген түшүнүктү берет. Даниянын мындан бир канча кылым илгерки падышасы Харальд Блетанн (Harald Blеtann) Дания менен Норвегияны бир королдукка бириктирген. «Blе» Cкандинавия өлкөлөрүнүн азыркы тилинде «көк» деген маанини билдирет. Бирок ошол мезгилде «кара» деген маани бергендиги айтылат. Ошондон улам падыша «Harald Blacktooth» деген ысым алып жүрүш керек дегендер да болуп, туура мааниси Harald Bluetooth дегенге токтолушкан.
Блютуз термини телекоммуникацияда 1994-жылдан баштап колдонула баштаган. Ал азыркы күндө бири-биринен 100 метрден алыс эмес жайгашкан компьютер, телефон, принтер, фотоаппарат жана башка аппараттардан маалымат алмашуу үчүн колдонулат.ПИН-код
ПИН-код англис тилинен которгондо «жекече өздүк номер» дегенди билдирет. Аны шотландиялык инженер Жеймс Гудфеллоу 1965-жылы ойлоп таап, патенттеген. Алгач ал картон картасынан акча алуу кызматын ишке киргизген. Бул кызматты ишке киргизүүдө алгачкы жолу ПИН-код колдонулган.АВАТАР
Индуизмде аватар деген сөз «Кудай сымал», «Кудайды өз ичине камтыган зат» дегенди түшүндүрөт. Аватар технологияда 1985-жылы Ultima компьютер оюнунун 4-бөлүгүндө колдонулган. Ал эми социалдык тармактарда аватарды интернет колдонуучунун графикалык элеси деп түшүнөбүз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg