«Койдун сүтү коргошун, кой бордогон оӊ жосун» демекчи, кой-козу, кочкор багып саткан кирешелүү иш. Айрыкча кышкысын мал эттен түшүп, бычак урганга семиз мал табылышы кыйын болот эмеспи. Эгерде сиздин мал багууга шартыӊыз болсо, кышкысын кой-козу, кочкор багып пайда тапсаӊыз болот.
КОЙ СЕМИРТҮҮНҮН ЫКМАСЫ
Бишкек шаарынын жаӊы конуштарынын биринде кой багып пайда таап жаткан Канымет Шыгаев өзүнүн чакан бизнеси тууралуу буларга токтолду:
– Негизи 20-30 койду бир багуу ыӊгайлуу. Көпкө чама-чаркы келбегендер 5-10 койду деле багып жатышат. Мен койлорду багууга киргизерден мурун сөзсүз мал доктурга көрсөтүп алам. Анткени дени сак мал бат семирет жана сатып алып жеген адам үчүн дагы коопсуз. Денесиндеги бит, кенесине каршы ивермек сайдырып, ичиндеги куртун түшүрүү үчүн альбен дарыларын беребиз.
Сенаж (бедени казылган ороого салып, туз кошуп даярдаган малга берчү азык), жүгөрү, арпа берип багам. Чөптөн болсо беде малга жугумдуу. Таластык туугандар төө буурчак берип багып жүрүшөт. Майлуу болгондуктан малды бат көтөрөт экен. Туз багылган мал үчүн абадай зарыл. Үч күндө бир берип турам. Тузга канган мал жебей коюшу мүмкүн, андай учурда тузду жемге аралаштырып жиберем. Алып сатуучулук да өзүнчө өнөр. Тирүү турган малдын канча салмак берерин, семиз-арыктыгын теринин сыртынан аӊдап, аны бир адамдан алып, экинчисине сатат. Мындай бизнести 7 жылдан бери аркалап келаткан Кубаныч Макешов алып сатуунун жол-жоболору менен бөлүштү:
– Биз Жумгал, Нарын, Каракол, Ат-Башыдан мал алып келебиз, мындан тышкары Чүйдүн, Бишкектин чет жакаларынан байлап саткандардан алабыз. Базарга 30-40 баш козу-кой алып келебиз. Кудайдын куттуу күнү базар десек болот. Борборубузда элдин саны көп болгондуктан, күнүнө соодадан куру эмеспиз. Кээ күндөрү 10 башка чейин сатабыз. Өтпөй калгандарын базарда кармап, жем-чөбүн берип турабыз. Малдын баасы анын көлөмүнө, эттүүлүгүнө жараша. Кочкор этти көп бергендиктен эт саткандар алышат. Ириктерге жана койлорго да суроо-талап жогору.
Алып сатуучулуктан тапкан кирешем, Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү бакканга жетет. Алып сатуучулук тобокелдин иши. Айрым учурда пайда тапсак, кээде алган баасын актабай калат. Нарын, Ысык-Көл облустарынан алган койлордун ар бирине 200 сом жол кире төлөп алып келебиз. 60 сомго жүнүн кырктырабыз. Сатылып бүткөнчө жем-чөбү бар дегендей. Айылдардан сатылып алынган койлорду, сатармандардын тили менен айтканда, «сулуулук салондон» өткөзүшөт. Базарда койду сулуулап кыркып берген адамдар бар. Шуулдата кой жүнүн кыркып жаткан Уланбек Абдыкадыров бир койду 3 мүнөттө кыркып бүтөрүн айтып төмөнкүлөргө токтолду:
– Базарга кой алып келгендер канча кой кырктырса, ошого жараша биздин дагы кирешебиз жогорулайт. Бул жерде төрт адам кызмат көрсөтөбүз. Бир баш койду 60 сомго кыркып беребиз. Айына
4 миӊдей кой кыркылат. Ар бирибиз 60 миӊ сом акча табабыз. Ким шамдагайлык кылып көп кой кыркса, анын кирешеси жогору.
Кой-козу үчүн
Тажикстан менен Өзбекстанда кочкорго суроо-талап күч болгондуктан, өлкөнүн түштүгүндө бул жандыкты багып-сатып тиричилик кылгандар көп.Лейлек районунун тургуну Абдыкуттуз Арзыбаев кочкор сатып алып, белгилүү мөөнөткө чейин баккан соӊ кайра сатып киреше табат.
– Абдыкуттуз мырза, кочкор алып жатканда эмнесине көӊүл буруу керек?
– Эгерде союш үчүн кочкор ала турган болсоӊуз, анда семиз, куйругу чыккан, башы чоӊун алсаӊыз, эти берекелүү болот. Ал эми бизнес кылып, багып сатуу максатында алам десеӊиз, 6-7 айлык жаш козуну алыш керек. Себеби мындай курактагы козулар бат жетилгендиктен, 6-7 айдын ичинде эле сатканга даяр болуп калышат. Ошону менен катар анын сырткы келбетине дагы баам салып, башы чоӊ, тулку-бою узун, куйругу чоӊоё турганына көӊүл буруу шарт. Мындан тышкары анын породасына дагы басым жасоо керек.
– Азыркы тапта кандай породадагы кочкорлор өтүмдүү?
– Лейлек чөлкөмүндөгү мал базарларда Тажикстандан келген гиссар кочкорлору менен өзүбүздүн кара кочкорлорго болгон талап жогору. Тажикстан менен чектешкендиктен, тажик туугандар ушул породадагы кочкорлорду калтырбай алып кетишет. Мындан тышкары бул породадагы кочкорлор Бишкектеги мал базарларда дагы өтүмдүү болуп жатат.
– Гиссар кочкору менен кара кочкордун айырмасы кандай?
– Гиссар кочкорлор кара кочкорго салыштырмалуу көлөмдүү келет. Куйругу дагы чоӊ болот. Жакшы багылган болсо, 1,5-2 жаштагысы 130-150 килограммга чейин эт берет. Баасы 35-40 миӊ сомго чейин болот. Ал эми кара кочкорлор буга салыштырмалуу арзаныраак жана кичине келет.Мусурманкул Садиров, Лейлек районунун тургуну, сатуучу:
– Мусурманкул мырза, кочкорду кантип семиртесиз?
– Кочкорду семиртүү үчүн күн сайын жем-чөбүн, суусун өз убагында берип туруу абзел. Эртеӊ менен, кечинде арпа бериш керек. Арпаны адегенде 200 граммдан баштап, бара-бара күнүнө 2-2,5 килограммга чейин арпа жей турган болот. Качан гана жеткен чекке жетип, андан ары жей албай калганда кочкорду базарга алып чыгып сата берсеӊиз болот.
– Кандай жайда багуу зарыл?
– Кургак жана салкын жайда багуу туура болот. Себеби кочкор ысыкта турса эттенбейт. Андыктан жайында салкын, кышында жылуу сарайдын ичинде багуу керек. Эргеш Мамасалиев, Тажикстандын Пролетарск районунун тургуну, сатуучу:
– Эргеш мырза, Кыргызстанга дайыма келип турасызбы?
– Аба ырайына карайм. Күн жылууда келип, кочкорлорду сатып алам. Мен жашаган аймакта жума күнү мал базар болот. Ошого карата Лейлектен Тажикстанга сатып алып кетем. 3-4 күн баккан соӊ базарга чыгарып сатып жиберем.
– Эмне үчүн кочкорго басым жасайсыз?
– Себеби Тажикстандын климаты нымдуу келет. Кочкордун этинде, куйругунда пайдалуу заттар көп болгондуктан, денеге өткөн суукту тез кууп чыгат. Мындан тышкары тажиктер той-мааракелерде дагы кочкорду союшат. Ошондуктан кочкорго болгон талап жогору.
Бир кочкор үчүн
Султан Төрөбеков,
Темирбек Матаев
kenesh@super.kg