12-январь күнү Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты футболчулар аныкталды. Анын жыйынтыгында, дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгы португалиялык Криштиану Роналдуга ("Реал Мадрид" клубу) ыйгарылды. Ал мунусу менен 2-ирет катары менен, жалпысы 3-жолу дүйнөнүн мыктысы аталып отурат.
ТАЛАПКЕРЛЕР ТИЗМЕГИ
2014-жылдын мыкты футболчусуна Криштиану Роналду, Лионель Месси жана Мануэль Нойер ат салышты. Жыйынтыгында ийгилик Роналдуга жылмайып, ал атаандаштарын басып өтө алды.
Роналду 2014-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуу менен катар, башкы бомбардири боло алган. Ошондой эле ар бир оюнда көзгө толумдуу оюн көрсөтүп, жыл ичинде жалпы расмий оюндарда 67 гол киргизе алды. Жыйынтыгында «гол-машинасы» аталып, анын Дүйнө чемпиондугундагы натыйжасыз оюну көлөкөдө калып калды.
Ал эми анын башкы атаандашы Лионель Месси бул жылы мундиалда мыкты ойноп, Аргентинаны финалга чейин сүйрөп барса да, клубдук оюндарда өз деӊгээлинен төмөн ойноду.
Үчүнчү талапкер Германия жана Бавариянын дарбазачысы Мануэль Нойер азыркы футболдогу дөө-шаалардын арасында ордун таба алды. Дүйнө чемпиондугунун мыкты дарбазачысы аталып, учурда «Бавариянын» алмашкыс №1-оюнчусу болуп келет.
МЕССИ ЖЕӉИШКЕ БИР КАДАМ ЖЕТПЕЙ...
Салтанаттуу кеченин ток этер маалы да келип, атактуу француз футболчусу Тьерри Анри «Алтын топ» жеӊүүчүсүн атаганда эч ким таӊ калган жок. «Бул чек эмес. Дагы бир канча жыл жогорку деӊгээлде футбол көрсөтсөм дейм. Ошондой эле Мессиге да жетишим керек» деп билдирди дүйнөнүн мыкты футболчусу.
Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында экинчи орунга аргентиналык Лионель Месси татыды. Ал: «Чындыгында, Роналду менен Нойердин арасында менин жеӊишим күмөн эле. Кантсе да 2014-жыл Роналду үчүн ийгиликтүү жылдардан болду»,- деп билдирди.ө
Ал эми Мануэль Нойер бардыгы адилеттүү болгонун белгилеп, «Бул мыктылардын үчилтигине илингеним эле мен үчүн керемет. Акыркы жылдары футбол талаасында Месси менен Роналду көрүнүктүү оюн көргөзүп келишет» деп айтып өттү.КИМ КИМГЕ ДОБУШ БЕРДИ?
• Роналду жана Месси өз добуштарында бири-бирин мыктылардын катарына кошушкан жок. Экөө теӊ өз командасында ойногон футболчуларга добуш ыйгарышты. Роналду Серхио Рамосту мыкты деп тапса, ал эми Месси Анхель Ди Марияны колдоду.
• Белгилүү дарбазачылар Икер Касильяс жана Жанлуиджи Буффон өз кесиптеши Нойерди алдыӊкы сапка чыгарышкан жок. Эки дарбазачы теӊ Криштиану Роналдуга добуштарын беришти.
• Ал эми Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин "Бавариянын" чабуулчусу Томас Мюллерди колдосо, курама команданын капитаны Азамат Байматов Роналдуну биринчи сапка койду.
СЫЙЛЫК ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:
• Мыктыларды аныктоого 181 курама команданын башкы машыктыруучулары, 182 капитан жана 181 журналист катышкан.
• Добуш берүүнүн жыйынтыгында Роналду 1844 упай алды. Бул жалпы добуштун 37,7 пайызы. Месси 15,76 пайыз, Нойер 15,72 пайыз.
• Төрт гана журналист өз добушунда Мессини 1-сапка койгон. Ага салыштырмалуу Роналдуга 96 жана Нойерге 31 журналист добуш берген.
• Роналду «Алтын топ» сыйлыгын 3 ирет утуп алган Марко ван Бастен, Мишель Платини жана Йохан Кройф сыяктуу белгилүү футболчулардын катарын толуктады. Алдыда бул
сыйлыкты 4 ирет утуп алган Месси бар.
• Месси мыктылардын үчилтигине 8-жолу кирди. Ал 2-орунду 3-ирет алып отурат.
• Нойер футбол тарыхында мыкты үчилтикке кирген 6-дарбазачы. Мындайга акыркы жолу 2006-жылы Буффон (Италия) илинген.
ЖАЛПЫ БАГЫНТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ:
МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД КУРАМЫНДА:
УЕФА Чемпиондор Лигасынын жеӊүүчүсү (2008-жыл)
Англия чемпиондугу (2006-2009-жылдар)
РЕАЛ МАДРИД КУРАМЫНДА:
Испания чемпиондугу (2012-жыл)
Испания кубогу (2011-жыл)
ПОРТУГАЛИЯ КУРАМЫНДА:
Европа чемпиондугунда 2-орун (2004-жыл), 3-орун (2012-жыл)
«Алтын топ» ээси – (2008-2013-жылдар)
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg